Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Голландиянын Улуттук Парламентинде тарыхый кайрылуусун жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Голландиянын Улуттук Парламентинде тарыхый кайрылуусун жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ислам эл аралык диний эркиндикке кепилдик берет жана дүйнөлүк күчтөрдү адилеттүүлүк менен иш алып баруусуна чакырат деп айтты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2015-жылдын 6-октябрында Голландиянын Улуттук Парламентиндеги Чет өлкөлүк Мамилелер боюнча Комитетинин атайын чакырылган сессиясында өлкөнүн борбордук шаары – Гаагада 100дөн ашуун чоң кызматтагы адамдар жана коноктордун алдында тарыхый кайрылууну жасады.

2015-10-06-Dutch-Parliament-002

Саат 4:35те жетип келгенде, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Палата Өкүлдөрүнүн мүчөсү жана Тышкы Иштер боюнча Түбөлүк Комитеттин төрагасынын орун басары) Гарри ван Боммель тарабынан тосулуп алынып, ал киши Комитет Бөлмөсүнө чейин узатып барды.

Расмий сессияны алып баруучу Урматтуу ван Боммель мырза Урматтуу Халифаны Парламентте тосуп алып, анан комитет мүчөлөрү менен тааныштырды.

Ал киши ар кандай чет өлкөлүк депутаттарды, өлкө элчилерин жана Албания, Хорватия, Ирландия, Черногория, Испания жана Швеция сыяктуу өлкөлөргө өкүлчүлүк кылып жаткан сыйлуу конокторду дагы тосуп алды.

2015-10-06-Dutch-Parliament-003

Андан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад тарыхый кайрылуусун жасап, анда ал киши дүйнөнүн тынчтыгына жана коопсуздугуна болгон коркунуч ушул доордун эң оор көйгөйү деп эсептейт.

Ал киши Курани каримдин таалимдеринин негизинде дүйнө кабылган көйгөйлөрдүн чечилүүсүн айтып берди. Ал киши дүйнөдөгү күчтөрдү дагы финансылык жагынан аз өнүккөн улуттарга көмөк көрсөтүүгө жана аларды эксплуатация кылбоого чакырды.

Дүйнөдөн жоголуп бара жаткан тынчтыктан сөз кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө кээ бир көйгөйлөрдүн кайра-кайра көрсөтүлүп жана доорубуздун эң олуттуу проблемалары катары белгиленүүдө. Эгерде биз азыркы жагдайды объективдүү анализдеп көрсөк, анда биз дүйнөнүн тынчтыгы жана коопсуздугу биздин доордун эң орчундуу маселеси экенин билебиз. Эч талашсыз, ар күн өткөн сайын дүйнөдө туруктуулук менен коркунуч көбөйүп жана мунун өсүшүнө бир топ потенциалдуу себептери бар».

2015-10-06-Dutch-Parliament-004

Ал киши мындай деди: дүйнөнүн тынчтыгына жана коопсуздугуна таасир этип жаткан ар кандай факторлордун ичинде бүткүл дүйнөлүк экономикалык стабилдүүлүктүн жоктугу; адилетсиздик жана бийлик менен жарандардын ортосундагы ишенимдүүлүктүн жоктугу; жана өнүккөн улуттар менен өнүгүп келе жаткан улуттардын ортосундагы айырма.

Диний Жетекчи мындай деди: экстремисттердин зулумдук аракеттери үчүн Ислам динин же эч бир башка динди дагы күнөөлөп болбойт.

2015-10-06-Dutch-Parliament-005

Ал киши мындай деди: Курани карим же Исламдын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) экстремизмдин же терроризмдин кайсы бир көрүнүшүн жактаган деген түшүнүк «аша чапкан деңгээлдеги адилетсиздик».

2015-10-06-Dutch-Parliament-006

Ахмадия Мусулман Жамаатынын тынчтык менен болгон тыгыз байланышын мисалга келтирип, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Албетте, мен жана бардык чыныгы Ахмадий мусулмандар бүгүнкү күндөгү баш аламандыкты жана тынчсыздыкты жарата тургандардан же ага катыша тургандардан эмеспиз.Чындыгында, биз дүйнөдө тынчтык болушуна умтулуучу адамдарданбыз. Биз дүйнөгө шыпаа каалаган адамдарбыз. Биз адамзатты бириктирүүнү каалаган адамдарбыз. Биз бардык жек көрүүлөрдү жана кастыктарды сүйүү жана мээримдүүлүккө айландырууга умтулуучу адамдарбыз. Албетте, биз дүйнөдө тынтчтыкты орнотуу үчүн колдон келишинче ар бир мүмкүнчүлүктү колдоно турган адамдарбыз».

2015-10-06-Dutch-Parliament-007

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Диний Жетекчи катары мен муну айтмакчымын: бири-бирин айыптоо жана бири-бирине тукуруунун ордуна биз дүйнөдөдө чындыкты жана түбөлүктүү тынчтыкты орнотууга көңүл бурушубуз керек».

Анан Азирети Мырза Масрур Ахмад Ислам диний эркиндик жана эл аралык адам укугу үчүн тургандыгын далилдей турган бир топ Куран аяттарын окуп берди.

2015-10-06-Dutch-Parliament-008

Ал киши мындай деп да чечмеледи: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана алгачкы мусулмандар согуштарынын табияты бүтүндөй коргонуу, ошондой эле дин тутуу жана ишеним эркиндигинин усулдарын коргоо болгон.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Экинчи сүрөөнүн 194-аятында Алла таала мусулмандарга кайсы жерде ачык-айкын түрдө дин эркиндиги бар болсо, ал жерде эч кандай согушка же урушка уруксат жок деп буюрган. Ошондуктан, эч бир мусулман өлкө, тайпа же жеке адам кандайдыр бир баш аламандыкка, согушка же мыйзам бузуучулукка, мейли кайсы бир мамлекетке каршы болсун же анын жарандарына каршы чыгып катыша албайт».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Жөнөкөй мисалы, Европада жана Батышта бийликтер светтик, ошон үчүн мусулмандарда өлкө мыйзамдарын бузуу, чыр-чатак жолу менен бийликке каршы чыгуу же кандай гана көрүнүштө болбосун, кандайдыр бир көтөрүлүштү чыгарууга укугу жок». 

2015-10-06-Dutch-Parliament-009

Эл аралык мамилелерде адилеттүүлүк өтө маанилүү экендиги жөнүндө сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини мындай деп окутат: бардык кырдаалдарда, мейли мамиле канчалык оор болбосун, силер адилеттүүлүктүн жана чынчылдыктын усулдарын бекем кармооңор керек… Чындыгында, коомчулуктун ар бир деңгээлинде адилеттүүлүк болмоюнча түбөлүк тынчтыкты орнотуу мүмкүн эмес».

Ислам дининин эл аралык дин эркиндигине болгон милдетине шилтеме кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Чындыгында, Ислам дини эркиндикке, көз карандысыздыкка жана бардык диндердин адамдарын коргоого кепилдик берет. Ислам ар бир адамдын тандаган жолун же ишениминин укуктарын коргойт».

2015-10-06-Dutch-Parliament-010

Дүйнөнүн коопсуздугуна кабатыр болгонун айтып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дүйнө дүйнө тынчтык жана коопсуздукка аябай муктаж. Бул доорубуздун өтө олуттуу маселеси. Бүткүл мамлекеттер жана бүткүл улуттар жакшылык үчүн  бирге кол кармашып жана зулумдуктун бардык түрлөрүнө, дин атынан же жөн эле адилетсиздик куугунтуктоолорго каршы турууга биргелешип баардык аракеттерди кылуу керек.  Анын ичине кайсы бир динди шылдыӊдоо жана албетте экстремисттердин динди жамынып алып өздөрүнүн жек көрүүчүлүк аракеттерин актоолору дагы кирет».

2015-10-06-Dutch-Parliament-011

Аягында ал киши бардык ири күчтөрдү алсыз улуттарды ар түрдүү эксплуатациялоодон баш тартууга чакырды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө биз көптөгөн биринчи дүйнө өлкөлөрүнүн жакыр жана өнүгүп келе жаткан улуттарга карата инвестицияларды көбөйтүп бара жатканын көрүүдөбүз. Алар адилеттүүлүк менен мамиле кылуулары керек жана ошол коомдорго көмөк көрсөтүүгө умтулуулары лаазым, алардын табигый байлыктарын жана арзан эмгек күчтөрүн эле өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгына пайдаланбоолору керек жана адамзатка пайда келтирүүлөрү зарыл».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Алар (бай улуттар) жакыр өлкөлөрдөн тапкан акчалардын көбүн кайрадан инвестициялоого умтулуулары керек жана ал байлыктарды жергиликтүү адамдарды өнүктүрүүгө жана өстүрүүгө жардам берүүгө колдонуулары зарыл. Эгерде өнүккөн өлкөлөр мына ушул ыкмада иш алып барышса, анда жакыр коомдорго эле пайда келтиришпестен, өз ара пайдасы бар экенин дагы далилдешет. Бул нерсе ишенимдүүлүктү жана ишеничтүүлүктү көбөйтүп жана бардык чогулган көңүл суугандыкты алып салат. Бул нерсе жергиликтүү экономикаларды көтөрүүгө курал болот жана акырындап дүйнөлүк экономиканы жана фынансылык ден-соолукту көтөрөт».

2015-10-06-Dutch-Parliament-012

Анын кайрылуусу бүткөн соң Туруктуу Комитет мүчөлөрүнө ал кишиден ар түрдүү маселелер жөнүндө, анын ичинде дин тутуу эркиндиги, сөз эркиндиги, качкындар маселеси жана Ахмадия Мусулман Жамааты кабылып жаткан каршылыктар жөнүндө ой-пикири кандай экени тууралуу Урматтуу Халифага суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилди.

Андан кийин ал киши жеке өзү ар түрдүү чоң кызматтагы адамдар жана коноктор менен жолугушту, ошондой эле ага ошол Парламенттин тарыхый бөлмөлөрү көрсөтүлдү.

2015-10-06-Dutch-Parliament-0132015-10-06-Dutch-Parliament-014

2015-10-06-Dutch-Parliament-015

2015-10-06-Dutch-Parliament-016

2015-10-06-Dutch-Parliament-017

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via