2019-жылы Англияда боло турган Жалса Саланага көрүлгөн даярдыктарды текшерүү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

2019-жылы Англияда боло турган Жалса Саланага көрүлгөн даярдыктарды текшерүү

Ыйык Жыйын дин ыйман Ислам

Азирети Мырза Масрур Ахмад Алтон, Хэмпшир жана Тилфорд жерлеринде даярдыктарды текшерди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) базар күнү 2019-жылдын 28-июлунда  Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 53-Жылдык Жыйынына (Жалса Салана) көрүлүп жаткан даярдыктарды көрүп чыкты.

Даярдыктарды көрүп жаткан кезде Азирети Мырза Масрур Ахмад үч күндүк аземдин аралыгында иштей турган ар кандай бөлүмдөрдү көрүп чыкты. Ал Азирети (Хузур) көрүлүп жаткан даярдыктарды текшерип жаткан учурда ага ошол даярдыктар жөнүндө кыскача маалыматтар берилди жана Ал Азирети бардык катышуучуларга жеңилдиктерди жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө көрсөтмө берди.

Ыйык Жыйын дин ыйман Ислам

Андан соң Ал Азирети акысыз иштей турган 5,000ден ашуун ыктыярчы кызматчыларга түздөн-түз кайрылып, аларга өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди тырышчактык менен аткарууга жана намаздарды калтырбай окууга насаат кылды.

Ал Азирети ыктыярчы кызматчыларды мактап, алар өздөрүнө тийиштүү милдеттери жана жоопкерчиликтери боюнча жогорку даражадагы адистикке жетишкендигин айтты. Ошентсе да, алар кичипейил болуп, ар дайым Алла Таалага кайрылып, өз ишин жакшыртууга дуба кылуу керектигин айтты.

Буга чейин Ал Азирети Тилфордго караштуу Исламабад имараты жана Хэслемер деген аймакта жайгашкан Англиядагы Жамия Ахмадиянын имаратында Жалса Салананын көрүлгөн даярдыктарын да көрүп чыкты. Эки күн мурун Ал Азирети Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде Жалса Салананын көрүлгөн даярдыктарын көрүп чыкты.

Ыйык Жыйын дин ыйман Ислам

Ал Азирети жума күнү ушул аземде өзүнүн жумалык кутбасын окууру менен Жалса Салана башталат. Андан кийин Ал Азирети базар күнүнө чейинки убакыт аралыгында дагы 4 кайрылуу жасайт.

Ыйык Жыйын дин ыйман Ислам

Базар күнү миңдеген Ахмадий мусулмандар Учурлук Халифанын колуна «Байъат» деп аталуучу ишеним антын беришет.

Жалса Салананын учурунда «Махзан-э-Тасавир» (сүрөттөр казынасы), «Ривю Оф Релижанз» (диндер обзору), «Хуманети Фарст» (Адамгерчилик – Биринчи орунда), «Исламик Аутрийч» (Даават) жана «Ал-Хакам» газетасы тарабынан ар кандай көргөзмөлөр уюштурулат, ошондой эле «Ислам – Маалымат каражаттарында» деген аталыш менен бир жаңы көргөзмө да көргөзүлөт.

Программалардын баары МТА Интернейшналдан (Эл аралык Мусулман Ахмадия Телевидениясы)нан түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлөт.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via