Азирети Мырза Масрур Ахмад эки никени кыйды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Масрур Ахмад эки никени кыйды

Нике кутбасы ыйман мечит

2019-жылдын 6-июнунан 9-июнунун аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

3-июнь күнү, дүйшөмбү күнү

Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) бүгүн пешин намазынан мурун «Мубарак» мечитинин тышында (азыркы күндөрү Англияда жашаган) Бахавал Нагар жергесинин тургуну урматтуу Раана Сардар Мухаммад мырзанын уулу урматтуу Раана Абдулатиф мырзанын жаназа намазын окутуп, жакын туугандары менен жолугушту. Бул жаназа намазы менен 4 маркумдын гайып жаназасы да окулду.

6-июнь күнү, бейшемби күнү

Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) бүгүн пешин намазынан мурун «Мубарак» мечитинин тышында (учурда Англияга караштуу Аксфорддо жашаган) урматтуу Рафиъуддин Ахмад (R.D.Ahmad) адвокат мырза жана (Англияга караштуу Патни жамаатынын президенти урматтуу Асад Малик мырзанын жубайы) урматтуу Аматус-Салам Газала Малик айымдын жаназа намазын окутуп, жакын туугандары менен жолугушту. Бул жаназа намазы менен 4 маркумдын гайып жаназасы да окулду.

7-июнь күнү, куттуу жума күнү

Ал Азирети Тиллфорд Исламабадагы «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрсөтүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын баш ийүү, ыкластуулук жана берилүүнүн сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан кээ бир сахаабасынын куттуу өмүр баянынан сөз кылып, алардын кулк-мүнөздөрүн айтып берди.

Жер жүзүндөгү ар кайсы аймактардагы ар кайсы коомдордогу адамдардын пайдасы үчүн Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала)нын жума кутбалары жана кайрылуулары үзгүлтүксүз урду тилинен тышкары он тилде түз эфир аркылуу МТАдан көрсөтүлөт. Ал тилдерге араб, англис, беӊгал, немец, францус, савахилий, индонезия, Тви (Twi) жана Йоруба тилдери болду. Ал эми МТА Африка аркылуу өзүнчө англис тилинин Африка акцентинде да котормосу көрсөтүлөт.

8-июнь күнү, ишемби күнү

Ал Азирети бүгүн пешин намазынан мурун «Мубарак» мечитинин тышында (учурда Англияга караштуу Цортон Хиз жергесинде жашаган) урматтуу Мухаммад Шафиъ Курейши мырзанын уулу урматтуу Мухаммад Латиф Курейши мырза жана (учурда Англияда жашаган Жамааттын экс-миссионери) урматтуу Махмуд Ахмад Мунийб мырзанын жубайы) урматтуу Салиха Махмуд айымдын жаназа намазын окутуп, жакын туугандары менен жолугушту. Бул жаназа намазы менен 2 маркумдун гайып жаназасы да окулду.

9-июнь күнү, жекшемби күнү

Ал Азирети Исламабадда «Мубарак» мечитинде Аср намазын алып баргандан кийин төмөнкү 2 никени кыйып, ал никелердин берекелүү болуусу үчүн дуба кылды. Ошондой эле, эки тараптагы туугандар менен кол алышып көрүштү жана аларды куттуктады:

  1. (Лондондун тургуну) Урматтуу Мухаммад Нур Чанд мырзанын кызы кымбаттуу Сехр Зуфашандын никеси (Англияга караштуу Сетандын тургуну) урматтуу Музаффар Ахмад Зафрий мырзанын уулу (Англиядагы Жамия Ахмадияны бүткөн) урматтуу Мубашшир Ахмад Зафрий мырза менен кыйылды;
  2. (Германиянын тургуну) Урматтуу Мунаввар Ахмад Гумман мырзанын кызы (Вакифа Нау) кымбаттуу Айша Мунаввар Гуммандын никеси (Германиянын тургуну) урматтуу Мубашшир Ахмад мырзанын уулу урматтуу Усама Ахмад мырза менен кыйылды.

Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу

Ушул жума аралыгында Ал Азирети эки күн расмийлер менен, ал эми эки күн жеке адамдар менен жолугушту. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, тармактуу уюмдардын президенттери, борбордук газета-журналдардын мүдүрлөрү, Жамаат миссионерлери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретиден көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Ушул жума аралыгында 42 үй-бүлө жана 15 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Ахмадий мусулман бир туугандар 12 өлкөдөн келишкен, алардын катарында Америка, Канада, Германия, Голландия, Бельгия, Испания, Жаңы Зеландия, Пакистан, Англия жана кээ бир араб өлкөлөрү кирет.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 26-том, 23-сан, куттуу жума күнү, 10-июнь, 2019-жыл, 1,10-бет)

Share via