Сенегалга караштуу Сент-Луисте болуп өткөн биринчи аймактык куттуу Жалса
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сенегалга караштуу Сент-Луисте болуп өткөн биринчи аймактык куттуу Жалса

Сенегалдагы Ахмадия Мусулман Жамааты

2020-жылдын 29-ноябрында Сенегалдын Сент-Луис аймагындагы Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн биринчи регионалдык Жалсасын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алды. Аллахка чексиз мактоолор болсун!

Белгиленген күндөн эки жума мурун, региондук миссионер урматтуу Хифазат Ахмад Навид мырзанын жетекчилиги астында Жалса комитети түзүлүп, аймактагы жамааттарга иш сапарлары жасалып, Жалсанын маанилүүлүгү жана берекелери жөнүндө Жамаат туугандарыбызга маалымат берилди. Бир жума мурун Жалса Гах[1] Вакар-э-Амал[2] аркылуу тикенектерден жана тикенектүү бадалдардан тазаланды.

Аталган Жалсага Дакар шаарында жайгашкан Борбордук Миссия Үйүнөн Сенегалдагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири урматтуу Насир Ахмад Сиддху баштаган делегация катышты. Жалса жери асфальтталган жолдон алыс жайгашкан чөлдүү айылда болгондугуна карабай, Жамаат мүчөлөрү ат аравалары ж.б.ны минип, Жалсага келип катышышты.

Сенегалдагы Ахмадия Мусулман Жамааты

Жалсага кайрылуу жасагандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өмүр баяны, намаздын маанилүүлүгү, Аллах Таала жолунда сарптоо жана Халифат темасына токтолушту. Кийинчерээк катышуучуларга суроолор берилип жана суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгү берилди. Акырында урматтуу Амир Сахиб катышкан туугандардын көңүлүн таалим-тарбия ж.б. Жамаат программаларына катышууга бурду. Аймактык Жалса дуба менен аяктады. Кийинчерээк катышкандардын кызматына тамак берилди.

Сенегалдагы Ахмадия Мусулман Жамааты

Сент-Луистеги биринчи аймактык Жалсага 18 Жамааттан 202 Ахмадий мусулман туугандар катышты, алардын көпчүлүгү жаңыдан Жамаатыбызга кошулгандардан болчу. Катышуучулар бул Жалсадан абдан жакшы таасирин алышты.

Аллах Таалам ушул Жалсанын жакшы жыйынтыктарын жаратсын Оомин.

(Репортажды даярдаган: Хафиз Мусавар Ахмад Музаммил – «Ал-Фазл Интернейшнал» газетинин өкүлү)

**************

[1] Чогулуш же жыйын боло турган жер.

[2] «Ардактуу иш» дегенди билдирет.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via