Рамазан жана дуба • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Рамазан жана дуба

Алла Таала Курани Каримде мындай деп айткан:

Ramazan & Dua 1

«ва изаа саа-а-ла-ка ибаа-дий анний фа-инний ка-рий-бун, у-жий-бу даъ-ватад-дааъи изаа даъаа-ний, фал-яс-та-жий-буу лий вал-ю’-ми-нуу бий ла-аъалла-хум яр-шу-дуун».

Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашканда, албетте, Мен жакынмын. Дуба кылуучу адам Мени чакырганда, Мен анын дубасына жооп кайтарамын. Демек, хидаят табуулары үчүн алар дагы Мага жооп кылуулары жана Мага ыйман келтирүүлөрү зарыл. (2:187)

САЛАВАТ

Хадисте мындай деп кезигет:

«Рамазандын ар бир түнүндө Алла Таала Арштан бир периштени жерге жөнөтөт, ал (периште) мындай деп жар салат:

Ramazan & Dua 2

«йаа баа-ги-ял-хай-ри ха-лум-ма хал мин даа-ъин юс-та-жаа-бу ла-ху, хал мин мус-таг-фи-рин юс-таг-фа-ру ла-ху хал мин тааи-бин ю-таа-бу алай-хи хал мин сааи-лин юъ-таа суа-ла-ху».

«Эй, жакшылыкты тилөөчү адам! Кел. Дуба кыла турган бирөө барбы, анын дубасы кабыл кылынат? Алла Тааладан кечирим сурай турган бирөө барбы, ал кечирилет? Тобо келтире турган бирөө барбы, анын тобосу кабыл алынат? Кайрыла турган бирөө барбы, анын суроосуна жооп кайтарылат?» («Шаъбул-Ыйман», Баабу фазааилис-Саум)

Азирети Нуъман бин Башир (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Дуба гана ибадат болот». («Абу Давуд» жана «Термизий»)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Орозо кармаган адам ооз ачаарда сураган дубасы четке кагылбайт». («Ибн Маажа», Баабу фис-Сааими лаа турадду даъватуху)

Азирети Абу Амама (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан: «Кайсы дуба көбүрөөк кабыл кылынат?» – деп суралганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Түндүн акыркы бөлүгүндө жана парыз намаздарынан кийин (кылынган дуба)», – деп жооп берген». (Термизий)

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Раббибиз ар түндө жакынкы асманга түшүп келет. Түндүн үчүнчү бөлүгү калганда, Алла Таала мындай деп айтат: «Мага кайрыла турган бирөө барбы, Мен ага жооп кылайын? Менден сурай турган бирөө барбы, Мен ага тартуулайын? Менден кечирим сурай турган бирөө барбы, Мен аны кечирип коёюн?» («Термизий», Китаабуд-Даъваат)

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин да рабаят этет:

«Адам өз Раббисине ал сажда кылган маалда эң жакын болот, ошон үчүн саждада көп-көп дуба сурагыла!» («Сахих Муслим», Китаабус-Салаат, маа якуулу фир-Рукуъ вас-Сужууд)

Азирети Салман Фарси (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Алла Таала өтө абийирдүү, мээримдүү жана айкөл. Пенде Анын алдында (дуба үчүн) эки колун көтөргөндө, Ал аларды куру-жалак жана ийгиликсиз кайтаруудан уялат. Тагыраак айтканда, чын жүрөктөн суралган дубаны четке какпайт, тескерисинче кабыл кылат». («Термизий», Китаабуд-Даъваат)

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Кимде-ким Алла Таала оорчулукта анын дубаларын кабыл кылуусун кааласа, ал молчулукта жана бейпилдикте көп-көп дуба сурасын!» («Термизий», Китаабуд-Даъваат, Баабу даъватил-муслими мустажаабатун)

Азирети Абу Амама (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) көптөгөн дубаларды сураган, бирок биз алардан эч бирин да эстей алганыбыз жок, биз: «Эй, Алланын Элчиси! Сиз көптөгөн дубаларды сурагансыз, бирок биз алардан эч нерсени да эстей алганыбыз жок», – деп айттык. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Силерге ушул баардык дубалардын жыйындысы болгон дубаны айтып бербейинби? Силер мындай деп айткыла: «Эй, Алла! Мен Сенден Сенин Пайгамбарың Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Сенден сураган жакшылыкты эле сурайм жана Сенин Пайгамбарың Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Сенден кайсы нерсенин жаманчылыгынан баш паанек сураган болсо, мен да Сенден ошол эле нерсенин жаманчылыгынан баш паанек сурайм. Сенден гана жардам суралат, ошондой эле (бирөөгө жакшылык) алып келүү, күнөөдөн сактануу  жана жакшылык кылуу да Алла Таала тартуулаган күч-кубат менен гана мүмкүн». («Термизий»)

Алла Таала бардыгыбызга куттуу Рамазан айын жемиштүү өткөрүп, анда көп-көп дубаларды суроо мүмкүнчүлүгүн тартууласын! (Аамийн)

Share via