Азирети Мырза Масрур Ахмад эл аралык семинарга кайрылуу жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Масрур Ахмад эл аралык семинарга кайрылуу жасады

Халифат Ислам намаз мечит сыйынуу ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 мамлекет

Азирети Мырза Масрур Ахмад «International Refresher Course» семинарына кайрылуусун жасады

2019-жылдын 18-январынан 24-январынын аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

18-январь күнү, куттуу жума күнү

(Байтул-Футух мечитинде) Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрсөтүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын баш ийүү, ыкластуулук жана берилүүнүн сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан дагы бир сахаабасынын куттуу өмүр баянынан сөз кылып, анын кулк-мүнөздөрүн айтып берди.

Жер жүзүндөгү ар кайсы аймактардагы ар кайсы коомдордогу адамдардын пайдасы үчүн Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала)нын жума кутбалары жана кайрылуулары үзгүлтүксүз урду тилинен тышкары жети тилде түз эфир аркылуу МТАдан көрсөтүлөт. Ал тилдерге араб, англис, беӊгал, немец, францус, савахилий жана индонезия тили кирет. Ал эми МТА Африка аркылуу өзүнчө англис тилинин Африка акцентинде да котормосу көрсөтүлөт.

20-январь күнү, жекшемби күнү

Бүгүн Пешин жана Дигер намазынан кийин Ал Азирети «Байтус-Субух» мечитине караштуу «Тахир Холл» аттуу залда «Даарул-Казаа» тарабынан уюштурулган Эл аралык жаӊылоо курсунун (International Refresher Course) соӊку сессиясына ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусун жасады. Ал Азирети өзүнүн кайрылуусунда казынын (калыс) милдеттери, анын бийик адеп-ахлактык жана руханий өлчөмдөрүн айтып берди. Бул «жаӊылоо курсу» «Даарул-Казаанын» жүз жылдык мааракесинин учурунда өткөрүлгөн эле.

Ал Азирети Шам намазынан кийин өзүнүн кеӊсесинде Кадияндын тургуну урматтуу Абул Хамийд мырзанын кызы кымбаттуу Фариха Сосун айымды кабыл алып, ак бата менен узатты, ал киши Лондонго караштуу Патнинин тургуну) урматтуу Эъжааз Айюб Хан мырзанын уулу урматтуу Фараз Хан мырзага турмушка чыкканы жатат.

23-январь күнү, шаршенби күнү

Пешин жана дигер намазынан кийин Ал Азирети Лондондогу «Фазл» мечитинде төмөнкүдөй эки никени кыйып, никелердин куттуу болушу үчүн дуба кылдырды. Анан эки тараптагы кудалар менен кол алышып көрүшүп, аларды куттуктады:

  1. (Файсалабаддын тургуну) Урматтуу Мунаввар Хусайын мырзанын кызы кымбаттуу Хадижа Хумайранын никеси урматтуу Мунийр Ахмад Захид мырзанын уулу урматтуу Хибатур-Рахийм Умар мырза (Рабвахтагы Жамия Ахмадиянын ылдыйкы мекемесинин мугалими жана миссионер) менен кыйылды;
  2. (Түндүк Лондондун тургуну) урматтуу Фархат Рааз мырзанын кызы кымбаттуу Саман Рааздын никеси (Түндүк Лондондун тургуну) урматтуу Шахид Латиф мырзанын уулу урматтуу Хамза Шахид мырза менен кыйылды.

АЛ АЗИРЕТИ (АЙЙАДАХУЛЛААХУ ТАЪААЛА БИ-НАСРИХИЛ-АЗИЗ) МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Ушул жума аралыгында Ал Азирети төрт күн расмийлерди, ал эми алты күн жеке адамдарды кабыл алды. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, кээ бир өлкөлөрдөгү тармактуу уюмдардын президенттери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретинен көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Халифат Ислам

Ушул жума аралыгында 80 үй-бүлө жана 90 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Жамаат мүчөлөрү 18 өлкөдөн келишкен, алардын катарында Америка, Канада, Австралия, Индонезия, Германия, Норвегия, Дания, Беьгия, Маврикий, Испания, Нигерия, Индия, Бангладеш, Пакистан, Гана, Ирландия, Англия жана бир араб өлкө кирет.

дуба ак бата

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 26-том, 5-сан, куттуу жума күнү, 1-февраль, 2019-жыл, 1,11-беттер)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via