Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди

Ислам Германия Халифат

Азирети Мырза Масрур Ахмад Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 44-жылдык Чогулушуна катышуу үчүн келди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2019-жылдын 2-июлунда Франкфурт шаарындагы «Байтус-Субух» мечитине келди.

Учурлук Халифа Лондон шаарынан жеӊил унаа менен Германияны көздөй жол тартты жана Европа материгин кесип өтөөрү менен Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза жана бир топ башка кызматтарда иштеген адамдар тарабынан тосулуп алынды.

 Ал Азирети Франкфурт шаарын көздөй өз сапарын улантып, Франция менен Германиянын чек арасында жайгашкан Ахен шаарында кыскача токтогондон кийин жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:30да «Байтус-Субух» мечитине жетип келди, ал жерге келген миңдеген Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана жаш балдар өздөрүнүн руханий Жетекчисин дагы бир жолу көрүп, чоң кубанычта болушту. Келүүсүнөн бир аздан кийин Ал Азирети Шам жана Куптан намаздарына имамчылык кылды.

Ал киши бул жуманын аягында Карлсруэ деген жерде боло турган Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 44-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышуу максатында жол тартты, ага ар кайсы өлкөдөн 35000ден ашык делегаттардын келүүсү күтүлүп жатат.

Үч күндүк аземде (5-7-июль күндөрү) Ал Азирети Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдери тууралуу Ахмадий мусулмандарга жана Ахмадий эмес конокторго кайрылуу жасайт. Андан тышкары, Ал Азирети Ахмадий мусулман эркек жана кыз студенттерге жогорку билим алуу жетишкендиктери үчүн таануу сыйлыктарын тартуулайт.

Ал Азирети өз иш сапарынын учурунда ар кандай өлкөлөрдөн келген сыйлуу коноктор жолугат, ошондой эле жүздөгөн Ахмадий мусулмандар менен жеке жолугушууларды да өткөрөт.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via