Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Оттавага келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Оттавага келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад Канаданын борбор шаарында парламент мүчөлөрүнө кайрылуу жасайт

2016-жылдын 15-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канаданын борбор шаары – Оттавага келди.

Учурлук Халифа саат 19:50да «Байтун-Насийр» мечитине келип, жүздөгөн Ахмадий мусулмандар тарабынан тосулуп алынды, алар өздөрүнүн руханий жетекчисин көрүп, кубаныч жана сүйүү ураандарын чакырышты. Андан кийин ал киши шам менен куптан намаздарына имамчылык кылды.

Оттавага жасаган иш сапарынын аралыгында иш-план боюнча Учурлук Халифа Канаданын Улуттук Парламентине кайрылуу жасайт, ошондой эле өкмөт министрлери жана медиа менен жолугушууларды да өткөрөт. Ал киши жүздөгөн жергиликтүү Ахмадий мусулмандар менен жеке жолугушууларды да алып барат.

Күн мурун ал киши Онтарио облусуна караштуу «Тынчтык Айыл» деген жерден 11:15те жолго чыкты. Оттавага бара турган жол ортосунда Учурлук Халифа Кингстон шаарында токтолуп, ал жерге жергиликтүү Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү ал кишини тосуп алуу үчүн чогулушкан эле.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via