Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Данияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Данияга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад Данияга үчүнчү иш сапарын жасады

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 4-майында Лондондон кыска мөөнөттүү рейс аркылуу Копенгаген, Данияга келди.

2016-05-04-DK-Copenhagen-Arrival-001

Копенгаген аэропортуна келип түшкөндө, ал киши Даниядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти – Урматтуу Мухаммад Закария тарабынан тосулуп алынды, анан «Нусрат Жахан» мечитине эскорттолуп барып, ал жерде топтолгон жүздөгөн Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар тарабынан тосулуп алынды.

2016-05-04-DK-Copenhagen-Arrival-002

Кийинчерээк ал киши мечиттин ремонт кылынган жана кеңгейтилген имаратын көрүүдөн мурда Пешин жана Дигер намазына имамчылык кылды.

2016-05-04-DK-Copenhagen-Arrival-003

Иш сапарынын аралыгында ал киши Копенгагендеги «Нусрат Жахан» мечитинен өзүнүн жумалык жума кутбасын окуйт жана анын иш сапарынын урматына өткөрүлө турган атайын кечеге да тарыхый кайрылуусун жасайт.

2016-05-04-DK-Copenhagen-Arrival-004

Ал киши сыйлуу инсандар жана коноктор менен да жолугушат, ошондой эле Данияда жашаган Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү менен жекече жолугушууларды да өткөрөт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via