Урматтуу Мухаммад Саамих Марван ал-Маданий мырза • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Урматтуу Мухаммад Саамих Марван ал-Маданий мырза

Урматтуу Мухаммад Саамих Марван ал-Маданий мырза Сириядан болот, 1987-жылы төрөлгөн. Анан 2009-жылы Алла Таала ага Ахмадия Мусулман Жамаатына кирүү мүмкүнчүлүгүн насип эткен. Ал киши өзүнүн ушул руханий сапарынын ахвалын мына ушундай деп айтып берет:

«Мен кандайдыр бир орточо мусулман үй-бүлөсүнөн болом. Менин атам Шейх Мухаммад Саъийд Рамазан Ал-Батий жана Шейх Мухаммад Ратиб Ан-Набласий ж.б. шейхтердин сабактарына үзгүлтүксүз катышчу жана мени да өзү менен бирге алып барчу. Мага ошол экөөсүнүн арасынан Шейх Мухаммад Ратиб Ан-Набласий мырзанын сабагы жакчу эле. Бирок, ар кандай себептердин айынан ушул иш улана албай, бат эле мына ошондой шейхтерден тоюп калдым.

ТЕЛЕВИЗОР – «ДАЖЖАЛ»

Али аттуу бир досум бар болчу. Ал жаш жагынан менден он беш жыл улуу болсо да, бирок достугубуз аябай терең болчу. Ал досум Муътазила[1] ойлоруна ээ болчу жана Дамаск шаарындагы Шейх Абдул Хадий Ал-Баний мырзаны ээрчигендерден болчу. Аны менен ар кандай маселелерде жүргүзгөн талкуулардын аралыгында айрым маселелер жөнүндө алардын ой-пикирлерин акылга сыярлык жана мыкты экенин сездим. Мисалы, алар «дажжал» деп телевизорду түшүнүшөт. Хадистин сөздөрүнөн белгилүү болгондой, «дажжал» кээ бир адамдарды өлтүрөт, кээ бирлерди тирилтет дагы, ошондой эле жаан-чачынды да жаадырат. Ошондон улам досум төмөндөгүдөй көз карашка ээ болчу: эгер телевизорду көрсөк, андагы кээ бир драмаларында айрым адамдар өлтүрүлүп жиберилет, анан башка драмада ошолор кайрадан тирүү деп көрүнөт. Кудум ошондой драмаларда жамгыр жааганындай көрүнөт, ал эми чындыгында трубалар аркылуу жогору жактан суу жаадырылып мына ошондой маанай жаратылат.

ЭКИ «АМИЙН» ЖАНА БИР «БААНИ»

Али мырзанын көптөгөн ой-пикирлерине кошулбасам дагы, бирок анын ой-пикирлеринен мусулмандардын акыйдаларына (ишенимдерине) кандай беймаани нерселер кирип кеткендиги маалым болду. Мен анын кептерин угуп, анын чечмелерин жактырчу элем, анткени анын жамааты бидъат (динге жаңылык киргизүү) акыйдаларына катуу каршы болчу жана ошол акыйдалардын (түпкү) акыйкатын баяндоо үчүн ар дайым акылга сыярлык тафсирди сунуш кылчу. Бирок алардын жамаатына кирүүдөн мени токтотуп турган нерсе: ал жамаат мүчөлөрүнүн ошол бардык акыйдалары жөнүндө эч кимге айтышпайт эле, тескерисинче алардын жамаатына кирмекчи болгон адам ар кандай баскычтардан өтүүгө аргасыз болчу, андан кийин ага ушул жамааттын мечитине кирүүгө жана алардын шейхи менен жолугушууга уруксат берилчү. Мына ушундан улам алардыкында шейхке чоң сый-урмат көрсөтүлөт. Качан мен аша чаап чектен тышкары даражада шейхке көрсөтүлүүчү сый-урмат жөнүндө суроо бергенимде, мага төмөнкүдөй жооп берилген: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кайсы бир хадисинде менин үммөтүмдө эки «Амийн» жана бир «Баний» болот деп кезигет. Алардын акыйдасы мындай: эки «Амийн» деген – Шейх Амийн Куфтаар жана Шейх Амийн Шеху, ал эми «Бааний» деген – Шейх Абдул Хадий Ал-Бааний. Аябай изилденгенден кийин дагы ал хадис мага табылбай калды, эгер табылса дагы, анын санадына, сөздөрүнө жана маанилерине эмне деген суроолор көтөрүлмөк? Кыскасы, бул нерсе мага «сиңе» албай калды. Ошондуктан, бир аз убакыттан кийин мен аталган жамааттан алыстап кеттим. Бирок досум менен достук алака-байланышым ошол бойдон калды. Мен ал жамааттан көп нерселерди үйрөндүм. Баарынан да көбүрөөк бир канча жалган акыйдалар жөнүндө маалыматтар, анан алардан кутулуу мага насип этилди.

АХМАДИЯ МУСУЛМАН ЖАМААТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ

Бир аз убакыттан кийин менин ошол досум Мухаммад Ал-Жерудий жана Мухаммад Ан-Нихас аттуу эки Ахмадий мусулман менен жолугушту. Алар менин досума Ахмадияга даават кылышты, ага Ахмадия Мусулман Жамаатынын акыйдалары жана ой-пикирлери аябай жакты. Ал ошол эки Ахмадий мусулмандан Жамаат жөнүндөгү ой-пикирлерди угуп, мага келип ошолордун баарын мага айтып берчү жана бул жөнүндө мен менен ой-пикир алмаштырчу. Ахмадия Мусулман Жамааты жөнүндө ал мага айтып берген кептердин көбүнө мен кошулчумун, анткени Ахмадия Мусулман Жамаатынын далилдери абдан күчтүү жана жалпыга түшүнүктүү болчу. Ушул маселелерде Ыйса (алайхиссалаам)дын өлүмү, Дажжалдын акыйкаты жана «Наасих-Мансухтун» жокко чыгарылуусу сыяктуу акыйдалар болчу. Ушул кептер менде Жамаат жөнүндө билүү кызыгуусун жаратчу жана жүрөгүм Жамаат жакка ооп кетчү, бирок анык бир жайга барып мен токтоп калчумун жана негизи жок ар түрдүү ойлор мени курчоосуна алып алчу. Мен: «Баары жакшы, бирок эмнеге Ахмадийлер башкалардын аркасында туруп намаз окушпайт?» – деп ойлочу элем. Мына ушуну ойлоп, мен Ахмадиядан гана эмес, бардык агымдардан алыстап кеттим жана намазга, Тахажжудга ж.б. ибадаттарга көңүл бурдум. Ал-хамдулиллах, менин руханий абалым анча жакшырып калды. Бир аз убакыттан кийин молдокелердин аркасында туруп менин намазымдын даамы кетти жана ушул ахвалдан тажап, мен бардык молдолорду таштап, жалгыз эле намаз окуй баштадым.

АХМАД ДУРРА МЫРЗАНЫН ЫЙМАНДАРДЫ КҮЧТӨНДҮРҮҮЧҮ ОКУЯСЫ

Бир аз мөөнөттөн кийин өз досум менен байланышканымда, анын байъат бергенин билип айран-таң калдым. Ал киши өзүнүн бир тууганынын жана бөлөсүнүн да байъат бергенин айтып берди. Менин досумдун бир тууганы – Ахмад Дурра мырза мага өзүнүн байъат бергендиги жөнүндөгү ахвалын да айтып берди, аны угуп менин жүрөгүм катуу таасир алды. Ал мындай деп айтып берген: жогорудагы бардык кептерди кабыл кылгандыгыма карабастан Ыйса (алайхиссалаам)дын өлүм маселесине келип токтоп калчумун, себеби узак убакыттан бери Ыйса (алайхиссалаам)дын асмандан түшүүсүн күтүп, Ыйса (алайхиссалаам)дын кошуунуна кошулуп, Байтул-Мукаддисти азат кылдыруу деген байыркы тилек ичимде бар болчу. Ыйса (алайхиссалаам)дын каза тапкандыгы жөнүндө угуп, ал элестеткен жихад жөнүндөгү бардык «түштөрүм» талкаланып калды. Бир күнү анын үйүндө кээ бир Ахмадий туугандар отурушкан болчу, алардын арасында урматтуу Муътазил-Казак мырза да бар болчу. Ушул убакыт аралыгында качан Ыйса (алайхиссалаам)дын каза тапкандыгы деген темада сөз болгондо, Ахмад Дурра мырза: «Мен силер – Ахмадийлерге Алла Тааланын атын ортого салып, бүгүнкү күндөн тартып Ыйса (алайхиссалаам)дын каза тапкандыгы деген маселеде мени менен сүйлөшпөгүлө», – деп айтам деди. Урматтуу Муътазил-Казак мырза мындай деген: «Менин дагы бир өтүнүчүм бар, бул маселеде сиз Алла Тааладан багыттоосу үчүн дуба кылыңыз. Себеби, Алла Таала мындай деп айтат:

Марван 1

Окулушу: изаа са-ала-ка ибаа-дий анний фа-инний карий-бун у-жий-бу даъва-тад-дааъи изаа даъаа-ний (2:187)

Эй, Пайгамбар! Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашканда, албетте, Мен жакынмын. Дуба кылуучу адам Мени чакырганда, Мен анын дубасына жооп кайтарам (2:187).

Ахмад Дурра мырза: «Ушул нерсе Курани Каримде жазылганбы?» – деп сурады. Муътазил-Казак мырза жылмайып: «Ооба!» – деп жооп берди.

Андан кийин эмне болду дегилечи. Ахмад Дурра мырза ошол эле кечеден баштап жалынып-жалбарып дуба кыла баштады. Кечкисинде уктаганда төмөнкүдөй түш көрдү: кайсы бир бийик жерди көздөй жол алган экенмин. Жолдо жердин бөлүгү көрүнөт, ага кадам коёру менен ал аны кандайдыр бир терең жарга түртүп жатканын сезип калат. Ушул сар-санаалыкта бир адам аны желкесинен кармап, көтөрүп алат жана мындай деп айтат: «Эй, Абу Хасан! (Бул Ахмад Дурра мырзанын ылакабы) мындан ары ушул жерге такыр келбе жана Ыйса (алайхиссалаам)дын каза тапканына ишенип ал». Анан ал киши мындай деп айтты: «Мейли, эми өз жолуңда жүрө бер». Качан Ахмад Дурра мырза ойгонгондо, бир тууганына телефон чалып, Муътазил-Казак мырзанын алдына барышым керек деди. Анан экөө тең Муътаз мырзанын үйүнө жетишкенде, үйгө кирээрде эле дубалга асылган бир сүрөттү көрүп, Ахмад Дурра мырза айран-таң болуп калды жана ушул сүрөт кимдики деп сурады? Муътазил-Казак мырза бул сүрөт Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дыкы деп жооп берди. Ушуну угаары менен Ахмад Дурра мырза аябай толкунданып, азыр эле байъат бермекчимин деп айтты. Суралганда, Ахмад Дурра мырза көргөн түшүнүн баарын айтып берди: сиздин бөлмөңүздүн дубалына илинген сүрөт ошол менин түшүмө кирип, желкелеримен кармап, мени баткак сыяктуу ылайдан чыгарып, Азирети Ыйса (алайхиссалаам) каза тапкан деп айткан инсандыкы.

АХМАДИЯНЫ КАБЫЛ КЫЛГАНДЫГЫ

Ахмад Дурра мырзанын башынан өткөнүн угуп, мен катуу таасирлендим жана Ахмадия жөнүндө изилденүү тилеги менде кайрадан пайда болду. Ал убакытта ал жерде Абдул Кадыр Ауэде мырза аттуу бир Ахмадий жигит башка Ахмадий жаштарга сабак өтөчү. Анын ой-пикирлери мага аябай жакчу. Ал киши бардык маселелерди чечмелеген соң бир күнү: «Сиз эмнени күтүп жатасыз?» – деп мага суроо берди. «Мен азырынча дагы изилденмекчмин», – деп жооп бердим. Бир аз күндөрдөн кийин Юсуф Раъд аттуу бир Нау-Мубаайъ[2] келди жана биз жиндер жөнүндө сүйлөшүп отурганыбызда, Абдул Кадыр Ауэде мырза да келип калды жана мындай деди: «Эгер кайсы бир маселе жөнүндө кандайдыр бир шек-күмөнүңүз болсо, сурасаңыз болот?» Мен адаттагыдай, шек-күмөнүм деле жок, бирок дагы маалымат алмакчымын дедим. Менин сөзүмдү угуп, Юсуф Раъд мырза мындай деди: «Таң калыштуусу, Ахмадия менен тааныша электе биз жаралуу максатыбызды дагы билчү эмеспиз. Эми Ахмадиянын аркасынан ушул нерселерди билип алганыбыздан кийин азыр Убада кылынган Масийхка байъат берүүдөн мурда бардыгын билмекчибиз деп айтабыз». Ал киши демекчи: бардык нерселер ачык-айкын болуп калган соң байъат берүүдөн кечибешибиз керек, кененирээк, илим-билимди кийинчерээк үйрөнсө да болот. Анын ушул сөздөрү мага жакты жана мен дароо байъат берүүнү жарыялап салдым. Мени менен бир-эки досум да кудум ошондой баскычтан өтүп жатышкан болчу. Менин байъат берүүм жөнүндө угуп, алар да байъат берүү чечимине келишти. Ал күнү үчөөбүз чогуу байъат анкетасын толтурдук.

Качан мага Учурлук Халифа – Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азийз) тарабынан байъатыма кайтарылган жооп келгенде, мен аябай катуу кубандым. Ал убакыттан баштап, бүгүнкү күнгө чейин Учурлук Халифанын кутбаларын угуудан тышкары алардын котормосун да окуйм жана ушул руханий азык-түлүктөн пайдаланып жатам.

КАРШЫЛЫККА КАБЫЛУУ

Байъат бергенден кийин Ахмадийлер менен байланышуумдун себебинен үй-бүлөм тарабынан бир топ кыйынчылыктарга кабылууга аргасыз болдум. Менин атам молдолорго катуу басмырланган болчу. Алар атамды: «Уулуңуз Ахмадийлер менен жакын алака-байланышта, сиз аны токтотууңуз керек», – деп коркутушкан. Бирок атам үйдө байъат бергенден кийин беш маал намаздан тышкары калтырбай Тахажжуд намазын үзгүлтүксүз аткарганымды жана үйдөгүлөрүмө мүнөзүм табиаттан тышкары даражада жакшырып калганын көрүп алгандыгы үчүн мага эч кадай катуу мамиле кылган эмес. Ооба, Ахмадийлерден алыс болгун деп сөзсүз айтып турган. Мен атам менен көптөгөн маселелер жөнүндө сүйлөштүм, бирок молдокелер жалпы калайык-калктын акылдарына жалган ойлор деген кулпуларды салгандыктан ал акыйкатты түшүнүүдөн куру-жалак калды. Мисалы, мен атама: «Сиз Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын чынчылдыгы жөнүндө Алла Тааладан сураңыз?» – деп айттым. Ал абдан таң калып: «Кандайча?» – деп сурады. Мен мындай деп жооп бердим: «Алла Таала Өзү

Марван2

(удъуу-ний аста-жиб-ла-кум (40:61) (Мага дуба кылгыла, Мен жооп кайтарам) деп айткан жокпу. Эгерде мына ошол айтканын ээрчип, дуба сурасаңыз, Ал сөзсүз айтып берет». Ал түшүнгөнбү же түшүнбөгөнбү, билбейм, бирок ал сөздү дароо башка жакка буруп жатып: «Жамаатыңар эмнеге биз менен бирге намазга жыгылбайт?» -деп айтты. Мен түшүндүрүүгө аракет кылдым, бирок ал өз көз карашына эле туруктуу бойдон калды.

Апам мага эч качан каршылык көрсөткөн эмес. Ошентсе да, ал атамдын көз карашына каршы чыгууга эр жүрөктүк кыла алган эмес. Бир жолу ага «Ислам окуулуарынын философиясы» аттуу китептин араб тилиндеги котормосун бердим. Анын бир аз бөлүгүн окуп көрсө, ага аябай жакты. Атам андан кабардар болуп калганда, мындан ары окуусуна тыюу салды.

Андан кийин перс булуң өлкөлөрүнүн бирине келип калдым, ал жерде индиялык бир адам Ахмадиянын айынан мага катуу каршылык көрсөтө баштады. Мен кандайдыр бир чара көрүүнүн ордуна дубага басым жасадым. Алла Тааланын иштери да өтө эле кызыктуу эмеспи. Ал дубаларымды кабыл алып, анан төмөнкүдөй окуя болду: ал индиялык адамга сыноо келип, ал жумушунан кетирилди. Ал эми мени көтөрүп, анын ордуна дайындап коюшту. Фал-хамдулиллаахи алаа заалик (бул үчүн бардык мактоо-алкоо Аллага гана таандык). («Ал-Фазл Интернейшнал» 16-22-январь 2015-жыл)

[1] «Дүйнө менен акыретте Алла Тааланы көрүү мүмкүн эмес, ошондой эле жакшылык Алла Таала тарабынан жана жамандык адамдын өз напсисинен болот» деп ишенүүчү мусулман агымдардын бири.

[2] Жаңыдан байъат (ант) берип, Жамаатыбызга кошулуучу адам үч жылга чейин «Нау Мубаайъ» деп эсептелинет.

Share via