Нигерде Ахмадия Мусулман Жамаатынын мечитинин ачылышы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Нигердин Догондучи аймагында Ахмадия Мусулман Жамаатынын биринчи мечитинин ачылышы

Жаңы ачылган мечит

Алла Тааланын берешендиги менен Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамааты Департамент Догондучи аймагына караштуу Гоборнчи Жамаатында мечит куруу мүмкүнчүлүгүн алды. Бул мечиттин курулушу 2020-жылдын декабрь айында башталган жана анын ачылышы 2021-жылдын 29-январы, жума күнү болгон.

Жаңы ачылган мечит

Бул аземге Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири Улуу Урматтуу Асад Мужийб мырза катышты.

Куттуу ачылуу аземине чейин, айылдын 30дан ашуун балдарынын «Омийин» аземин аталган аймакта кызмат көрсөтүп келе жаткан дааватчыбыз урматтуу Зухайб Атхар мырза уюштурду. Аземди Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири Улуу Урматтуу Асад Мужийб мырза алып барды жана андан кийин балдардын илимий жана руханий жөндөмдөрүнүн өнүгүшү үчүн дуба да кылынды. Акырында урматтуу Амир Сахиб балдардын арасында атаандаштык рухун жаратып, айылдын башка балдарын дагы Куранды окуп-үйрөнүүгө кызыктырышы үчүн байгелерди да бөлүштүрдү.

Жаңы ачылган мечит

«Омийин» аземинен кийин мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Урматтуу Амир Сахиб менен бирге Амир Сахибдин орун басары жана Гоборанчи Жамаатынын президенти катышкан. Урматтуу Амир Сахиб дуба кылдырган. Ачылуу салтанатына Догондучи шаарынын мэри жана Догондучинин аймактык башчысынын өкүлүнөн тышкары, айланадагы Ахмадий жана Ахмадий эмес айылдардын имам-хатибдери жана башчылары, ошондой эле көптөгөн адамдар катышышты. Кийинчерээк бул туугандардын бардыгы Жамаатыбыздын мечитинде эле жума намазын окушту.

Дуба кылгандан кийин адамдар мечитке киришти жана «Аллааху Акбар», «Аллааху Акбар» деген биринчи үн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Жамааты салган ушул кооз мечитте көтөрүлдү, андан кийин Амир Сахиб жума хутбасын окуп, көптөгөн Ахмадий эмес коноктор катышкандыгын жакшы мүмкүнчүлүк деп, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жасаган билдирүүлөрү жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишенимдерин түшүндүрүп берди. Жума намазынан кийин ар кандай бийлик өкүлдөрү Жамаатыбыздын аракеттерин баалап, Ахмадия Мусулман Жамаатына ыраазычылык билдиришти. Башка улук имам-хатибдер менен башчылар дагы өз ойлорун билдиришти. Кийинчерээк Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала)нын жума кутбасы МТА аркылуу мечиттеги сыналгыдан түз эфирде көрсөтүлдү.

Жаңы ачылган мечит

Бул мечиттин тамы бар бөлүгүндө жүз адам намаз окуй алышат. Курулуштун жүрүшүндө айылдын туугандарыбыз ар кандай Вакар-э-Амал аркылуу Жамааттын беш жүз доллардан ашуун суммасын сактап калышты жана ушул кооз мечиттин курулушу өтө арзанга бүттү. Андан тышкары, мечитти күн энергиясы, үн тутуму жана МТАдан тышкары, көп сандагы килемдер менен камсыздоодо кээ бир чет элдик Ахмадий мусулман туугандардын жардамы да тийген.

Алла Таала Өзүнүн берешендиги менен ушул мечиттин курулушуна өз убактысын жана акчасын сарптагандарга эӊ жакшы сыйлык берсин. Ошондой эле, бул мечитти келечекте бул аймакта Мезгилдин Имамы – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын кабарын жеткирүүчү каражаты жана үгүт борбору кылсын. Оомин!

(Репортажды даярдаган: Каусар Жамийл – Ал-Фазл Интернейшналдын өкүлү)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via