Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад ушул сапар учурунда жаӊы мечиттерди ачат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2017-жылдын 8-апрелинде Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитине келди.

Учурлук Халифа Лондон шаарынан автоунаа менен сапар тартты жана Европа аймагына өтөөрү менен Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза жана бир топ башка кызматтарда иштеген адамдар тарабынан тосулуп алынды.

Ал Азирети Франкфурт шаарын көздөй өз сапарын улантып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:40та «Байтус-Субух» мечитине келди. Ал жерге келген жүздөгөн Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана жаш балдар өздөрүнүн руханий Жетекчисин дагы бир жолу көрүп, чоң кубанычта болушту.

Жетип келгенден бир аздан кийин Ал Азирети шам менен куптан намаздарына имамчылык кылды.

Иш сапарынын аралыгында Ал Азирети бир топ жаӊы мечиттерди ачат же аларга алгачкы ташын коёт. Ал Азирети миӊдеген Ахмадий мусулмандар менен жекече жолугушат жана бир топ жыйындарды да өткөрөт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via