50-чү Ахмадия мечити Германиянын Вальдсхут-Тинген деген шаарында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси тарабынан ачылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

50-чү Ахмадия мечити Германиянын Вальдсхут-Тинген деген шаарында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси тарабынан ачылды

Жаңы мечит

«Аафиййат» мечитин Азирети Мырза Масрур Ахмад өз колу менен ачты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2017-жылдын 10-апрелинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Вальдсхут-Тинген шаарында «Аафиййат» (Тынчтык жана Коопсуздук) мечитин ачты. Ал Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 50-чү мечити.

Улуу Урматтуу Халифа Вальдсхут-Тинген шаарына келип, пешин жана дигер намаздарын окутуудан мурда эстелик тактасындагы парданы ачып, расмий түрдө мечитти ачты жана Алла Таалага ыраазычылык билдирип, кол көтөрүп дуба сурады.

Андан кийин мечиттин ачылуусун белгилөө максатында уюштурулган атайын кечеге 110 сыйлуу меймандар жана коноктор катышып, Азирети Мырза Масрур Ахмад тарыхый кайрылуусун жасап, мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрүнө токтолуп, Ислам дининин чыныгы таалимдерин айтып берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад Вальдсхут-Тинген шаарында ар түрдүү улуттагы жана ата теги башка адамдар бири-бири менен тынчтыкта жашашып келе тургандыгы тууралуу айтып өз сөзүн баштады.

Ал Азирети Ислам дини адамдардын жалпы жакшылыктары үчүн өз ара айырмачылыктарын четке коюп, бири-бирине сый-урмат көрсөтүп, бирге жашоого чакырат деди.

Ал Азирети Курани Каримдин таалимдери адамдарды бөлүп-жаруудан көрө бири-бирине жакындатуу куралы экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз бардык улуттарга жана адамдарга пайгамбарлар жөнөтүлгөн деп ишенебиз жана алардын баарын чынчыл деп билебиз. Алардын баары Алла Таала тарабынан жиберилген экенин эске алып, кантип Алла Таала ар түрдүү диндер жана ишенимдердеги адамдардын арасында чыр-чатактар жана согуштарды каалаган болушу мүмкүн?»

Ислам дининин алгачкы мезгилинде болгон согуштар тууралуу түшүнбөстүктөргө токтолуп, Ал Азирети мындай деди: алгачкы мусулмандар тынбай кысымдарга алынган бир мезгилден кийин гана аларга коргонуу үчүн согушууга уруксат берилген.

Мындан тышкары, дин тутуу эркиндигинин жалпы принциптерин түбөлүктүү орнотуу максатында гана ал уруксат берилген болчу.

Ал Азирети Курани Каримдин 22-сүрөөсүнүн 41-аятын окуп берди:

«Эгер Алла тарабынан адамдар – алардын айрымдары башкалары аркылуу корголбогондо, монастрлар да, чиркөөлөр да, жөөттөрдүн ибадатканалары да, Алланын наамы көп зикир кылына турган мечиттер да жок кылынып ташталган болоор эле».

Бул аятты түшүндүрүп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дининин таалимдери боюнча, ар бир чыныгы мусулман мейли чиркөөлөр болсун, синагогалар болсун же кандайдыр бир башка сыйынуу үйү болсун, бардык диндердин ибадатканаларын коргоого ар дайым даяр турушу керек. Ар бир момун-мусулман башка ишенимдердеги адамдар менен бирге тынч жашоого, ошондой эле аларга сүйүү жана мээримдүүлүк менен мамиле кылууга милдеттүү. Ислам дининин ушул боорукерлик окуулары коомдо тынчтык жана биримдик үчүн негиз болуп саналат».

Ал Азирети Ыйык Куран мусулмандарга бир нече жолу адамдардын кайсы дин же ишеним ээси экенине карабастан, адамзатка кызмат кылууга көрсөтмө берген жана Ахмадия Мусулман Жамааты ушул эле таалимдердин негизинде дүйнөдөгү артта калган жерлерде көптөгөн ооруканаларды, мектептерди курган жана гуманитардык долбоорлорду баштаган деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биздин Ахмадия бейтапканаларыбызда дарылана турган оорулуулардын басыӊдуу бөлүгү, ошондой эле биздин Ахмадия мектептерибизде окуп жаткан окуучулардын басыӊдуу саны христиандар же башка мусулман эмес адамдар. Биз жөндөмдүүлүгү бар, бирок окуу каражаттарын көтөрө албай жаткан студенттерге кайсы дин ээси экендигине карабай, стипендия төлөйбүз жана акчалай жардам беребиз. Биз ушундай иштерди кылуубуздун себеби, биздин динибиз бизге дүйнөдөгү ар бир адам илим-билим алуу укугуна ээ деп үйрөтөт».  

Аталган мечит үчүн сатылып алынган аянт мурун базар экендиги жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мурун ушул жер базар болуп, адамдар материалдык соодаларды сатып алуу үчүн келишчү, аны азыр мечитке айландырып алдык. Эми мындан кийин адамдар ушул жерге материалдык нерселерди сатып алуу үчүн келбестен, Алла Таалага сыйынуу аркылуу руханий казыналарды алууга келишет. Биз ушул мечитти адамдар адамзатка кызмат кылуу максатында чогула турган борбор катары пайдаланабыз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Мурун силер ар кандай нерселерди сатып алуу үчүн акча төлөп жүргөн жерден азыр бир тыйын да төлөбөй, силер сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк белектерин аласыӊар. Жергиликтүү эл мурун материалдык нерселерди сатып алып жүргөн жерден азыр ушул мечитке сыйынуу максатында келе турган адамдар коомдо тынчтык жана мээримдүүлүктү жайылтуу үчүн Алла Таала жолунда өз акчаларын сарпташат».

Учурда жер жүзүндө болуп жаткан террордук кол салуулар агымына ишаарат кылып, Ал Азирети мындай деди: мына ушул чабуулдар Ислам дининин атынан Батышта гана эмес, мусулман өлкөлөрүндө да жасалып жатат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Террористтер жана экстремисттер өздөрүнүн жек көрүүчүлүк жана өзүмчүл кызыкчылыктарына жетишүү үчүн калп эле Ислам дининин атын колдонушууда. Алар ушул максаттарга жетишүү үчүн алардын жолунда тоскоол болгон ар бир кишини өлтүрүп жатышат. Ошондуктан, дүйнө сабырдуулукка, өз ара сый-урмат жана ачык-жүрөктүүлүккө абдан муктаж. Дүйнө биз – Ахмадий мусулмандар: «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес”, – деп жар салган ураанды иш жүзүндө колдонуусу керек».

Өз кайрылуусунун аягында, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп дуба сурады:

«Алла Таала Ахмадий мусулмандарга ушул шаарда Ислам дининин чыныгы таалимдерине ылайык амал кылууга жана эӊ жакшы ыкмада  ушул шаар тургундарына кызмат кылууга күч-кубат берсин. Мен Ислам дини жөнүндө кээ бир адамдарда болгон коркунучтар жоголуп, алар чыныгы мечиттер тынчтыктын жана гармониянын символдору экенин байкашат деп ишенем жана дуба кылам».

Буга чейин Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза конокторго «куттуктоо» сөзүн окуду, андан кийин келген коноктор өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.

Вальдсхут-Тинген шаарынын мэринин өкүлү Силвия Доблер мындай деди:

«Мен Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисин Вальдсхут-Тинген шаарына «кош келиӊиз» деп айтмакчымын. Сиздин ушул жерде болгонуӊуз биздин шаарыбыз үчүн өтө зор сый-урмат жана сыймык болуп саналат. Андан тышкары, мен Ахмадия Мусулман Жамаатына өз мечитинин эшиктерин ачкандыгы үчүн ыраазычылык билдирмекчимин, натыйжада биз силердин диниӊер жана ишенимиӊер жөнүндө үйрөнө алабыз».

Лёррах шаарынын мэри, доктор Майкл Вилке мындай деди:

«Бүгүнкү күндө элдин жүрөгүндө Ислам дини жөнүндө бир топ кооптонуулар бар, буга бири-биринин динин туура түшүнүүгө аракеттенүү жана өз ара сый-урмат менен бири-бирине мамиле кылуу деген бир гана жооп болушу мүмкүн. Биз Ахмадий мусулмандарды келечекте дагы аземдерди уюштурууга чакырабыз, натыйжада силер Ислам дининин тынчтык таалимдерин жайылтып, бар болгон коркунучтарды кетире аласыӊар».

Протестант чиркөөсүнүн өкүлдөрү, Ата Райнер Стокбургер мындай деди:

«Ар бир дин ар кандай каада-салттар жана ибадаттарга ээ, ошондой эле анын өзүнүн ыйык жайлары жана аземдери бар. Бөлүп-жаруу жана чыр-чатакты чыгара турган айырмачылыктарды бир четке коюп, биз бири-бирибизди түшүнүүгө жана сабырдуулукту көрсөтүүгө аракет кылуубуз керек».

Расмий сессия Ал Азирети алып барган дуба менен аяктап, андан кийин конокторго тамак берилди.

Ал Азирети SWR теле жана радиосу менен да маек курду.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via