Ахмадиянын Жетекчиси Хьюстон шаарында жума кутбасын окуду

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Техас штатындагы Хьюстон шаарында жума кутбасын окуду
Ал Азирети (Халифа) биринчи жолу Техаста жума кутбасын окуду
2018-жылдын 26-октябрында, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад өзүнүн жумалык жума кутбасын Техас штатындагы Хьюстон шаарында жайгашкан «Байтус-Самиъ» мечитинде окуду.
Өзүнүн кутбасында, Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадий мусулмандар Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) түшүндүрүп бергендей, такыбалуулук боюнча эӊ жогорку деӊгээлдерге ээ болуу зарылдыгын айтты.
Ал Азирети Ислам дини мусулмандардан жалганчылык жана башкалар тууралуу жаман ойго баруу сыяктуу бардык күнөөлөрдөн сактанууга аракет кылуу керектигин талап кылат деп айтты. Ал Азирети башкаларга зыян келтирүүдөн абайлоо гана жетиштүү эместигин, тескерисинче, башкаларга жардам берүү жана бийик адеп-ахлак нормаларына жетүү үчүн көбүрөөк аракет кылуу керектигин айтты.
Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсүнүн чыныгы даража-мартабасы тууралуу да айтып берди.
Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Алла Тааланын Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн бизге бергендиги Анын бизге кылган улуу берешендиги болуп саналат. Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «Биздин Махдийбиз» деп атаган ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы кызматчысын кабыл алууну бизге насип этти».
Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:
«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сөздөрү жашообуздун максатына жетишүүгө жардам бере турган улуу багыт. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Ахмадий мусулмандар жетише турган руханий жана адеп-ахлактык нормаларын майда-чүйдөсүнө чейин айтып берген. Бүгүнкү материалдык дүйнөдө анын сөздөрү дагы маанилүүрөөк болуп кетет, себеби адамдар ыйман-ишенимден алыстап жана барган сайын дүнүйөкор болуп барышууда».
Ал Азирети Ахмадий мусулмандардан күтүлүп жаткан руханийликтин бийик нормалары баяндалган Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын жазгандарынан бир нече үзүндүлөрдү тилге алды.
Мисалы, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) чоӊ кылмыштар же оор күнөөлөрдөн оолак болуу гана жетиштүү эместигин, тескерисинче ахлаксыздык жана адилетсиздиктин кичинекей түрүнөн да оолак болуу керектигин айткан.
Дүйнөнүн бүгүнкү абалынын үстүндө ой жүгүртүп, Ал Азирети материализм кеңири таралган жана адамдар динден алыстап кетишкен жана бул табигый балээ-кырсыктар аркылуу Алла Тааланын күчөп келе жаткан каарынын чыгуусунун бир себеби экенин айтты. Ал Азирети табигый балээ-кырсыктарды талдап чыксак, ал мурунку кылымда болгон балээ-кырсыктарга салыштырмалуу күчтүүрөөк экенин көрсөтөт деп айтты.
Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Биз табигый балээ-кырсыктардын күчөөсү деген бул кубулуштун себептерин түшүнүүбүз керек. Дүйнөлүк жана материалисттик адамдар муну кабыл албай же түшүнбөй коюшу мүмкүн, бирок биз – Ахмадий мусулмандар бул Жараткан Алланын нааразылыгы көрүнүшү экенин түшүнүүбүз керек. Биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жүз жыл мурун бул балээ-кырсыктардан эскерткенин жана кеңири таралган ошондой балээ-кырсыктардан аман калуунун бир гана жолу Алла Тааланы көздөй келүүдө экенинен башкаларды кулактандыруубуз керек».
Жума кутбасынын аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Алла Таала бизге Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га берген убадабызды аткарууга жана өзүбүздө чыныгы реформа-оӊдоону жаратууга күч-кубат берсин. Бул дүйнөдө жашап жана анын бир бөлүгү болуп, биз динибизди дүйнө иштеринен жогору коёбуз деген убадабызды аткаруучулардан болу».
АЯГЫ
Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK
Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682
Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Press Secretary AMJ International
(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)