Сьерра-Леоне республикасында Ахмадия үч жаңы мечитти салды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сьерра-Леоненин БО аймагында үч мечиттин куттуу ачылыш аземи жана бир «Омийин» мааракеси

Африкада курулган мечит

Аллах Тааланын берешендиги менен 2021-жылдын июнь айында Сиерра-Леонедеги Ахмадия Мусулман Жамааты Бо аймагында үч жаңы мечиттин ачылышына жетишти. Ал-хамдулиллах. Бул мечиттер жана өткөрүлгөн программалар жөнүндө кыскача отчёт окурмандарга жеткирилет.

Пуджехун районундогу «Ахмадия» мечити

Мечиттин ачылуу аземи расмий түрдө 16-июнь күнү саат 11:00де Сьерра-Леоне Республикасындагы Жамаатыбыздын Амири жана миссионерлердин төрагасы Мавлана Саъийдур-Рахман мырзанын төрагалыгында Курани Карим окулушу менен башталган. Урматтуу Адийл Ахмад Тахир Куран окуп, андан кийин келген коноктор тааныштырылды.

Бул программанын ичинде Курани Каримди биринчи жолу аяктаган төрт баланын «Омийин» аземи да болду. Урматтуу Амир Сахиб бул балдардын Куран окуганын угуп, алардын кээ бирлерине сертификаттарды тапшырды.

Өзүнүн кайрылуусунда урматтуу Амир Жамаатты тааныштырып, мечиттерди куруунун максат-мүдөөсүн айтып берди. Ал расмий түрдө лента кесип, дуба кылуу менен мечитти ачты, андан кийин аталган мечитте жамаат менен зухр намазы окулду. Намаздан кийин чогулгандарга түшкү тамак берилди.

Африкада курулган мечит

Бул мечиттин пайдубалы 2020-жылдын 11-октябрында аймактык миссионер Маулавий Акийл Ахмад мырза тарабынан коюлган. Бул мечиттин тамы салынган бөлүгү 42*54 фут болуп, анда 250 адам намаз аткарышса болот. Мечит менен бирге, миссионердик үйүнүн бир бөлүгү дагы курулган, анда Жамааттын мүчөлөрү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала)нын сүйлөгөн сөздөрүнөн пайда алуу үчүн күн энергиясын колдонуучу жабдуу жана MTA менен да камсыздалган.

Сыйынуучулардын ыңгайлуулугу үчүн даараткана жана ванна бөлмөсү да курулган.

Бул кутмандуу аземге Жогорку Кеңештин депутаты, батальондун командири, мурдагы провинциянын катчысы, мурунку министр, эки башкы жетекчи, үч баш имам-хатиб, шаар имамы, бөлүм имамы, райондун баш имам-хатибдери жана бир нече Ахмадий эмес туугандардан тышкары 340тан ашуун адам катыштышты.

Мандо регионундагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын «Ахмадия» мечити

Азем расмий түрдө 17-июнда саат 11де Сьерра-Леоне Республикасындагы Жамаатыбыздын Амири Сахибдин жетекчилиги астында Курани Карим окулушу менен ачылды. Андан кийин конокторду Маулавий Юсуф Абдул-Латиф Байян мырза тааныштырды.

Андан кийин, Атфаалдар жана Наасирааттар курста оозеки түрдө намаз сөздөрүн, аталган уюмдардын ант сөздөрүн, Куран жана Хадис дубаларын окушту.

Африкада курулган мечит

Бул мечиттин пайдубалынын алгачкы ташы 2018-жылдын 13-мартында Бо аймагынын миссионери Маулавий Акийл Ахмад мырза тарабынан коюлган. Бул мечиттин тамы салынган бөлүгү 35*40 фут жана анда 200 адам намаз окуса болот. Бул мечит менен бирге миссионердик үй да курулган, ошондой эле Жамааттын мүчөлөрү үчүн Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала)нын кутбасын угуу үчүн күн энергиясын колдонуучу жабдуу жана МТА да орнотулган.

Өзүнүн кайрылуусунда урматтуу Амир Сахиб Жамаатты тааныштырып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын келишинин максатын, ошондой эле анын ордун жана даражасын айтып берди.

Бо аймагынын Башкы имам-хатиби, Башкы жетекчинин өкүлү жана мурдагы кеңешчи өз пикирин билдирип, Жамааттын иш-аракеттерин баалап, аларды колдоорун айтты.

Урматтуу Амир Сахиб лента кесип, расмий түрдө мечиттин ачылышын жасап, дуба кылды, андан кийин мечитте жамаат менен зухр намазы окулду. Намаздан кийин чогулгандарга түшкү тамак берилди.

Бул куттуу аземге 280ден ашуун киши, анын ичинде Бо районунун башкы имам-хатиби, Башкы жетекчинин өкүлү, мурдагы кеңешчи, аймактык имам, 10 жергиликтүү имамдар, мектептердин директорлору, мугалимдери жана Ахмадий эмес туугандар катышышты.

Жама Кова, Кова Башкы бийлиги, Моямба аймагындагы «Байтул-Азиз» аттуу «Ахмадия» мечити

Азем расмий түрдө 28-июнда саат 11де Амир Сахиб Сьерра-Леоне Республикасындагы Жамаатыбыздын Амири Сахибдин жетекчилиги астында Курани Каримдин окулушу менен ачылды. Маулавий Исмаил Конте мырза Куран окуду жана Маулавий Юсуф Абдул-Латиф Байян мырза аны Менде тилине которду. Андан кийин коноктор тааныштырылды.

Өзүнүн кайрылуусунда Амир Сахиб Жамаатты тааныштырып, мечиттерди куруунун максат-мүдөөсүн айтып берди. Андан кийин кээ бир коноктор өз ой-пикирлерин айтышты.

Африкада курулган мечит

Бул мечиттин пайдубалы 2020-жылдын 11-ноябрында Бо аймагынын миссионери Маулавий Акийл Ахмад мырза тарабынан коюлган. Бул мечиттин тамы бар бөлүгү 35*45 жана анда 200 сыйынуучу намаз окуса болот.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала) мээримдүүлүк кылып, бул мечитти «Байт-ул-Азиз» деп атады.

Бул кутмандуу аземге бир пастор, башкы имам-хатим, бир Жетекчи, бир регент башчысы, Жамаатыбыздан болбогон бир нече имамдар жана туугандар баш болгон 470 адам катышты.

Урматтуу Амир Сахиб лента кесип, расмий түрдө мечиттин ачылышын жасады жана дуба кылды, андан кийин мечитте жамаат менен зухр намазы окулду. Намаздан кийин чогулгандарга түшкү тамак берилди.

(Репортажды даярдаган: Абдул-Хаадий Курайший – «Эл аралык Ал-Фазл» газетасынын Сьерра-Леонеге болгон корреспонденти)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via