Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Голландияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Голландияга келди

Нунспит шаарынын жергиликтүү мэри Азирети Мырза Масрур Ахмадды тосуп алды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2015-жылдын 4-октябрында Голландиянын Нунспит шаарында жайгашкан «Байтун-Нур» аттуу мечитке жетип келди.

Учурлук Халифа Лондондон машина менен келип, Францияга киргенде, Голландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти –Урматтуу Хиббатун-Нур мырза жана бир топ башка чоң кызматтагы адамдар тарабынан тосулуп алынып, андан кийин алар ал кишини Голландияга чейин узатып барышты.

2015-10-04-NL-Arrival-002

Ал киши жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:35те «Байтун-Нур» мечитине келди. Ал жерде Нунспит шаарынын мэри – Ардактуу Дик ван Геммен мырза тарабынан тосулуп алынды, ошондой эле ал жерге келген жүздөгөн Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана жаш балдар өздөрүнүн руханий Жетекчисин дагы бир жолу көрүп, чоң кубанычта болушту.

Ал киши жетип келген соң Нюнспет комплекси кайра курулгандан бери биринчи жолу «Байтун-Нур» мечитинде шам менен куптан намаздарына имамчылык кылды.

Өзүнүн иш сапарынын аралыгында ал киши Голландиянын Улуттук Парламентинде жергиликтүү жана чет өлкөлүк депутаттарга жана официалдуу конокторго кайрылуу жасайт. Ал киши Голландияда жүргөн учурда бир топ башка расмий жолугушууларга катышат жана медиа маектерди берет.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via