Мырза Масрур Ахмад Жамааттын миссионерлерине өзгөчө насаат кылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мырза Масрур Ахмад Жамааттын миссионерлерине өзгөчө насаат кылды

Мусулман жаштар жолугушуу

Азирети Мырза Масрур Ахмад Жамааттын миссионерлерине дуба жана даанышмандык менен иштөө, ошондой эле өздөрүн башкаларга үлгү кылып көрсөтүүсүнө өзгөчө баса белгилеп насаат кылды

2019-жылдын 27-июнунан 30-июнунун аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

28-июнь, куттуу жума күнү

Ал Азирети Тилфорд Исламабадагы «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Азирети Зайд бин Хариса (разияллааху анху)нун уулу Азирети Усама бин Зайд (разияллааху анху)нун куттуу өмүр баянынан сөз кылып, анын кулк-мүнөзүн айтып берди. Андан тышкары, (Республика Кот-д’Ивуар Жамаатыбыздын миссионери) Урматтуу Сыддык Адам Дамбия мырза жана (Пакистандын тургуну) Урматтуу Миян Гулам Мустафаанын каза болгондугун айтып, аларды жакшы сөздөр менен эскерип, алардын жаназа намазын окутту.

◊ Бүгүн Аср намазынан кийин өткөн айда ыйык мекемелерди зыярат кылуу максатында Пластинага сапар тарткан Мажлис Худдаамул-Ахмадия Британияга караштуу Ваакфийн-э-Наунун бир тобу Ал Азирети менен сүрөткө түштү. Ал Ваакфийн-э-Нау Пластинадан өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчисине белек сатып алып келишкен экен, аны Ал Азиретиге тапшырышты. Андан кийин 2019-жылдын апрель айында бир жумалык саякатка Грузияга барган Худдаамул-Ахмадия Британиянын дагы бир тобу Ал Азирети менен сүрөткө түштү.

Мусулман жаштар жолугушуу

◊ Бүгүн саат 19:00дан бир аз убакыт мурун 2018-жылы Жамия Ахмадия Германияны бүтүргөн «Шахиддер» Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Ал Азирети алар менен болгон мурунку жолугушуусунда Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жазган «Ал-Кахф» сүрөөсүнүн тафсирин окууга буюрган эле. Бул жолку жолугушууда Ал Азирети аталган миссионерлерге кээ бир суроолорду берди. Андан кийин Ал Азирети абдан мээримдүүлүк менен ал мссионерлерден кезек менен алардын эң алгачкы жолу кайда кызматка дайынлагандыгын сурап жана аларга көрсөтмөлөрдү берди. Ал Азирети ал миссионерлерге дуба жана даанышмандык менен иштөө, ошондой эле өздөрүн башкаларга үлгү кылып көрсөтүүсүнө өзгөчө баса белгилеп насаат кылды. Ал Азирети (чет өлкөлөргө дайындалган миссионерлерге) адамдар менен алака-байланыштарды түзгүлө деп насаат кылды. Андан тышкары, Ал Азирети алар жашай турган өлкөсүнүн тилин үйрөнүүгө да өзгөчө басым жасады.

аалым улама устат молдо

Ал Азирети аталган миссионерлерден Германияда Ислам динине каршы айтылып жаткан сын-пикирлер жөнүндө сурады, ошондо ал миссионерлер кээ бир сын-пикирлерден сөз кылышты. Ал Азирети ошол сын-пикирлергер кеңири-кесири жооп берди. Аягында ал миссионерлер Ал Азирети менен кол алышып көрүшүү жана чогуу сүрөткө түшүү бактысына ээ болушту.

◊ Бүгүн 19:30га жакын Ал Азирети Тилфорд Исламабадда жайгашкан кээ бир кеңселерди көрүп чыкты. Андан тышкары, Жамааттын мейманканасы, (жансакчылар тобунун мүчөсү) Урамттуу Зафар Ахмад мырза жана (Жамия Ахмадия Британиянын устаты) Урматтуу Хафиз Эъжааз Ахмад мырзанын үйлөрүнө барып, бекерке тартуулады.

29-июнь, ишемби күнү

Бүгүн кечкисинде Аср намазынан кийин Исламабаддагы «Мубарак» мечитинин ачылуу аземи өткөрүлдү. Ал Азирети саат 18:00ге жакын өз үйүнөн чыгып, көп тармакта колдонууга атайын курулган залга жанаша турган бир бөлмөгө барды, ал жерде кээ бир ардактуу коноктор Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Андан кийин Ал Азирети көп тармакта колдонууга атайын курулган залга барды, ал жерде азем башталды.

   Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу

27-июнь менен 30-июнь аралыгында Ал Азирети үч күн расмийлер менен, ал эми беш күн жеке адамдар менен жолугушту. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, Жамаат миссионерлери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретиден көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Ушул убакыт аралыгында 93 үй-бүлө жана 41 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Ахмадий мусулман бир туугандар 14 өлкөдөн келишкен, алардын катарында Америка, Канада, Германия, Пакистан, Норвегия, Австралия, Швеция, Чехословакия, Гана, Кения, Франция, Түркия, Индия жана Англия кирет.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 2-июль, 2019-жыл)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via