Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Марбург шаарында жаӊы мечитке алгачкы ташын койду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Марбург шаарында жаӊы мечитке алгачкы ташын койду

Азирети Мырза Масрур Ахмад адамзатка кызмат кылуу сыйынуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат деп айтты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2017-жылдын 19-апрелинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Марбург деген университет шаарында биринчи Ахмадия Мусулман мечитине алгачкы ташын койду.

160ка жакын коноктор, алардын ичинде Марбург шаарынын Лорд Мэри Док. Томас Спиес жана Улуттук Ассамблеянын депутаты Сорен Бартол аталган аземге катышышты. Негизги кайрылуу Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан жасалып, анда ал киши интеграциялоо жана кандайдыр бир гармониялык коомчулук курууга байланыштуу Ислам дининин таалимдерин түшүндүрүп берди.

Ал Азирети конокторго ыраазычылык билдирүү менен өз сөзүн баштады жана мындай деди: кандайдыр бир мусулман аземине катышууӊар

«мактоого татыктуу иши»,

ошондой эле

«ачык көӊүл жана башкалардын ишенимдери жөнүндө угууга күчүӊөр бар»

экенин далилдеп көрсөттүӊөр.

Ахмадия Мусулман Жамааты жасап келе жаткан гуманитардык иш-аракеттери жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Адамзатка кызмат кылуу ар бир адамга милдет болуп саналат. Биз адамдардын муктаждыктарын алардын кайсы дин ээси экендигине карабай аткарышыбыз керек жана биз бири-бирибизди адамгерчиликтин усулдарынын (принциптеринин) негизинде түшүнүүгө аракет кылышыбыз керек. Ислам дининин таалимдери боюнча, эгерде кимдир бирөө мына ошондой кылбаса, анда анын сыйынуусу текке кетти дейбергиле».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ыйык Куран ачык-айкын мындай деп айтат: эгерде сыйынуу максатында мечиттерге келе турган адамдар аны менен бирге башкаларга зыян келтиришсе, кайрымдуулук иштерине катышышпаса жана тынчтык менен сүйүүнү жайылтпашса, анда алардын намаздары Алла Тааланын астында кабыл болбойт. Чындыгында, алардын ибадаты текке гана кетпестен, кандайдыр бир күнөө иши деп эсептелет».  

Ал Азирети мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты баштаган бир гуманитардык проектилеринин арасында негизги компоненти – бул дүйүнөнүн кээ бир эӊ артта калган бөлүктөрүндө билим менен камсыз кылуу  билим берүү мекемелери.

Ал Азирети мындай деди: Ислам дини кыздарга билим берүүгө жол бербейт деген жалган жалаа жабылган бир учурда Ахмадий мусулман кыздар жана аялдар билим жетишүү боюнча алардын эркек кесиптештери менен улуу болгон.

Ал Азирети мындай деди: аялдарды билим алуудан тыюунун ордуна, Ислам дини жашоо-турмуштун жакшыруусу жана ар кандай улуттун өсүп-өнүгүүсү үчүн аялдарга билим берүү абдан маанилүү болуп эсептелет деп ойлойт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Билим алып, аны өздөрүнүн улутуна кызмат кылууга пайдалануу ар бир эркек жана аял үчүн абдан зарыл. Ошентсе да, кыз бала үчүн бул дагы да маанилүү болуп саналат, анткени кийинки жашоосунда ал өз балдарына билим берип, аларды мыкты ыкмада тарбиялашы мүмкүн. Албетте, Ислам дининин Негиздөөчүсү, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бейиш адамдын энесинин таман астында деп айткан. Ошондой айтуунун себеби, эне өз балдарына билим берип, аларды жакшы жаран катары тарбиялоого маанилүү рол ойнойт, натыйжада алар өз элине пайдалуу инсан боло алат. Бул жагынан алып караганда, эне өз балдарын бейишти көздөй жетектеп, алар үчүн кандайдыр бир рухий жолду ачат».

Ислам дини боюнча бейиш менен тозок деген түшүнүктү чечмелеп, Ал Азирети мындай деди: эки бейиш бар: бири – бул жашоодо, экинчиси акыретте. Мурдагы көз карашынан алганда, качан кимдир бирөө тынчтык жана адеп-ахлакты көрсөтсө, бул нерсе башкаларды жакшылыктарга баштайт, натыйжада жер үстүндө бейиш түзүлүлөт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бир жактан, атынан эле мусулман деп аталуучу кээ бир адамдар клубдарга кол салып, же мусулман жана мусулман эмес дүйнөдө жанкечти чабуулдарды жасап, бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатышат. Алар жер үстүндөгү бейишти талкалап, аны тозокко айландырууну каалашат. Экинчи жактан, кээ бир адамдар тынчтык жана гармонияны таратып, ушул жол менен жер үстүндө бейишти жаратып жатышат».

Ал Азирети мындай деди: өз акы-укуктарына жетишүүгө аракет кылуудан көрө, башкалардын акы-укуктарын аткарууну биринчи кезекте коюу өтө эле зарыл. Ал Азирети мындай деди: Ахмадий мусулмандар Ислам дининин ушул түшүнүгүн кармануу менен жашоого аракет кылышат.

Ал Азирети Ислам дининин атынан жасалып жаткан терроризмдин көбөйүшү жөнүндө да токтолду. Ал киши мындай деди: Ислам дининин таалимдери бүтүндөй тынчтык жана террорчулук амалдарын жасап келе жаткандар болгону Ислам динин жаманатты кылып жатышат жана дин жөнүндө такыр билишпейт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бир аз мөөнөт мурун чет өлкөлүк бир журналист ИГИЛ деген террорист тобунун мүчөлөрү менен жолугушуп, Курани Каримдеги кайсы жерде зулумдук жана адилетсиздикке уруксат берилген деп сураган, ошондо ал террористтер биз Курани Каримди такыр билбейбиз жана жөн гана жетекчилерибиздин көрсөтмөлөрүнө баш ийебиз деп жооп беришкен. Ошондуктан, мен ачык-айкын айтып коёюн: күнөөсүз адамдарды өлтүрүп, террордук кылуунун Ислам дини менен эч кандай алакасы жок».

Ал Азирети буга чейин Германиядагы Ахмадий мусулмандардын жергиликтүү коомчулукка жакшы аралашып кетишкендиги жөнүндө пикир билдиришкен саясатчылардын ой-пикирлери тууралуу да токтолду.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгерде мусулман эркектер менен аялдар жакшы аралашпаган болсо, анда алар Ислам дининин чыныгы таалимдерин ээрчишпей келе жатышат деп айтуу керек. Кайсы гана өлкөдөн келгендигине карабай, бул жерде жашап жаткан ар бир Ахмадий мусулман бүтүндөй Германияга ишенимдүү болушу керек. Бул алардын диний милдети, анткени Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз мекенин сүйүү мусулман адамдын ыйманынын бөлүгү экенин айткан».

Өз кайрылуусунун аягында, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгер адам жогорку билимге ээ болсо, бирок кийинчерээк террорист болуп кетсе, бир адам жогорку билимдүү, бирок кийин террористтик, ал алган билими пайдасыз болду дейбергиле. Кудум ошондой, эгерде кимдир бирөө өзүнүн ыйман келтиргенин билдирсе, бирок дагы эле экстремизмге ишенсе, анда анын ыйманынын ага эч кандай пайдасы жок дейбергиле. Чындыгында, чыныгы ыйман адамдан тынчтык жана сүйүү жайылтышын талап кылат. Демек, мен ушул мечит курулуп бүткөн соӊ силер Ахмадий мусулмандардан мурдагысынан да көбүрөөк сүйүү ураандарын угасыӊар жана көрөсүӊөр деген үмүттөмүн жана күтөм».

Буга чейин Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза конокторго «куттуктоо» сөзүн окуду, андан кийин келген коноктор өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.

Марбург шаарынын Лорд мэри, Док. Тхомас Спиес мындай деди:

«Мен өтө чоӊ кубанычтамын: Ахмадия Мусулман Жамааты Марбург шаарында сыйынуу үйүн куруп жатат, ал (сыйынуу үйү) тынчтыктын жана диний эркиндиктин символу болот».

Комиссар, Кирстен Frundt мындай деди:

«Мен силер жаӊы мечитке эле фундамент ташын койбостон, келечектеги диалог жана тынчтык пайдубалын да тургузуп жатасыӊар деп ишенем. Ушул мечит өз ара бири-бирин түшүнүүнү көбөйтүү куралы болот».

Улуттук Ассамблеянын өкүлү, Сорен Бартол мындай деди:

«Ахмадий мусулмандар ар дайым тынчтык Ислам динине баса белгилешет жана чыр-чатактар келип чыккан бул доордо, өз ара урмат-сый жана сабырдуулукту көрсөтүп, бардык коркунучтарды алып салуу бардыгыбыздын милдети болуп саналат».

Анын кайрылуусу бүткөн соӊ, Азирети Мырза Масрур Ахмад жаӊы мечитке алгачкы ташын койду.

Ал Азиретинин улуу урматтуу жубайы, Азирети Аматул Субух Бегам да аталган мечитке таш койду, андан кийин мэр, башка сыйлуу коноктор жана бир топ Борбордук, Улуттук жана Жергиликтүү Ахмадий мусулман кызматкерлери да таштарды коюшту.

Расмий сессия Ал Азирети алып барган дуба менен аяктап, андан кийин конокторго тамак берилди.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via