Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхында бир тарыхый күн
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхында бир тарыхый күн

Ислам Халифа Мусулман
  • Азирети Мырза Масрур Ахмад биринчи жолу Борбордук Америкага келди
  • Ал Азирети Борбордук Америкадан жүздөгөн Ахмадий мусулмандардан байъат (ант) алды
  • Ал Азирети маанилүү гуманитардык долбоорду ачууга киришти

2018-жылдын 22-октябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:10до Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Борбордук Америкага болгон эң биринчи иш сапарында Гватемалага келди. Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарабынан түзүлгөн эл аралык кайрымдуулук фонду «Адамгерчилик – Биринчи орунда» аттуу уюм тарабынан ачылган ири масштабдуу гуманитардык долбоорду ачуу үчүн атайын келди.

Ислам Халифа Мусулман

Техас штатындагы Хьюстон шаарынан учуп келип, Гватемала шаарына конгондон кийин, Ал Азирети Гватемаланын Улуттук конгрессинин айымы Илияна Каллес тарабынан аэропортто кабыл алынды. Ал Азирети менен жолугушуу учурунда, конгрессмен айым Насир ооруканасы долбооруна байланыштуу Ахмадия Мусулман Жамаатына өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ал абдан зарыл болчу жана адамзатка, айрыкча абалы оор адамдарга кызмат кылууга себепчи болот деп айтты.

Ислам Халифа Мусулман

Конгрессмен айым мындай деди:

«Сиздин (Азирети Мырза Масрур Ахмад) ушунча жол тартып келгениңиз биздин улутубуз үчүн зор кут-береке жана сыймык болуп саналат. Мен Сиздин иш сапарыңыз биздин элибиз үчүн кут-береке булагы болот деп ишенем».

Туура саат 13:10до Ал Азирети аэропорттон чыгып, Антигуа шаарына жол менен баруудан мурун Борбордук Америкага өзүнүн алгачкы кадамын шилтеди.

Ошол тарыхый кадамдар менен Ахмадия Мусулман Жамаатынын улуу тарыхында бир жаңы бөлүм ачылды.

Биринчи жолу, Ал Азирети Борбордук Америкадагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү менен жолугушууга жана түздөн-түз Ислам дининин тынчтык, адилеттүүлүк жана адамзаттын нукура таалимдерин жеткирүү үчүн жеке-өзү жол тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Ислам Халифа Мусулман

Ошол эле күнү Ал Азирети ага чейин Ахмадия Мусулман Жамаатынын төртүнчү Халифасы болгон Азирети Мырза Тахир Ахмад 1989-жылы ачкан «Байтул Аввал» мечитине барды.

Ислам Халифа Мусулман

Ал Азирети Гватемала, Белиз, Парагвай ж. б. Борбордук жана Түштүк Америка өлкөлөрүнөн келген жүздөгөн Ахмадий мусулмандар менен жолугушуудан мурун мечитти көрүп чыкты.

Ислам Халифа Мусулман

Ал жолугушуу өтө эле эмоциялуу болду, ар кандай Ахмадий мусулмандар акыр-аягы, өздөрүнүн руханий лидери менен жолугушуп, аны коноктоо мүмкүнчүлүгүн тапкандыгы үчүн өздөрүнүн кубанычын билдиришти.

Ислам Халифа Мусулман

Ыйманды күчтөндүрүүчү ошол сессиянын учурунда алар Ал Азиретиге ар кандай суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүн табышты.

Ислам Халифа Мусулман

Аталган мечитте шам жана куптан намазын окуткандан кийин, Ал Азирети Байъат алуу аземин өткөрдү, анда жүздөгөн Ахмадий мусулмандар биринчи жолу Ал Азиретинин колуна Байъат (ант) берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал аземдин учурунда Ислам динине өткөн көптөгөн адамдар өздөрүнүн көз жаштарын кармай албай калышты.

Эми Ал Азирети бүгүн кечке жуук Насир ооруканасын ачат. Ахмадий мусулмандар бул тарыхый аземге катышуу үчүн ар түрдүү өлкөлөрдөн келишкен.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via