Маршалл аралдарындагы бир улуттук базарда болгон Ахмадия Мусулман Жамаатынын көргөзмөсү

Маршалл аралдарынын өкмөтү 2020-жылдын 12-декабрында бир улуттук базарды ишке киргизди, анда ар кандай уюмдар өз продукцияларын сатууга мүмкүнчүлүк алды. Аллах Тааланын берешендиги менен Маршалл аралдарындагы Ахмадия Мусулман Жамааты да ага катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Жамаатыбыз тарабынан китептер сунушталып, анда Ыйык Курандын көргөзмөсү да болгон. Көргөзмөгө Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын китептери, Жамаатыбыздын жергиликтүү маалымат бюллетени (Мерам Эо), Каабанын үлгүсү жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын сүрөтү коюлган.
Маршалл аралдарынын Лажнасы да аталган «көргөзмөгө» катышып, «текчеге» сатуу үчүн май, бышырылган тоок жана «чаначат» даярдаган.
Жүздөгөн адамдар аталган базарды көрүүгө келишти жана Жамаат тарабынан жасалган Каабанын макети жана Ыйык Курандын көргөзмөсү көңүл борборунда болду. Ошондой эле көптөгөн адамдар менен баарлашууга жана алардын суроолоруна жооп берүүгө мүмкүнчүлүк алдык.
Аллах Тааланын берешендиги менен 12 китеп сатылып, 164 маалымат бюллетени да таратылды. Ошо сыяктуу эле, 47 табак тамак да сатылган.
Дүкөнгө Улуттук гезиттин жана Улуттук ТВнын өкүлдөрү дагы келишти.
(Репортажды даярдаган: Саажид Икбал – Жамаатыбыздын миссионери жана Ал-Фазл Интернейшналдын өкүлү)