Грек-католик епискобу Кабабир миссиясына келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Грек-католик епискобу Кабабир миссиясына келди

Ислам Ахмадия

2021-жылдын 22-июлунда урматтуу Юсуф Матто (Түндүк Израилдин христиан епискобу) Кабабир ​​миссиясына келип, Ахмадия Мусулман Жамаатын Курман айт майрамы менен куттуктады. Аны менен кошо өлкөнүн ар кайсы шаарларында диний милдеттерин аткарып келе жаткан беш христиан пастору да болгон. Мен, Жамаатыбыздын миссионери урматтуу Имадудин мырза, Баш катчы урматтуу Муъааз Умар мырза, Тышкы иштер катчысы урматтуу Билал Аудэ мырза жана башка туугандар урматтуу епископту тосуп алдык. Аларды тосуп алып, мен Ыйык Куран бизге жакшы жана такыба христиандардын ар дайым бизге сүйүү жана мээрим менен мамиле кылышы жөнүндө түбөлүк сүйүнүчтүү кабарды айтты, ошондуктан биз сиздерди чын жүрөктөн тосуп алабыз дедим.

Аталган епископ куттуктоо сөздөрүн окуп, бизге биринчи жолу келгендигин, ушул куттуу күндөрү Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү менен чогуу болуу өзү үчүн чоң кубаныч экендигин айтты. Кийинчерээк ал курмандык руху бардык диндерге мүнөздүү деп айтып, Ыйык Китепте (Библияда) Ыйса өзүнүн достору үчүн өзүн курмандыкка чалган деп айтылат деди. Ошондой эле, ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн чогуу туруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Акырында ал дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлөр адамга байланыштуу экендигин, Аллах Тааланын же диндин айынан эмес экендигин айтты. Кудай биздин биримдигибиздин каражаттарын жана жолдорун камсыз кылгандыктан, биз, динчил адамдар Кудайдын сүйүүсүн жана мээримдүүлүгүн чагылдырышыбыз керек деди.

Ислам Ахмадия

Мен аларга иш сапары үчүн ыраазычылыгымды билдирип, диний лидерлердин мындай сапарлары абдан маанилүү экендигин айттым, анткени бул менен биз адамдарга баардык маселелерди биз бири-бирибиз менен чогуу туруп чечишибиз керектигинин маанилүүлүгүн баса белгилеп жатабыз. Мен Убада кылынган Масийх жана Махдий (ага тынчтык болсун) өмүрүнүн акырында тынчтыкты жана бейпилдикти орнотуу үчүн өтө маанилүү принциптерди айтып берген деп билдирдим. Алардын бири – ар башка динди тутунган адамдар бири-бири менен жакшы мамилелерди орнотушу керек, бул алардын жолдоочуларынын арасында сүйүү жана бир туугандык мамилелерди жаратуу каражаты болот.

Анан Курбан айт жана курмандык жөнүндө мен Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган Курбан айты кутбасынын негизинде курмандыктын акыйкатын айтып, эмне үчүн Аллах Таала ибадаттын ички жагы менен бирге анын сырткы көрүнүшүнө да буюргандыгын түшүндүрдүм. «Мусулмандын» аныктамасы да ушул, бир жагынан Аллах Таала үчүн бардыгын курмандыкка чалсын жана ошол эле учурда пенделеринин акыларын да аткарсын жана бул курман айты үйрөтө турган сабак. Андан кийин мен Азирети Ибрахим (алайхиссалаам)дын курмандыгы, Ибрахимдин динин ээрчүү жана салаваат окуу учурунда Азирети Ибрахим (алайхиссалаам)га салаваат окуу туураалуу да сөз кылып, Азирети Ибрахим (алайхиссалаам)дын урпактары үчүн дуба кылып туруу биз үчүн парз кылынганын айтып бердим.

Андан кийин мен Ахмадия Мусулман Жамааты, бүткүл дүйнө элдери келүүсүн күтүп жаткан Убада кылынган инсандын пайда болгондугу жана чыныгы Халифат жөнүндө кыскача маалымат бердим. Мен Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) бүткүл дүйнөдө тынчтык орнотуу үчүн жасап келе жаткан ар кандай иш-аракеттерин да эскерип өттүм.

Урматтуу Мухаммад Шариф Аудэ мырза (Кабабирдеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири) дагы билдирүүсүн жиберип, урматтуу епископ мырза жана анын шериктерине ыраазычылык билдирди. Кийинчерээк епископ мырза жана анын командасына Миссия Үйү, «Саййиднаа Махмуд» мечити, МТА студиясы, көргөзмө жана «Масрур» Борбору көрсөтүлдү. Улуу урматтуу епископ бул иш сапарга абдан кубанычта экендигин билдирип, бул биздин мамилелерибиздин башталышы гана экендигин жана Кудай буюрса, келечекте биргелешип иштей тургандыгын билдирди.

Жамаат мүчөлөрүнөн Алла Таала ушул зыяратка бата берүүсүн жана Кабабирдеги Ахмадия Мусулман Жамаатына Анын сан жеткис берешендиктеринен жана берекелеринен тартуулоосу үчүн дуба кылгыла деп өтүнүп суранам. Омийин

(Репортажды даярдаган: Шамсуддин Малабарий – Эл аралык «Ал-Фазл» газетасынын өкүлү жана Кабабирдеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионери)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via