Ийдул-Азхаа (Курман айт) кутбасынын кыскача маани-мазмуну • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ийдул-Азхаа (Курман айт) кутбасынын кыскача маани-мазмуну

мечитте окулган жума кутбасы

2020-жылдын 31-июлунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган ИйдулАзхаа (Курман айт) кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Курман айт майрамын белгилөөнүн максат-мүдөөсү, Вакфйин-э-Нау[1] балдар жана алардын ата-энелерине насаат сөздөрү, Ахмадияттын жолунда шейит болгондорунун үй-бүлөлөрү жана өз жашоосун динге арнагандар үчүн дубага чакыруу

Мусулмандар Ислам дининин баштапкы мезгилинен бери төрт миң жылдан көбүрөөк мөөнөт мурун орун алган курманчылык жана ага тиешелүү окуяны эстеп Курман айтын белгилеп келишүүдө.

Бүгүнкү күн Ибрахийм (алайхиссалам)дын үй-бүлөсүнүн Алла Таалага кылган тобокели жана жасаган курманчылыгын эскерте турган күн.

2020-жылдын 31-июлунда, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 31-Вафаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган Ийдул-Азхаа (Курман айт) кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 31-июль күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде Курман айт кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:

Бүгүн Ийдул-Азхаа күнү. Ал курманчылыктын айты деп аталат. Мусулмандар Ислам дининин баштапкы мезгилинен бери төрт миң жылдан көбүрөөк мөөнөт мурун орун алган курманчылык жана ага тиешелүү окуяны эстеп, Курман айтын белгилеп келишүүдө. Ушунчалык мөөнөт өткөндөн кийин дагы ал курманчылыктын маанилүүлүгү жана эскерилүүсү азайган эмес. Албетте, элге  көрсөтүү үчүн курмандык чалыша турган жана майрам катары эле белгилей турган адамдар да арбын. Ал эми чыныгы момун-мусулман ушул курманчылыктын маанилүүлүгүн жана маӊызын эстеп турат. Алла Таала ушул окуяны Курани Каримде сактап, түбөлүккө курманчылыктын бир өлчөмүн белгилеп койгон. Бул кандай жогорку деңгээлдеги өлчөм. Бүгүн дагы ал окуяны укканыбызда, ага ой жүгүрткөнүбүздө, жүрөктөрүбүз сезимдерге толуп калат. Бир адам карыганда, башкача айтканда токсон жаш курагына жеткенде балалуу болот жана Алла Таалага ага уулуңду сойуп сал деп буйрук берет, ошондо ал өзүнүн жалгыз уулун союуга даяр болуп калат. Бул жөнөкөй нерсе эмес. Ал баланын эй, ата! Кудай айтканын кыла кой деген жообун дагы Курани Карим сактап койгон. Бул жооп өз эрки менен курманчылык кылуучуларга бир үлгү болушу керек. Жаштарга курманчылыкка даяр болгондордун жообу жана деңгээли мына ушундай болушу керек деп айтылган.

Теӊдеши жок ушул окуяларды угуп, биз сезимдерге толуп калабыз. Көптөгөн адамдардын көздөрү жашка толуп кетет. Бирок, биз үчүн ушул гана жетиштүү эмес. Ошонун менен бирге «ар кандай курманчылыкка даяр болобуз» деген антыбызды талдап туруубуз зарыл.

Азирети Ибрахийм (алайхиссалам)дын Алла Тааланын буйругунун негизинде дароо уулун курмандыкка берүү үчүн даяр болгондугу бир жагынан өзгөчө мааниге ээ. Анткени, ал (алайхиссалам) өтө жумшак көӊүлдүү адам болчу. Ал эми Алла Тааланын буйругу келери менен ал (алайхиссалам) өзүнүн жеке кайгы-капачылыгын жана сүйүү-махабатын бир жакка коюп, Алла Таалага болгон сүйүүсүн ар бир нерседен жогору койгон. Анын ушул өзгөчө курмандыгы Алла Таалага көрсөткөн ишеними, сүйүүсү жана курманчылыгында аны башкалардан айырмалап көрсөткөн жана мусулмандар Кыямат күнүнө чейин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаават жолдоп турушканда, аны менен бирге Азирети Ибрахийм (алайхиссалам)ды дагы эскерип турушат. Ар бир мусулман, Курани Каримди окуган ар бир адам жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаават жолдогон ар бир адам Алла Тааланын ушул курманчылыкты эстеп турганын жана аны Кыямат күнүнө чейин жандандырганын жакшы билет. Азирети Ибрахийм (алайхиссалам) ушул курманчылыкты кылып, бул курманчылыгымдын эч кандай акыйкаты жок, тескерисинче, бул ушул курманчылыкка мени татыктуу деп билген Кудай Тааланын берешендиги гана деген ойду өз жүрөгүнө жана мээсине бекем киргизип алган болчу. Демек, курманчылыкка даяр болуу деген ант-убаданы бергенибизде, биз дагы жогорудагы ойду ар бир нерседен жогору коюуга аракет кылуубуз керек. Биздин курманчылыктарыбыз Азирети Ибрахийм жана Азирети Исмаийл (алайхимассалам) кылган курманчылыктардын алдында эч даражага ээ эмес, ошентсе да, эгер биз «динди дүйнөдөн жогору коюу» деген ант-убадабызга жараша кенедей аракет кылганыбызда, Алла Таала бизге чексиз берешендиктерин тартуулайт. Демек, жогорудагы сезим убактылуу эмес, тескерисинче түбөлүктүү болушу керек. Алла Таалага жакын болуу тилеги жана ага жараша кылынган аракеттер жашоонун түбөлүк бөлүгү болгондон кийин гана, биз өз ант-убадабызды аткарууга аракет кылуучуларданбыз деп айтууга акылуу болобуз. Үйлөрдө ушундай айлана-чөйрөнү пайда кылуу үчүн дубалар жана иш-аракет талап кылынат.

Курманчылыкка даяр болуу окуясынан кийин Азирети Ибархийм жана Азирети Исмаийл (алайхимассалам)дын дагы башка курманчылыктарынын доору башталат. Ушул жаңы доордо Алла Таала Азирети Ибрахийм жана Азирети Исмаийл (алайхимассалам)ды гана эмес, тескерисинче Азирети Ибрахийм (алайхиссалам)дын аялы жана Азирети Исмаийл (алайхиссалам)дын энесин дагы курманчылыкка шерик  кылып, эркектерге эгерде силер чыныгы такыба адамдар болсоңор, анда силердин таасириӊер жубайларыңарда дагы байкалышы керек деген үлгүнү калтырган. Бычак менен союу кандайдыр бир убактылуу курмандык болчу, бирок кооптонуу, жалгыздык жана айырлуу деген курманчылыкты Алла Таала бардык үй-бүлөдөн талап кылганда, Азирети Ибрахийм (алайхиссалам) Азирети Хажира жана Азирети Исмаийл (алайхиссалам)ды бир ээн-таала, эрме-чөлгө жерге калтырып келген. Азирети Хажира дагы Алла Таалага тобокел кылуу боюнча бир теӊдеши жок үлгүнү көрсөткөн бойдон эч кооптонбой өзүн ушул курманчылыкка сунуш кылган. Алла Таала ушул курманчылыктын аркасынан ал аркылуу бир улуу коомду жаратып, андан Азирети Хаатамул-Анбия[2] (саллаллааху алайхи ва саллам) сыяктуу улуу мартабалуу Пайгамбарды чыгарган. Ошентип, бүткүл дүйнөнү Азирети Исмаийл (алайхиссалам)дын кол астына алып келип койгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аркасынан бүгүн миллиондогон адамдар ажылык жана Умра ибадатын аткарышканда, Азирети Хажира кылган ошол курманчылыгын дагы эскеришет.

Бүгүнкү күн бизге ошол үй-бүлөнүн Алла Таалага кылган тобокелдүүлүгүн жана курманчылыгын эстете турган күн. Азирети Ибрахийм (алайхиссалам) көрсөткөн туруктуулугун жана Азирети Хажира кылган курманчылыгын өзүбүзгө үлгү кылып алуубуз керек. Ар бир аял ошол деңгээлге кандай жетишүү керектигин ойлошу керек. Мен Лажна балдарды курманчылыкка берүү ант-убадасын кайталап жаткан учурда кээ бир аялдар (азырынча) буга биз даяр эмеспиз деп унчукпай коюшкандыгын билдим. Эгерде Алла Таалага тобокел кылуу жана Анын ыраазычылыгына татыктуу болуу тилеги бар болсо, анда жогорудагы ой эч качан пайда боло албайт. «Динди дүйнөдөн жогору коюу» деген ант-убаданы ар бир Ахмадий эркек, аял, жаш жана бала аткарышы керек. Качан эркектерибиз өз үлгүлөрүн Азирети Ибрахийм (алайхиссалам)дын деңгээлине көтөрүшкөндө, анда ошол руханий деңгээл аялдар жана балдарына дагы өтүп кетет. Качан ар бир аял Азирети Хажира жана ар бир жаш Азирети Исмаийл (алайхиссалам)дын үлгүсүн тууроого даяр болсо, анда Алла Тааланын берешендиктери жамгырдай жаай баштайт. Ошондо чыныгы курманчылык жана анын натыйжасында Кудай Таалага жакын болуу түшүнүгү жана тажрыйбасы да насип этилет.

Азыркы доордо Ислам динин жандандыруу иштерине шерик болуубуз үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын биз ыйман келтирген чыныгы кулу – Азирети Мырза Гулам  Ахмад (алайхиссалаам)ды да Алла Таала «Ибрахийм» деп атаган. Мисалы, Алла Таала көп вахий-аяндарда Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды «Ибрахийм» деп чакырган. Демек, руханий өсүп-өнүгүү, дүйнөдө Ислам динин үстөмдүк кылуу жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын желегин дүйнөдө көтөрүү үчүн ушул доордогу Ибрахиймди кабыл кылгандан кийин ар бирибиз Исмаийл болууга аракет кылуубуз зарыл. Ушул эле жол менен биз азыркы доордун Ибрахиймине ыйман келтиргендиги үчүн шейит кылынгандардын курмандыктары үчүн ылайыктуу өч алышыбыз мүмкүн. Хузур-э-Анвар Ваакфийн-э-нау балдары жана алардын ата-энелерине насаат кылып, «динди дүйнөдөн жогору коюу жана курманчылык кылуу» ант-убадасын бергенден кийин оор каржылык абал жана айлык аз деген өӊдүү шылтоо такыр эле маанисиз деп айтты. Биздин Жамаатыбыздын максат-мүдөөсү – бул адашып калган адамдарды Кудай Тааланын алдына жыгылуучулардан кылуу. Демек, ушул максат-мүдөө үчүн Ваакфийн-э-Нау балдарынын көпчүлүлү Мураббий (тарбия берүүчү) жана миссионер болууга аракет кылуулары керек.  

Хузур-э-Анвар Алла Тааланын жолунда туткун болгондор үчүн айрыкча дуба кылууга чакырды. Ошондой эле, шейит болгондордун үй-бүлөлөрү, динге жашоосун арнагандар, миссионерлер жана Муъаллимдерди дубаларда эстеп турууга чакырды. Хузур-э-Анвар Пакистанда курмандык чалуудан тыюу салынуу жана Африкага сырттан келип баш аламандыкты чыгаруучулар жөнүндө сөз кылып, бардык Ахмадийлердин ошондой тентектердин жамандыгынан сактануусуна дуба кылды.

Хузур-э-Анвар Хутба Сания (кутбанын экинчи бөлүгү)нөн мурун дүйнө жүзүндө жашаган бардык Ахмадийлерди сүйүүгө толгон Айт мубарак (айтыңар маарек болсун) деп куттуктады жана бүгүн дагы жума кутбасы өз убагында болот деп жарыялады.

٭…٭…٭

[1] Төрөлө элек кезинде динге арналган балдар.

[2] Бардык пайгамбарлардын мөөрү.

Share via