Жамаатыбыздын делегациясы ички иштер министри менен жолугушту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жамаатыбыздын делегациясы ички иштер министри менен жолугушту

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Африка

Жамаатыбыздын делегациясы Нигердин ички иштер министри менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

Аллах Тааланын берешендиги менен Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөнүн ар бир бурчунда Алла Тааланын убадаларына ылайык күндөн-күнгө өнүгүп келе жатат. Жалпы адамдар гана эмес, улуулар дагы Учурлук Имам дүйнөгө сунуштаган Исламдын чыныгы жүзү менен таанышууда. Жакынкы мезгилдерде Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамааты да Аллах Тааланын берешендиги жана Сүйүктүү Хузурубуз (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз)дин дубалары менен бир топ ийгиликтерге жетишти жана өлкөнүн Байланыш министри менен жакшы мамиле түзүлдү, натыйжада башка маанилүү бийлик органдары менен байланыш түзүүдө ал Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамаатына жардамчы жана көмөкчү болуп жатат жана бул жаатта ал Жамаатыбыздын делегациясын Ички иштер министри менен жолуктурду.

Ошентип, 2020-жылдын 8-сентябрында Жамаатыбыздын делегациясы Нигердин Ички иштер министри урматтуу Алкаше Аль-хада мырза менен кеңсесинде жолугушту. Жамаатыбыздын делегациясынын курамына Нигердеги Жамаатыбыздын Амири жана миссионерлердин төрагасы урматтуу Асад Мужийб мырза жана Жамаатыбыздын миссионери Адийл Ахмад мырза киришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Ички иштер министрине Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам), Хузур-э-Анвар (аййдахуллаху таъаала) жана Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамааты жөнүндө кеӊири маалымат берилди, андан кийин Ыйык Курандын французча котормосу менен кошо «Ислам окууларынын философиясы» жана «Глобалдык кризис жана тынчтыктын жолу» аттуу китептердин французча котормосу тапшырылды.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын билдирүүсү жөнүндө өз ой-пикирин билдирип жатып, Нигердин Ички иштер министри: «Бир Ислам Жамаатынын «сүйүү баарына» жөнүндө сүйлөп жатканын укканымда абдан кубанычтамын, антпесе менин үй-бүлөмдүн балдары ар дайым мага «эмне үчүн Ислам дининде бир гана согуш жана жек көрүүчүлүк бар?» – деген суроону беришет», – деди. Ошондуктан, силердин сүйүү жана тынчтык жөнүндөгү билдирүүңөр абдан кубанычтуу жана мен Ахмадия Мусулман Жамаатынын Нигерде иштеп жаткандыгына кубанычтамын деди.

Жакында Нигердеги кээ бир террористтер француз туристтерге кол салып, аларды өлтүрүшкөндүктөн, өлкөдөгү учурдагы кырдаал жана Жамаатыбыздын өкүлдөрүнүн иш сапарынын учурунда көрүлгөн коопсуздук чаралары да талкууланып, кийинчерээк Ички иштер министрине ыраазычылык билдирип, Жамаатыбыздын делегациясы иш бөлмөсүнөн чыгып кетти.

(Репортажды даярдаган: Каусар Жамийл – «Ал-Фазл Интернейшнал» газетинин кабарчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via