Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Скарбородо «Байтул-Афият» мечитин ачты

Жаңы мечиттин көбү Ахмадий мусулман аялдар тарабынан каржыланган
Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 11-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канаданын Онтарио облусуна караштуу Скарборо деген райондо «Байтул-Афият» (Тынчтык жана Коопсуздук Үй) мечитин ачты.
Ал киши 13:30да жаңы мечитке келгенде, жергиликтүү Ахмадия Мусулман Жамаатынын жүздөгөн мүчөлөрү аны тосуп алышты.
Улуу Урматтуу Халифа келип, Алла Таалага ыраазычылык билдирип, тынч дубаны алып баруудан мурун аталган аземди белгилөө үчүн эстелик тактасын ачты.
Андан кийин ал киши пешин жана дигер намаздарына имамчылык кылуу менен жаңы мечитти ачты.
Намаздарды окуган соң ал киши жергиликтүү Ахмадий мусулмандар менен жолугушуп, балдарга «таттуулукту» (школад ж.б.) бөлүштүрүп берди.
Мечитте Ахмадий мусулмандарга сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Ушул мечитти куруу жана буга ыраазы болуу эле жетиштүү эмес. Тескерисинче, ар убакта ушул мечиттин толук бойдон калуусу – бул силердин милдетиңер болуп саналат».
«Байтул-Афият» мечити 2008-жылы сатылып алынып, кийинки бир канча жылдарда ал мечитке айландырылган.
Ушул мечиттин бир өзгөчөлүгү: ага кеткен каражаттардын басыңдуу бөлүгү Лажна Имааиллах (Ахмадий аялдардын тармактуу уюму) тарабынан төлөндү.
Лажна Имааиллах ушул проектиге толугу менен бир миллион долларды чыгымдашкан, калган акчаны жергиликтүү Ахмадий мусулмандар төлөшкөн.
АЯГЫ
Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK
Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682
Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Press Secretary AMJ International
(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)