Нигердин саламаттыкты сактоо министри менен жолугушуу жөнүндө
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Нигердин саламаттыкты сактоо министри менен жолугушуу жөнүндө

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Африка

2020-жылдын 19-августунда, Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири, Урматтуу Асад Мужийб мырза Нигердин Саламаттыкты сактоо министри, Улуу Урматтуу Доктор Ильясу Минасра мырза менен анын кеӊсесинде жолугушту. Жолугушуунун максаты –Ислам Ахмадияттын кабарын Нигердин бийлик өкүлдөрүнө жеткирүү жана жакынкы аралыкта Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан курула турган биринчи клиника боюнча жетекчиликти жана кызматташтыкты алуу болчу.

Бул жолугушууда урматтуу Амир Сахиб Саламаттыкты сактоо министрине Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын кабарын тааныштырды. Ал Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын өсүп-өнүгүүлөрү жөнүндө кыскача баяндама жасады жана биздин сүйүктүү Хузурубуз (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) менен тааныштырды. Кийинчерээк урматтуу министрге Ыйык Куран жана «Ислам окууларынын философиясы» аттуу китептин французча котормосун белек катары тапшырылды. Ал-Хамдулиллах![1]

Азирети Амирул-Му′минийн[2] Нигерде бир клиника курууга уруксат берди. Клиниканын курулушу үчүн иш кагаздары даярдала башталды. Амир Сахиб министрдин кызматташтыгын суранды, натыйжада министр дароо кызыкдар болгон директорлор менен катчыларга Ахмадия Мусулман Жамаатынын клиникасын куруу үчүн талап кылынган документтерге байланыштуу бардык кызматташтыкты жана шарттарды түзүп берүүгө милдеттендирди. Фал-Хамдулиллаахи алаа заалик.[3]

(Репортажды даярдаган: Каусар Жамийл, «Ал-Фазл Интернейшнал» газетинин өкүлү)

٭…٭…٭

[1] Аллахка чексиз мактоолор болсун!

[2] Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун).

[3] Аллахка чексиз мактоолор болсун!

Чектеш темалардын мазмуну
Share via