Коронавирустан сактануу үчүн Амирул-Му’минийндин көрсөтмөлөрү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Коронавирустан сактануу үчүн Амирул-Му’минийндин көрсөтмөлөрү

мечитте окулган жума кутбасы

Коронавирустан сактануу үчүн Амирул-Му’минийн Азирети Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) берген акыркы көрсөтмөлөрү

Амирул-Му’минийн Азирети Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2020-жылдын 10-апрелинде окуган жума кутбасында Covid-19 деген эл аралык жугуштуу оору тууралуу Жамаат мүчөлөрүнүн көңүлүн кээ бир өтө маанилүү маселелерге бургузуп, алтын насаат сөздөрүн айткан. Хузур-э-Анвар кылган насааттарынан кээ бир өзгөчө сөздөрү төмөндө жазылат.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айтат:

⸎ … жалпысынан, ушул жугуштуу оорулар жана апааттар силер өз Жаратканыңардын акы-укуктарын да аткаргыла, ошондай эле Алла Тааланын макулугунун акы-укуктарын да аткаргыла, Анын пенделеринин акы-укуктарын да аткаргыла деп адамзатты кулактандыруу үчүн келүүдө.

⸎ … кээ бир кеселдер жана жугуштуу оорулар же топондор дүйнөгө келгенде, табигый түрдө баарына өз таасирин тийгизет. Алла Тааланын Жамааттары дагы такыр зыян көрбөй, алардан сакталуусу мүмкүн эмес. Анткени, бул Алла Тааланын даанышмандыктарына шайкеш келбейт.

⸎ … биз айрыкча ушул күндөрдө Алла Таалага аябай кайрылып, Анын ырайымдуулугун жана берешендигин тилешибиз керек.

⸎ … ушул жугуштуу ооруну Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын доорунда келген чума оорусуна окшотуп, анан Наъуузубиллах (Кудай кечирсин), ушул кеселге чалдыккан же аны менен каза болгон Ахмадийлердин ыйманы алсыз болот же алсыз болчу деген сыяктуу сөздөрдү сүйлөөгө эч кимдин акысы жок.

⸎ … бул күндөрдө башкаларга көмөк көрсөтүп жаткандар керектүү иш-чараларды көрүүсү зарыл.

⸎  … бүгүнкү күндөрдө беткап кийүүгө айтылат.

⸎ … жөндөн жөн башкалардын үйлөрүнө баруудан да сак болуу керек. Өкмөт да тыюу салган экен, мындан этият болуу керек.

⸎ … Англияда өкмөт айтып жана тыюу салгандыгына карабай, адамдар парктарга барып, чогуу жүрүшөт. Бир гана сейилдөө жана таза абада басып жүрүүгө уруксат берилген. Парктарга барып, майрамдай баштоого жана чогулушууга уруксат берилген эмес. Бул туура эмес ыкма жана бийлик улам-улам мындан кулактандырууда.

⸎ … чогуу жеңил машиналарга чыгып, бара тургандардын бул ыкмасы да туура эмес. Ахмадий мусулмандар мына ушул сыяктуу иш-аракеттерден сак болуулары керек.

⸎… көмөк көрсөтүү иштери өздөрүнө жүктөлгөн бардык кызматкерлер ар түрдүү этияттыктар жана дубалар менен ошол көмөк көрсөтүү иштерин аткарышсын жана этиятсыздыктардан сак болушсун. Жөндөн жөн өздөрүн кыйроо жарына кулатышпасын. Бул кандайдыр бир эр жүрөктүүлүк эмес, тескерисинче наадандык деп аталат. Ошондуктан, аябай этият болгула.

⸎… Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) үйлөрүңөрдү аябай таза кармагыла деп баса белгилеп насаат кылган жана бул тууралуу өзгөчө көрсөтмө берген.

⸎… ошондой эле өз кийим-кечектериңерди да таза кармагыла жана кир суу трубаларын да тазалатып тургула. Ушул жерде канализация тутуму жер астында болот. Жогорудагы көрсөтмө айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тиешелүү, ал жерде канализация тутуму ачык эле болот, ошол үчүн канализация тутумдарын таза кармоо аябай зарыл.

⸎… Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзгөчө: «Баарынан да зарыл нерсе, өз ичиңерди таза кармагыла жана Алла Таала менен толук кандуу элдешкиле», – деп айткан.

⸎… Алла Таала биз үчүн дубалар эшигин ачкан жана Алла Таала дубаларды кабыл кылат деген ишенимдүүлүк менен Алла Тааланын алдына жыгылуубуз керек. Эгер адам чын жүрөктөн Анын алдына саждага жыгылса, анда Ал дубаны кабыл кылат. Ал эми Ал кандай кабыл кылуу керектигин Өзү жакшы билет.⸎… өзүбүз үчүн, өз сүйүктүүлөрүбүз үчүн, тууган-туушкандарыбыз үчүн, Жамаатыбыз үчүн жана жалпы адамдар үчүн дуба кылуубуз керек.

⸎… бүгүнкү күндөрдө дубаларга, дубаларга жана дубаларга аябай басым жасагыла. Алла Таала Жамаатыбыздын ар бир мүчөсүн ар жактан жана жалпы Жамаатыбызды дагы ар жактан Өзүнүн коргоосунда жана паанасында сактасын.

⸎… соода иштерин жүргүзүп жаткан Ахмадий мусулмандар бул күндөрдө өз товарларына керексиз (орунсуз) пайдаларды алууга аракет кылышпасын жана керексиз пайдаларды алуунун ордуна, айрыкча азык-түлүктөр жана керектүү товарларга керексиз пайда алуунун ордуна, ал нерселерди мүмкүн болушунча азыраак пайдага сатышсын.

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну
Share via