Франциянын түндүгүндөгү Бёвра́ж шаарынын мэри менен жолугушуу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Франциянын түндүгүндөгү Бёвра́ж шаарынын мэри менен жолугушуу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Франция

Аллах Тааланын берешендиги менен Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Хотс-де-Франс (Түндүк Франция) аймагынын президенти урматтуу Давуд Рашийд мырза жана Таблиг-даават иштери боюнча катчысы Надийм Ахмад мырза өз аймагында жайгашкан Бёвра́ж шаарынын мэри Али бин Яхья менен жолугушту.

Бул жолугушууда биринчи кезекте Жамаат тарабынан шаар мэрин мэр болуп калганы үчүн куттукташты.

Али бин Яхья мэр болуп келгенге чейин Жамаатыбыз тарабынан өткөрүлгөн эл аралык конференцияларга катышкан жана Жамаатыбыз менен таанышкан. Жолугушуунун жүрүшүндө ага Жамаатыбыз тууралуу кененирээк маалымат берилди. Дүйнө жүзүндө Жамаатыбыз жасап жаткан тынчтык аракеттери жана башка диндер менен болгон мамилеси жөнүндө кыскача маалымат берилди.

Ошондой эле ага Ахмадия Мусулман Жамааты адамзатка көрсөткөн жан аябас кызматтары жөнүндө маалымат берилди. Андан тышкары, Humanity First (Адамгерчилик – Биринчи орунда) бул кайрымдуу иштерге салым кошуп келе жаткан көз карандысыз уюм. Жамаатыбыз кайсы жерде гана түзүлбөсүн, Жамаат адамзатка кызмат кылуу жана социалдык жардам көрсөтүү менен алектенип турат.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге» деген урааны талкууланганда, шаар башчысы бир жагынан Франция дагы «Ахмадий» экен, анткени анын билдирүүсү «эркиндик, теңдик, бир туугандык укуктарга» негизделген жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын билдирүүсү да ушул гана деди. Ал мен өзүмдү Ахмадиймин деп сезем, анткени мен сиздердин ой-пикирлериӊиздер менен макулмун деп кошумчалады. Мындан тышкары, мэр Ахмадий балдарын башка мусулман балдарынан айырмалап турган Ахмадий ата-энелеринин балдарын кандайча тарбиялап жаткандыгын көрүп кубанып жана канааттангандыгын айтты.

Ахмадийлер менен башка мусулмандардын ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө сөз болду. Ошондуктан, мэрге (ал өзү мусулман) Ахмадия Мусулман Жамаатынын пайгамбарлыктын аякташына жана Машаяктын өлүмүнө байланыштуу ишенимдери жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле, ушул теманы талкуулоодо Ыйык Куранга жана Пайгамбарыбыздын хадистерине шилтемелер келтирилди.

Андан кийин Ахмадия Мусулман Жамааты жана айрыкча Ахмадия Мусулман Жамаатынын аялдары тарабынан коронавирус эпидемиясы учурундагы жасалган кадамдары жөнүндө кеңири отчет берилди. Ага маска жасоо жана аларды бекер таратуу, тамак-аш бөлүштүрүү жана башка чаралар кирген. Ошондой эле, мэрге бул иш-чаралардын максаты биздин диний милдетибиз болгон мекендештерибиздин жыргалчылыгы үчүн иштөө экендиги маалымдалды.

Лажна Имааиллах тарабынан сунуш кылынган бул кызматтардын кыскача отчету: аталган Жамаатыбыздагы Лажна Имааилллах 413 даана маска жасап, аларды өз аймагындагы ооруканаларга, чиркөөлөргө жана коңшуларга бекер тараткан. Ошондой эле 127 даана тамак даярдалып, таратылды. 24 кошунасына торт таратылып берилди. Ал эми жаш кыздар сайма сайышып, ооруканага жөнөтүшкөн жана алар оорукананын дубалына да илинишкен. Аллах Тааладан ушул кызматка катышкан бардык аялдар менен жаш кыздардын кызматын кабыл кылышын тилейбиз.

Шаар мэри жаңы окуу жылынын башталышында 6 жаштан 11 жашка чейинки балдарга беткаптарды жасап берүүнү өтүндү, натыйжада буга чейин жергиликтүү Жамаатыбыз миңге жакын беткаптарды жасап, жергиликтүү администрацияга белек кылган.

Жолугушуунун аягында шаар мэрине шаардагы ар кандай социалдык иш-чараларга жана башка программаларга жардам берүү үчүн Жамаатыбыздын кызматтары сунушталды.

Акырында мэр шаардын эстелиги катары чакан калканчасын (Shield) Жамаатыбыздын делегациясына белек кылды.

(Репортажды даярдаган: Мансур Ахмад Мубашир, «Ал-Фазл Интернейшнал» газетинин кабарчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via