Орозо учурунда коронавируска каршы эмдөө маселеси жөнүндө
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Акыркы кабар: орозо учурунда коронавируска каршы эмдөө боюнча Ахмадия Мусулман Жамаатынын көз карашы

Халифанын көрсөтмөсү

(«Ал-Фазл Интернейшнал» гезитинин башкармалыгы)

Орозо кармаганда ар кандай укол алууга тыюу салынат

2021-жылдын 9-мартында чыккан «Ал-Фазл Интернейшнал» гезитинин баракчасында Улуу Британиянын Ислам Медициналык Ассоциациясына байланыштуу, коронага каршы вакцинасын Рамазан айында орозо кармаган бойдон эмдөө кылса, орозо бузулбайт, – деп кабарланган. Ахмадия Мусулман Жамаатынын көз карашы башкача. Бул жаңылык менен эч кандай түшүнбөстүк жаралбаш үчүн Азирети Халифатул Масийх V (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)дин акыркы көрсөтмөсү ушул жерге жарыяланат:

Азирети Халифатул Масийх V (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айтат:

«Орозо учурунда булчуңга же венага сайыла турган ар кандай уколдорго тыюу салынат. Эгер Ахмадий мусулман адам Рамазан айында коронага каршы эмдөөгө чакырылып калса, анда ал Ислам дини берген уруксатынан пайдаланып, эмдөө ала турган күнү орозо тутпай, Рамазан айынан кийин ошол калып калган орозону толуктап алсын».

(Азирети Халифатул Масих V (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2021-жылдын 13-апрелинде «Ал-Фазл Интернейшнал» гезитинин Редакторуна жазган каты)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via