Бүткүл дүйнѳлүк Мусулман Жол башчы Роторуага визит жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бүткүл дүйнѳлүк Мусулман Жол башчы Роторуага визит жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад геотермалдык гейзерлери жана Роторуа кѳлүнѳ барды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жол башчысы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 29-октябрында Жаңы Зеландиянын кооз шаары – Роторуага визит жасады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад ысыктык жердин астынан атылып, жердин үстүнѳ кѳтѳрүлүп турган белгилүү геотермалдык гейзерлерин жана баткак бассейндерин кѳрдү..

Rotorua-2

Бүткүл дүйнѳлүк Жол башчы кооз Роторуа кѳлүн кѳрүп, ал жерде Алла таала Жаңы Зеландияга тартуулаган, адамды ѳзүнѳ тарткан табигаттын ажайып кооздугуна күбѳ болду.

Rotorua-3

Бул – Халифанын Жаңы Зеландияга тарткан экинчи жолку иш сапары. Ал киши тарткан иш сапарынын түпкү максаттары: Оклендде салынган жаңы мечит – «Байтул-Мукийт» Мечитин ачуу; Жаңы Зеландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышуу жана жүздѳгѳн Ахмадий мусулмандар менен жекече жолугушууларды ѳткѳрүү.

Иш сапарынын учурунда Азирети Мырза Масрур Ахмад «Байтул-Мукийт» Мечитинин ачылуу аземин белгилѳѳ максатында ѳткѳрүлѳ турган атайын жыйынга ѳтѳ маанилүү кайрылууну да жасайт.

Rotorua-4

Азирети Мырза Масрур Ахмад Жаңы Зеландиядагы парламентте ѳткѳрүлѳ турган айтайын жыйында тарыхый кайрылуусун жасоо максатында Веллингтонго да жол тартат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад жол тарткан ар бир жерге Ислам дининин нукура жана тынчтык таалимдерин жеткирип келүүдѳ.

Rotorua-5

Азирети Мырза Масрур Ахмад дүйнѳдѳгү ар кайсы аймактарда жасаган докладдары жана кайрылууларында улам-улам коомчулуктун ар бир деңгээлинде тынчтык жана адилеттүүлүк болушуна басым жасады.

Rotorua-6

 

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via