Урматтуу Мухаммад Файсал Амин Ал-Абдулла мырза • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Урматтуу Мухаммад Файсал Амин Ал-Абдулла мырза

Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Жамаатыбызга көрсөтүлүп жаткан каршылык жөнүндө мындай деп айткан: «Ушул каршылыктар эгинибиздин жемиштүүлүгү үчүн семирткич-дары милдетин аткарып келүүдө». («Малфузаат» 3-том, 467-бет)

Кийинки саптарда ичи таза ушундай бир инсандан сөз кылабыз, ал жөнүндө каршылаштардын каршылыгы аны Ахмадияны кабыл кылууга алып келди деп айтсак, туурараак болот. Ал бир тууганыбыз каршылаштардын тилинен эң алгачкы жолу Ахмадия Мусулман Жамаатынын атын уккан. Анан бир аз маалыматты эле алуу үчүн Жамаат жөнүндө билүүгө аракет жасаган, ошондо Алла Таала акыйкатты ага ачып койду.

Таржымалы жана диний ал-абалы

Ушул тууганыбыз Мухаммад Файсал Амин Ал-Абдулла мырза Йерданиядан болот. Ал жерде 1964-жылы төрөлгөн, анан 2008-жылы байъат берүү бактысына ээ болду. Ал киши ушул руханий сапарынын ахвалын мындай деп айтып берет: мен орточо жана адеп-ахлак принциптерин карманган бир үй-бүлөдө төрөлгөнмүн. Мен башынан эле молдолордун кайрылууларын жана докладдарын укчу элем. Анан телеканалдардын доору башталганда, мен өзгөчө шыктануу менен исламдык телеканалдарын көрчү элем жана алардан сунушталуучу сабактарды кунт коюп тыңшачу элем. Ошондой эле ар кандай исламий адабияттарды жана тафсирлерди да окуп турчу элем. Мына ошол эле себептен улам Имам Махдийдин чыгуусу, Ыйса (алайхиссалаам)дын түшүүсүнөн тышкары Дажжал жана Яжуж-Мажуж жөнүндөгү башка хадистерден кабардар болчумун.

Кайрадан эскертүү

2007-жылы бир диний телеканалынан Мухаммад Аз-Загбий аттуу бир молдонун сабагы көрсөтүлүп жаткан эле, мен аны укканы отуруп алдым. Сабактын темасы «шийт рафза» болчу. Молдоке ошол агымды адашкан жана Исламдан чыккан деп адамдарга андан алыс жүрүүгө баса белгилеп айтып жаткан эле. Ошондой сөздөрдү сүйлөй берип, ал Ахмадия Жамааты жөнүндө сүйлөй баштады. Ал акыркы күндөрдө кандайдыр бир жаңы агым да пайда болуп, алардын өздөрүнүн телеканалы да бар деп айтты. Алар (Ахмадийлер) төмөндөгүдөй билдирүү жасашат: бүгүнкү күндөн жүз жыл мурда Индиядан Имам Махдий (алайхиссалаам) жана Убада кылынган Масийх чыккан, ал Алла Тааланын пайгамбары болчу. Ал эми чындыгында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Хаатамун-Набиййин (бардык пайгамбарлардын мөөрү) жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин кандайдыр бир пайгамбар жок. Ошондуктан, мен пайгамбармын деп билдирген ушул адам жалганчы, дажжал жана каззаб (ашынган жалганчы). Алардын тузагына илинип калбооңор үчүн ошол телеканалын такыр көрбөгүлө деп силерге баса белгилеп айтам. Себеби, өз дини жөнүндө туура жана так маалыматка ээ болбогон адам мына ошондой адамдардын тузагына жеңил гана илинип калат. Биз – уламалар болсок, башка кеп, биз динди да толук кандуу билебиз, ошон үчүн аларга алдануубуз такыр мүмкүн эмес. Андан тышкары, алардын жалганчылыктарын жокко чыгарып, алардын жалганчылык акыйкатын баарына ашкерилөө үчүн да биз алардын телеканалын көрө беребиз. Демек, мен улам-улам ушуну эле айтат элем: силер ошол коркунучтуу телеканалды такыр көрбөгүлө.

Радикализмдин коркунучтуу мисалы

Молдоке эскертип-насаат кылып жатып, мындай деп да айтып салган: «Кинолор жана кошоктор коюлуучу каналдарды көрүү Ахмадийлердин ошол каналынан көрсөтүлүп жаткан телеберүүлөрдөн жакшыраак».

Дагы мындай деп айткан: «Туура, кинолорду, сериалдарды жана кошокторду көрүү – бул баш ийбестик жана оор күнөө. Исламдын алкагында боло туруп ошондой күнөөнү жасоо адамды тозокко чейин да жеткирип коюусу мүмкүн. Бирок ошондой күнөөнү жасаган адам мусулман экендиги үчүн батыраак тозоктон чыгып кетет. Анын каршысында Ахмадия Жамаатынын каналын көрө турган адам «Куфр-э-баввахты» көргөн болот жана анын ушул иш-аракети тек фитна-чагымчылыктарга эле кабылтбастан, аны Исламдын алкагынан да чыгарып салат, мына ошондой жагдайда ал түбөлүккө тозокко кирип кетет. Ошондуктан, ал каналды көрүүдөн абайлагыла деп силерге насаат кылам.

Эскертүү үндөөгө айланды

Молдокенин кайрылуусунан кийин мен ушунчалык коркунучтуу Жамаат айлана-чөйрөбүздө өсүп-өнүгүп жатат, ал эми мен андан бейкапар жүрөм деп ойлондум. Ушуну ойлонуп, мен ушул Жамаат жөнүндө изилденүү чечимине келдим.

Мен спутник антена орнотуучу бир адамдан Ахмадийлердин каналы жөнүндө сураганымда, ал киши дароо: «Эмнеге ал жөнүндө сурап жатасыз, ал каапырлардын каналы», – деп айтты. Мен ага мындай дедим: «Мен болгону алар эмнени айтышарын жана кандай нерсеге даават кылаарын көрмөкчүмүн. Ошондуктан, сиз тынч болууңуз, менин көңүлүмдө алар үчүн кандайдыр бир боорукерлик сезим жок». Муну угуп ал киши МТАнын кодун мага берди. Ошентип, Ахмадияны көздөй менин сапарым башталып кетти.

Мен МТАга койгонумда {الحوار المباشر} «Ал-хиваарул-мубаашыр» аттуу телеберүү көрсөтүлүп жаткан болчу. Аны көрүп ой-пикирлерим өзгөрө баштады. Андан кийин мен «Ал-хиваарул-Мубаашыр» деген телеберүүнүн дагы бир топ бөлүктөрүн көрдүм. Андан тышкары урматтуу Мустафа Сабит мырза христиандарга жооп катары сунуштаган кээ бир телеберүүлөрдү да көрдүм. Баарынан да көбүрөөк мага Куран Каримдин тафсири жөнүндөгү телеберүүлөр жакты, айрыкча Азирети Сулайман (алайхиссалаам)дын окуясына кылынган акылга сыярлык тафсир менин жүрөгүмө кирип кетти. Каныша Сабанын ыйман келтирүүсү, анын аршын (тактын) алып келүү жөнүндөгү тафсир, андан тышкары ал аршты (тактты) алып келген жиндин акыйкатын билип, мен бүтүндөй өзгөрүп кеттим.

Чыныгы тафсир ушул гана!

Менин улуу байкем көз дарыгери болот, бирок ал киши Ислам окуяларынан жана рабаяттарынан турган кээ бир китептерди да жазган. Мен Сулайман (алайхиссалаам)дын жана каныша Сабанын окуясынан туура тафсирин билген соң түз агамдыкына бардым жана ага: «Мага Сулайман (алайхиссалаам)дын окуясын түшүндүрүп бериңиз?» – деп кайрылдым.

Агам: «Бул окуя тафсир китептеринде жазылган, каалаган китепти алып аны окуп алыңыз», – деп айтты.

Мухаммад Файсал ал-Абдулла: Анын тафсир китептеринде жазылганын билем, бирок сизден сураганымдын себеби: менде ушул окуянын акылга жана логикага шайкеш келүүчү жаңы тафсири бар.

Агам: Эгер ошондой болсо, келиңиз, бизге да айтып бериңиз, сизде эмне жаңы нерсе бар экенин биз да көрөлү?

Ошентип, МТАдан уккан Азирети Сулайман (алайхиссалаам)дын окуясын кенен-кесири айтып бердим. Аны угуп бир аз көз ирмемдерге чейин ал жиптин учун жоготуп салды. Анан: «Ушул тафсирди кайдан уккансыз?» – деп сурады.

Мухаммад Файсал ал-Абдулла: А дегенде, сизге ушул тафсир жактыбы деп айтыӊызчы?

Агам: Ушул эле туура тафсир жана адамдык табиатка шайкеш келүүчү түпкү акыйкат ушул гана. Эми ушул тафсир кайдан укканыңызды айтыңызчы?

Мухаммад Файсал ал-Абдулла: Ушул тафсирди ушундай бир телеканалдан укканмын, аны жүргүзүүчүлөр: «Имам Махдий жана Убада кылынган Масийх Индиядан чыккан, ошондой эле Ахмадия Жамаатынын атынан бир Жамаатты түзгөн», – деп ойлошот. Алардын телеканалы «МТА» деп аталат.

Менин агам менден ал каналдын кодун алып, ал да МТАны көрө баштады.

Имам Махдийдин араб тилин мыкты билүүсүнө берген баасы

Менин агам МТАны көрүп, кандайдыр бир молдо менен Ахмадия темасында сүйлөшкөн болушу мүмкүн жана ошол молдо ага айткандардын баарына агам макул болушу мүмкүн. Ошентип, бир жумадан кийин агам келип, мындай деп айтты: «Ушул канал жаман жана акыйкаты жок нерселерди таратып жатат. Ушул каналдагылардын максаты Исламга зыян келтирүү. Ал эми Ислам алардын жалган ой-пикирлеринен таза. Азыр мен алардын жалганын ашкерилөө чечимине келдим. Ошондуктан, алар жөнүндө бир китеп жазып, анда ошол каналдагылар да, алардын Убада кылынган Масийх да араб тилин билбегендигин айтып берем. Ошентип, агам араб тили боюнча адис болгон устаттарды да кошуп алып, ошол «жихадды» баштап койду. Бир аз эле убакыт өткөндөн кийин бир күнү агам алдыма келип, мындай деди: «Мен араб тилин билбейм. Мен жаңылышкан болчумун, ал эми алардын Имам Махдийинин араб тили өтө мыкты даражадагы тил. Ал киши көбүнчө байыркы кызыл тилдүү араб тилин колдонгон, анын көптөгөн сөздөрүн биз таштап салганбыз, эми аларды сүйлөй турган адам калбай калды. Мен арабмын, бирок мен алардын Имам Махдийи жазган тилиндей тилди билбейм. Ошондуктан, бүгүн мен жаңылышкан болчумун жана алар акыйкаттын үстүндө», – деп моюнга алам.

Жамаат менен байланышуу жана агамдын байъат берүүсү

Ошол эле убакыт аралыгында Жамаат менен байланышуу деген ой менде пайда болду. Мен урматтуу Тамим Абу Дакка мырза Йерданиядан болот, ошон үчүн ага байланышуум керек деп ойлодум. Мен Лондондо жайгашкан Жамааттын борборуна коңгуроо кылганымда, мага: «Сиз берген телефон номериңизге Тамим мырза коңгуроо кылат», – деп айтылды. Бир жума өтүп кеткен соң да мага эч ким чалбаган соң мен өз өлкөмдөгү «жардам кызматы» дептеринен Тамим мырзанын аты-жөнүн издей баштадым. Мага төрт-беш окшош аттар табылды. Алардын биринчисине коңуроо кылсам, ал Тамим Абду Дакка мырзанын эле номери болуп чыкты. Анын жубайы: «Ал киши Лондонго кеткен жана бир аз күндөрдүн ичинде кайтып келет», – деп айтты. Мен ага: «Ал киши кайтып келгенде, менин номеримди ага берип, мага телефон чалсын деп коюңуз, аны менен зарыл маселеде сүйлөшмөкчүмүн», – деп айттым.

Анан кийинчерээк Тамим мырза менен байланышып алдым, ал киши менин үйүмө да келди. Менин байкем турганда, кең-кесири сүйлөштүк. Ушул сүйлөшүүлөр өзүнүн өйдө-ылдыйылыгы менен чамасы бир жылга чейин улана берди жана анын аябагандай таң каларлык натыйжасы чыкты. Болгон окуя ушундай: мен аркылуу Жамаат менен таанышкан, мага каршы Жамааттын ыкластуулугуна жана чынчылдыгына шек-күмөн кылган жана ага каршы китеп жазуу ниетинде болгон ошол байкем бир жылдын ичинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын чынчылдыгына ишенип калды жана менден мурун байъат анкетасын толтуруп, жөнөтүп койду.

Дуба, түш жана байъат

Мен дагы эле изилденүү баскычтарынан өтүп жаткан элем. Ошентсе да, менде эгерде ушул (Жамаат) акыйкат болсо, анда байкем аны кабыл кылууда менден оозуп кетти жана мен алигиче андан куру-жалак калдым деген сезим-туйгу бар болчу. Акыры, 2008-жылдын куттуу Рамазан айы келгенде, мен мындай деп дуба кыла баштадым: «Эй, Алла! Мага ушул Жамааттын жана анын негиздөөчүсүнүн акыйкатын ачып койгун жана батыраак кандайдар бир жыйынтыкка келүү үчүн мага күч-кубат бергин».

Куттуу Рамазан айынын 15-күнү мен түштө төмөндөгүдөй аятты уктум:

Ал-Бакара 261

Рабби ари-ний кай-фа тух-йил-мау-таа, каала ава лам ту’мин (2:261)

Эй, Раббим! Сен өлүктөрдү кандай тирилтериңди мага көрсөткүн? Ал (Алла) мындай деди: «Сен буга ишбейсиңби?» (2:261)

Мен түштө ушул үндү укканында, ага жооп кылып дароо мындай деп айттым: «Ооба, албетте, мен ишенем, мен болгону жүрөк бейпилдиги үчүн гана сурадым».

Таң каларлык нерсе бул: мен ойгонгонумда, ушул эле аятты окуп жаткан элем. Андан кийин мен уктоого аракет кылдым, бирок бир аздан кийин улам-улам уйкум качып кетчү, ар жолу түштө ушул эле аят угулчу жана ойгонгонумда да ушул эле аят менин тилимен чыгып жаткан болчу. Беш жолу мына ошондой болду.

Мен ушул түштү урматтуу Тамим мырзага айтып бергенимде, ал киши мындай деди: «Дуба сураганыңыздан кийин көрсөтүлгөн ушул ачык-айкын түштү көрүп да байъат бербейсизби?» Ошентип, мен байъат берүү чечимине келдим жана сезим-туйгулардын айынан толкунданып, ыйлап Тамим мырзанын көзүнчө эле байъат анкетасын толтуруп койдум.

Бүткүл үй-бүлөнүн байъат берүүсү

Мен байъат бергенден кийин Алла Таала ушундай берешендик кылды: биринин артынан бири болуп, үй-бүлөмдүн баары байъат берди. Ошентсе да, бир кызым алигиче өз позициясына бекем турат. Анын төмөндөгүдөй себеби болушу керек: ал шарияттык колледжинде окуп жатат жана чыгыш илимдери боюнча магистратураны бүтүрүүдө. Алла Таала ага да хидаятты насип этсин жана ал дагы биз сыяктуу {امام الزّمان} Имамуз-Заман (Учурлук Имам) Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)га байъат берсин», – деп дуба кылууӊарды суранам. (Амийн)

Share via