Ахмадийлердин Халифат системасына болгон чыныгы ыкыластуулугу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадийлердин Халифат системасына болгон чыныгы ыкыластуулугу

мечитте окулган жума кутбасы

Халифат системасына чын жүрөктөн берилүүдө жаңы, мурунку, алыс жана жакын жерде жашаган бардык Ахмадий мусулмандар бирдей ахвалда

Бир учурда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) Алла Таалага бир ыкыластуу жана берилген Жамаат мага тартуулаганы үчүн шүгүрчүлүк кылам деп айткан.

27-май, Халифат күнүнөн баштап МТАнын каналдары бир жаңы тартип менен башталды

2020-жылдын 29-майында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 29-май күнү Азирети Амирул-Му’минийн, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айткан:

Бир учурда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) Алла Таалага бир ыкыластуу жана берилген Жамаат мага тартуулаганы үчүн шүгүрчүлүк кылам деп айткан. Мен аларды кандай гана иш-максат менен чакырбасам, алар абдан ылдам жана кызыгуу менен бири-биринен оозуп, өздөрүнүн кудурети жана мүмкүнчүлүгүнө жараша алгалап келишет.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)га болгон ошол чыныгы ыкыластуулук, берилгендик жана сүйүү-махабат жөнүндөгү чексиз окуяларды Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын жашоолорунда кезиктиребиз. Мурунку Ахмадий мусулман үй-бүлөлөрдө ошол сүйүү-махабат туурасындагы рабаяттар уланып келүүдө жана ал окуялар Жамаатыбыздын адабияттарынан дагы орун алган. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) Алла Тааладан өзүнүн дүйнө менен коштошуу кабарын алган соң Жамаат мүчөлөрүнүн көңүлүн көтөрүү үчүн Халифат системасын сүйүнчүлөп, силер Экинчи Кудурет[1]ти дагы көрүшүңөр зарыл, анын келүүсү силер үчүн жакшыраак. Себеби, ал түбөлүктүү болуп, кыяматка чейин үзгүлтүксүз улантылат деп айткан.

Демек, Алла Тааланын убадаларына ылайык ал (алайхиссалам) каза болгондон кийин Ахмадия Мусулман Жамаатында Халифат системасы түзүлгөн. Учурлук Халифа менен Жамаат мүчөлөрүнүн ортосунда болгон ыкыластуулук, берилгендик жана сүйүү-махабат алакасы гана Жамааттын биримдиги, ынтымагы жана өсүп-өнүгүүсүнүн кепили. Ушул алака-байланыш Алла Таала берген убадаларынын чынчылдыгына далил болуп саналат, аны Алла Тааладан башка эч ким жарата албайт. Халифат системасына чын жүрөктөн берилүүдө жаңы, мурунку, алыс жана жакын жерде жашаган бардык Ахмадий мусулмандар бирдей ахвалда. Жамаат мүчөлөрү билдирген ошол ыкыластуулугу жана берилгендигинин миңдеген окуялары бар. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын каза болгонуна бүгүн 112 жыл болгондугуна карабай, Жамаат мүчөлөрүнүн Халифат менен болгон сүйүү-махабат алакасы мына ошондой уланып келүүдө. Азыр мен кээ бир ошондой окуяларды айтып берем.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын Биринчи Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) ооруп калган күндөрдө Жамаат мүчөлөрү тарабынан анын ахвалын сурап, аябай көп каттар келген. Ал каттарда Халифатка берилген ошол ашыктар өздөрүнүн чексиз сүйүүсүн билдиришкен. «Ал-Бадр» газетасынын редактору ал каттардан кээ бир үзүндүлөрдү жазган экен. Хаким Мухаммад Хусайын Курайший мырза Алла Таалага жалынып-жалбарып дуба сурап, мындай деп жазат: эй, Алла! Биздин суранычыбызды кабыл кылгын жана биздин Жетекчибизге Нух (алайхиссалаам)дын өмүрүн бергин. Мадрас шаарынан бир тууганы Мухаммад Хасан мырза мындай деп жазат: Хузур (разияллааху анху)нун айыгып кеткендиги жөнүндөгү кабарды окуп, мен канчалык кубанып кеткенимди менин Раббим гана билет. Кива Бажва айылынын тургуну Азирети Абу Абдулла Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын сахаабасы болгон. Ал (разияллааху анху) Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын Биринчи Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху)дан кандайдыр бир насаат сөзүн жазып жиберүүсүн суранганда, ал (разияллааху анху) сиз аткара албаган бир дагы жакшы иш калбады деп ойлойм, Ыйык Куранды жаттоо иши гана калды деп айткан. Ал киши Учурлук Халифанын тилегин аткарып, 65 жаш курагында Ыйык Куранды жаттап алган.

Экинчи Халифа[2]нын доорунда «Шуддих»[3] деген кыймыл күчөгөн кезде, 1923-жылы Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) Ахмадий мусулмандарды акысыз өздөрүн динге арноого чакырган. Аталган чакырууга Жамаат мүчөлөрү чоң шыктануучулук менен жооп кайтарышкан жана жогорку билимдүү мугалимдер, өкмөт кызматтарында иштегендер жана соодагерлер аябай аракет кылышып, ошол аймактарда даават жүргүзүшкөн. Бир карыган аксакал Кары Наъиймуддин Бенгалий мырзанын колледжде окуп жаткан эки уулу бар болчу. Ал киши ошол эки уулу менен бирге үчүнчү уулун дагы ушул кызмат үчүн Хузурга тапшырып, эгерде он уулум болсо жана алардын баары өлүп калышса да, ошондо дагы эч кайгырбайм деген күчтүү ой-ниетин билдирген.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1924-жылы иш сапары менен Европага кеткенде, Жамаат мүчөлөрү ошол убактылуу айрылуусунан дагы тынчсызданып кетишкен. Хузур (разияллааху анху) чет өлкөлөргө барып, даават кылууга чакырганда, Саргодах районунан болгон бир жигит Хузурдун чакыруусун угуп, даават иштерине кызыгып, паспортсуз эле Ооганстанга жөнөп кеткен. Ал киши ал жерде камалганда, абакта эле даават кыла баштаган. Бир канча айлардан кийин Индияга кайтып келгенде, апасынын тирүү экендигине карабай, апасы менен жолугушпай эле, даават жүргүзүү максатында Хузур (разияллааху анху) көрсөткөн өлкөгө барууга аттанган.

Үчүнчү Халифа[4]нын доорунда Америкалык Наъийма Латиф айымдын Халифатка берилгендигинин ахвалы ушундай болгон: Хузур Америкага жасаган иш сапарынын учурунда бир жогорку окуу жайында хиджабдын маанилүүлүгүн айтып бергенде, ал айым ошол эле замат хиджабды оронуп алган. Ал кезде өз аймагында Ислам хиджабын кийген ал жападан жалгыз аял болчу.

1974-жылдагы коркунучтуу ахвалда Багар Саргананын тургуну Махар Мухтар Ахмад мырза катуу каршылыктын айынан Рабвах шаарына келген жана ушул жерде эгин талаа ижарага алып, дыйканчылык кыла баштаган. Хузур[5] (рахимахуллах) анын өз аймагын таштап келгендигин жактырган эмес, натыйжада ал киши дароо өз жерине кайтууга ниет кылган. Ижара катары төлөп койгон суммасын ээси кайтарбаганда, турган эгинди жыйнабай таштап, өз аймагына кетип калган жана өзүнүн мурдагы талаасын кымбат баага сатып алып, ошол эле жерге отурукташып калган.

Төртүнчү Халифа[6]нын доорунда мурунку жашоосун динге арнагандар жасаган курмандыктарынын натыйжасында Африкада ушундай салтанаттуу өзгөрүүлөр пайда болгон, ал жердеги жергиликтүү окумуштуулар дагы айран-таң калышкан.

Пакистан тууралуу бир жолу Хузур[7] (рахимахуллах) мындай деп айткан: мен аларга кээ бир адеп-ахлакка таандык кемчиликтери тууралуу насаат кылганымда, алар тарабынан чындыгында бизде мына ушундай кемчиликтер пайда болуп калган эле жана азыр биз аларды кетиребиз деген каттар келе баштаган. Хузур[8] (рахимахуллах) мына ошол каттардан менин жүрөгүм Алла Тааланын алдына саждага жыгылып кеткен деп айткан. Жамаатыбызда бар жакшылык үнүнө кулак салуу деген касиет чынчылдыктын түпкү руху (жаны) болуп саналат.

Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллах) өзүнүн Халифат доорунда 2004-жылы Нигерияга жасаган иш сапары тууралуу мындай деди: ал адамдар Учурлук Халифаны эч көргөн эмес болчу. Алар түздөн түз Учурлук Халифаны көргөн учурда күчтүү сүйүү-махабатын билдиришкен. Кайтаарыбызда кээ бир аялдар жана адамдар ушунчалык толкунданып кетишкен болчу, алардын ушундай абалын көрүп адам айран-таң калат.

Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллах) 2008-жылы Африкага жасаган иш сапары туурасындагы кээ бир окуяларды айтып берди. Ганалыктар жалпысынан өтө эле сабырдуу адамдар. Ошентсе да, 2008-жылы болгон Жалсада турак жайынын тар экендигине карабай, алар күчтүү кайраттуулук жана сабырдуулукуту көрсөтүшкөн. Буркина Фасодогу Жамаатыбыз анчалык деле эски Жамаат эмес, бирок алар дагы күчтүү ыкыластуулук жана сүйүү-махабат үлгүсүн көрсөтүшкөн. Ганадагы Жалсанын учурунда үч миңге жакын адамдарга тамак жетишпей калган. Алардан кечирим суралганда, алар Учурлук Халифанын ошол Жалсадан бар болгондугу себебинен аябай мыкты үлгүнү көрсөтүшүп, тамакты койгула, биз күндө тамак ичебиз, негизинен биз ушул жерге кайсы максат менен келген болсок, ага жетишип алдык деп жооп беришкен. Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллах) алар жакыр адамдар болушкан, алардын тамагы дагы кандай тамак болушу мүмкүн, алардын жакырчылыгынын ахвалы мындай болгон: алардын айрымдары үч күн бою бир эле кийим менен жүрүшкөн. Жогорудагы кыйынчылыктарына карабай, Алла Тааладан башка ким ушул күчтүү сүйүү-махабатты жарата алат.

Ганадагы Халифат юбилейи Жалсасына катышкан аялдардын саны элүү миң болчу. Алардын баары Халифатка болгон сүйүү-махабатын билдиришкен. Алардын ошол сүйүүсү алардын көздөрүнөн дагы, жүрүм-турумдарынан дагы, алардын келбеттеринен дагы жана жүздөрүнөн дагы байкалып турган эле.

2004-жылы Бенинден машиналар менен Нигерияны көздөй баратканыбызда, бир жаңы салынган мечитти көргөнү токтогонубузда, убакыт тардыгы себебинен кол алышып көрүшүү мүмкүн эмес болчу. Бирок ушуга карабай жүздөгөн эркек-аялдар кол алышып саламдашуу жана жакын жерден көрүү үчүн агылып келишкен. Бир аялды коопсуздук кызматы арыраак турсун деп суранганда, мени менен Учурлук Халифанын ортосуна аралаша турган сен кимсиң деп, ал адамды көтөрүп, тышка ыргытып салчудай даражада ачууланып кеткен.

Адамдар Америкада бир гана дүйнөлүк (материалдык) ойго ээ болгон адамдар жашашат деп ойлошот. Бирок ал жердеги Жамаатыбызда дагы өтө күчтүү ыкыластуулук бар. Мен жасаган иш сапарларымдын аралыгында кызмат көрсөткөн жигиттер өздөрүнүн соода иштерине жана кызматтарына зыян келтирип, кызмат кылышкан.

Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллах) Канада, Иордания, Болгария, Бенин, Франция, Мали, Гамбия, Таджикистан, Туркия, Македония, Гондурас, Марокко, Йемен, Тунис, кыскасы жер жүзүндөгү Жамаат мүчөлөрүнүн Ахмадия Мусулман Халифалыгына болгон сүйүү-махабат, ыкыластуулук жана берилгендиктен турган кээ бир окяларын айтып бергенден кийин мындай деди: жогоруда мен келтирген ушул айрым мисалдар жүрөктөрдө ыкыластуулук жана берилгендик алака-байланышын Алла Таала жаратат жана дүйнөдөгү эч бир күч аны тартып ала албайт дегенди ырастайт. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) силер Алла Таала берген убадалардын орундалып жатканына күбө болосуңар деп айткан эле. Алла Таала көпчүлүгүбүзгө мына ошол убадалардын орундалып жатаканын көрүүнү насип этсин.

Жума кутбасынын аягында Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллах) МТАнын спутник каналдарында болгон жаңылыктар жөнүндө айтып, Мен Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын кабарын дүйнөгө жайылтам деген убаданы дагы Алла Таала гана берген эле деди. МТАнын каналдары 27-май, Халифат күнүнөн тартып, кандайдыр бир жаңы ирет менен башталган. Жаңы система боюнча жер жүзүнүн ар кайсы региондорунун негизинде МТА сегиз каналга бөлүнгөн. Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллах) ошол сегиз канал жөнүндө кеңири токтолгон соң Алла ушул түзүлгөн жаңы системага береке берсин жана МТАга мурдагысынан да көбүрөөк Ислам дининин чыныгы кабарын дүйнөгө жеткирүү мүмкүнчүлүгү насип этилсин деп дуба кылды. Аамийн

[1] Халифат.

[2] Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (1889-1965).

[3] Мусулмандарды индус динине киргизүү кыйымлы.

[4] Азирети Мырза Насир Ахмад (1919-1982).

[5] Азирети Мырза Насир Ахмад (1919-1982).

[6] Азирети Мырза Тахир Ахмад (1928-2003).

[7] Азирети Мырза Тахир Ахмад (1928-2003).

[8] Азирети Мырза Тахир Ахмад (1928-2003).

Share via