Мечитке кирээрдеги дуба

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызы Азирети Фаатима (разияллааху анхаа) мындай деп айтат: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мечитке кирээрде төмөндөгүдөй дубаны сурачу:
Окулушу: Бис-миллаа-хис-салаа-ту вас-салааму алаа Расулилллаа-хи, Аллаа-хуммаг-фирлий зу-нуу-бий ваф-тах-лий аб-ваа-ба рах-матика. (Ибн Маажа, Китаабул-Масаа-жид; Термизий, Абваабус-Салаат)
Котормосу: Алла Тааланын аты менен (мечитке кирем). Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат жана тынчтык болсун! Эй, Алла! Менин күнөөлөрүмдү кечиргин жана мен үчүн Өз рахмат эшиктериӊди ачкын!
Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мечиттен чыгаарда төмөндөгүдөй дубаны окучу:
Окулушу: Бис-миллаа-хис-салаа-ту вас-салааму алаа Расулилллаа-хи, Аллаа-хуммаг-фирлий зу-нуу-бий ваф-тах-лий аб-ваа-ба фаз-лика. (Термизий, Абваабус-Салаат)
Котормосу: Алла Тааланын аты менен (мечиттен чыгам). Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат жана тынчтык болсун! Эй, Алла! Менин күнөөлөрүмдү кечиргин жана мен үчүн Өз берешендик эшиктериӊди ачкын!