Филадельфияда салынган «Байтул-Аафиййат» мечитинин ачылуу кечеси болуп өттү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Филадельфияда салынган «Байтул-Аафиййат» мечитинин ачылуу кечеси болуп өттү

Ислам мусулман мечит

Азирети Мырза Масрур Ахмад бул мечит «жарыктын маягы экенин далилдейт жана тынчтыкты сүйгөн адамдар үчүн бир үмүт болот» деп айтты

2018-жылдын 19-октябрынын кечинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) АКШ, Филадельфияда салынган «Байтул-Аафиййат» (Коопсуздук Үйү) мечитинин ачылуусун белгилөө үчүн өткөрүлгөн атайын кечеге тарыхый кайрылуусун жасады.

Ислам мусулман мечит

Филадельфияда биринчи атайы-курулган мечит расмий түрдө мурдакы күнү Ал Азирети окуган жума кутбасында ачылган. Жаңы мечитте болуп өткөн кечеге175тен ашуун төрөлөр жана коноктор катышышты.

Ал кеченин өзгөчө окуясы – бул Азирети Мырза Масрур Ахмад жасаган тарыхый кайрылуусу болгон, анда ал киши мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрү жөнүндө сөз кылды жана дин тутуу эркиндиги Ислам окууларынын негизги бөлүгү экенин айтты.

Өзүнүн кайрылуусунда Ал Азирети коомдогу биримдик жана сабырдуулукту өнүктүрүү маанилүү экендигин баса белгиледи.

Ислам мусулман мечит

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Расалык, диний же каякта туулгандыгыбызга карабай, биз адам катары бирдейбиз, ошондуктан биз өзүбүздү бөлүп албай же өз Жамаатыбыз мүчөлөрү менен гана аралашпай, тескерисинче башка адамдар менен алака-байланышыбызды орнотуубуз зарыл… Коомчулуктун өсүп-өнүгүүсү жана эволюциясы үчүн , ошондой эле адамдардын арасында жана ар кандай жамааттардын арасында тынчтык жана биримдик, сый-урмат менен болгон карым-катнаш жана талкуулоо өтө маанилүү болуп саналат».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген урааны тууралуу сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: бул кандайдыр бир жаӊы ураан эмес, тескерисинче ал түздөн-түз Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таалимдерине негизделген. Ал Ислам дини мусулмандарга бардык ишеним жана диндеги адамдарга сый-урмат көрсөтүүнү үйрөткөн.

Ислам мусулман мечит

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Көбүнчө мусулмандар башка диндерди же алардын диний ишмерлерин сыйлашпайт деген айып тагылат, мында эч кандай чындык жок… Биз бардык пайгамбарлардын чындыгына ишенип, алар адамзатты Алла Таалага алып келүү жана адеп-ахлактарды үйрөтүү, ошондой эле ой-пикир эркиндиги, адилеттүүлүк жана адамдарга камкор болуу сыяктуу жалпы адамдык баалуулуктарды орнотуу үчүн жиберилген деп ишенебиз. Муну эске алганда, башка диндерди же алардын жолдоочуларын кордоп-урматсыз кылуубуз мүмкүнбү? Ошондуктан, биз, Ахмадий мусулмандар, биз эч кимди жек көрбөйбүз деген билдирүүбүзгө чын дилибиз менен бекем турабыз».

Ислам мусулман мечит

Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамааты

«Башкаларга достук колун сунууга дайыма даяр»,

экенин айтты.

Ал жөөттөрдүн жакынкы көрүстөнүнө болгон кол салуудан кийин жүйүт жамааттын мүчөлөрүнө өз жардамын сунуш кылган Филадельфияда жашаган Ахмадий мусулмандардын мисалын келтирди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз мындай нерселер үчүн сыйлык же ыраазычылыкты талап кылбайбыз, анткени биз бир гана өз динибиздин: «Башка диндеги жана ишенимдеги адамдардын муктаж же кыйналып турган убагында алар менен ийиндеш болуп туруу», – деп үйрөткөндүгүн ээрчийбиз. Биз бардык адамдардын дискриминация же кордолуудан эркин жашоо үчүн укуктарын коргойбуз».

Ислам мусулман мечит

Ал Азирети Ислам тарыхы көрсөткөндөй

«Көп пикирдүүлүк жана кенен-ойлуулук»

ар дайым Исламдын негизги принциби болуп келгенин жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) түзгөн мамлекетке ишаарат кылып, диний ар түрдүүлүккө ээ болгон Медина шаарында ар бир адам өз динин эркин тутууга ээ болгондугу тууралуу айтты.

Ислам мусулман мечит

Ал келишимди түшүндүрүп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Аталган келишим тынчтыкты орноткон жана толеранттуу коом басымдуулук кылганга шарт түзгөн. Ошентип, 1400 жылдан да көп убакыт мурда, ар түрдүү маданияттуу, кайнаган казан сыяктуу коомчулук Медина шаарында ийгиликтүү башкарылган жана ишке ашырылган ийгиликтүү башкарылган жана ишке ашырылган».

Ислам мусулман мечит

Курани Каримдин дин же ишеним маселелеринде эч бир зордук-зомбулук жок деген таалимин чечмелеп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар бир адам, ал эркек же аял экендигине карабай, өзү каалаган жолду тандап, андан жүрүү укугуна ээ болушу керек. Ишеним ар дайым адамдын жүрөгүнүн жана акылынын тандоосу болушу керек. Ошол эле учурда, Ислам дини диндердин жана ишенимдердин айырмачылыктарына карабай, ар бир жаран тынчтыкты сактап жана ал коомдун жакшы жашоосуна коркунуч туудура турган кандайдыр бир иш-аракетке катышпашы керек деп үйрөтөт».  

Ал Азирети мечиттердин чыныгы, негизги максаты бул мусулмандар биргеликте Жалгыз Аллага сыйынуу экенин айтты. Экинчиден, Ал Азирети мечиттин негизги максаты

«Адамзатка кызмат кылуу борбору»

катары иштешин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биздин мечиттерибиз тынчтыкты жайылтууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү күчөтөт жана жашоодогу бардык тайпалардын ортосунда бир тууганчылык жана ынактык байланыштарын өрчүтөт, ошондой эле коомчулуктан жек көрүү, наадандык жана бөлүнүүнүн бардык түрлөрүн жоёт».

Ислам мусулман мечит

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул шаар «бир туугандык сүйүү шаары» деп аталган жана, албетте, биздин жаңы мечитибиз кандайдыр бир белги жана бул жерде сүйүү, бир туугандык жана жакшылыкты таратууга аракеттерди тездетүүгө сөз беребиз».

Ал Азирети Ыйык Курандын 4-сүрөөсүнүн 37-аятын мисал катары келтирди:

«Аллага ибадат кылгыла жана эч бир нерсени Ага шерик кылбагыла, ошондой эле ата-энелерге да, жакын туугандарга да, жетимдерге да, мискиндерге да, тууганчылыгы бар кошуналарга да, тууган болбогон кошуналарга да, өз жолдошторуӊарга да, мусапырларга да, кол астыӊардагыларга да жакшылык кылгыла».

Ислам мусулман мечит

Ал аятты чечмелеп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Курандын бул аяттын өзү адеп-ахлак жана адам укуктарынын бир кереметтүү мүнөздөмөсү болуп саналат. Бул тынчтыктын алтын жолу жана бир тууганчылык сүйүүнү түшүндүрөт. Бул аятта, Ага сыйынуудан тышкары, Алла Таала мусулмандарга өздөрүнүн ата-энесине жана туугандарына сүйүү жана мээримдүүлүк менен мамиле кылууга буюрат. Ал коомдун алсыз мүчөлөрү, мисалы жетимдер же кандайдыр бир жол менен ажырашкан адамдарга колдоо көрсөтүү жана жеӊилдиктерди жаратууга буюрган. Андан кийин, өзгөчө көңүлдү кошуналардын акы-укуктарын аткарууга бургузулган. Мусулмандарга сүйүү жана кошуналардын акы-укуктарын коргоо, ошондой эле муктаж болгон учурларда аларга жардам берүүгө дайым даяр болууга үйрөтүлгөн».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Мен бул жаңы мечит бул шаарга кандайдыр бир сырткы кооздук жана маанилүүлүк кошо турганын, андан да маанилүүсү, бул шаар бою жана андан алыс жайгашкан жерлерге сүйүү жана боорукерликти таратуу менен коомчулукка руханий бекемдик жана сулуулук кошо турганына күбө болосуңар деп ишенем. Бул мечит тынчтыкты сүйгөн адамдар үчүн, алардын улуту, акыйдасы же түсүнө карабай, өзүнүн жарык мунарасы жана үмүтү экенин далилдеп көрсөтөт».

Өзүнүн кайрылуусунун аягында Ал Азирети Америкада дин тутуу жана сыйынуу эркиндигине уруксат берген биринчи колониялык шаар, ошондой эле көз карандысыздык тууралуу кол коюлган тарыхый шаар Филадельфия тарыхына токтолду.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул шаар бай жана сыймыктана турган тарыхка ээ жана бул жердеги адамдар өздөрүнүн өзгөчөлөнгөн тарыхына таянып жана бул улуу салттар келечекте да айырмаланган бойдон калсын деп дуба кылам. Мен бул шаар түбөлүккө дин тутуу эркиндигинин мунарасы болсун жана бул шаардын эли бул шаарда гана эмес, тескерисинче Кошмо Штаттарында жана дүйнө жүзү боюнча тынчтыкты өнүктүрүүгө өз ролун ойношсун деп дуба кылам».

Ага чейин бир топ сыйлуу коноктор да өз пикирлерин айтышты, ал эми АКШдагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын улуттук президенти, Доктор Мырза Магфур Ахмад Ал Азиретинин тарыхый кайрылуусунан мурун аны тааныштырды.

Филадельфиянын мэри, Джеймс Кенни урмат-сый жана ыраазычылык көрсөтүп, Ал Азиретиге Филадельфия шаарынын ачкычын тапшырды.

Ислам мусулман мечит

Филадельфиянын мэри, ардактуу Джеймс Кенни мындай деди:

«Эми өзүңөрдүн жаӊы кооз сыйынуу жайыӊарга ээ болгонуӊар үчүн мен кубанып жатам. Филадельфия тарыхы дин тутуу эркиндиги үчүн бир жер болуп негизделген. Бул анын үй-бүлө принциптеринин негизги бөлүгү болуп саналат. Биздин шаарыбыз, улуттар жана рассалар ар башка болсо да, бул шаар бардык адамдарды биз тандаган ишеним-маданият негизинде сыйынууга жол ачат деген ойдун негизинде курулган… Бул мечиттин ачылышы биздин биримдигибиз жана ынтымагыбыз үчүн мурас болуп саналат. Мусулмандар америкалык отурукташуунун борбордук бөлүгү болуп саналат».

Америка Кошмо Штаттары Конгрессинин мүчөсү, конгрессмен ардактуу Дуайт Эванз мындай деди:

«Чындыгында бүгүн бир туугандык сүйүү жана мээрмандык шаары – Филадельфияда Ал Азиретини тосуп алуу чоӊ сыймык болуп саналат. Филадельфиялыктардын атынан мен мусулман коомчулукка тынчтык жөнүндөгү кабарыӊар бул жерде кабыл алынат деп айтмакчымын… Мен биз жек көрүү, кастык жана жапайчылыкка каршы силер менен биргебиз деп айта кетким келет».

Ислам мусулман мечит

Аталган кече Ал Азирети алып барган дуба менен аяктады. Кийинчерээк, Ал Азирети аталган кечеге катышкан бир топ коноктор менен жекече жолугушту.

Аталган кечеден мурун Филадельфиянын мэри Джеймс Кенни жана конгрессмен ардактуу Дуайт Эванз Ал Азирети менен угармандарга кайрылышты. Ал Азирети массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, жаңы мечиттин максаттары жана ага байланыштуу башка маселелер тууралуу суроолоруна жооп берди.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via