Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Изерлон шаарында жаңы Ахмадия мечитин ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Изерлон шаарында жаңы Ахмадия мечитин ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад «Салам» мечитин ачты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 6-сентябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Изерлон деген немец шаарында «Салам» (тынчтык) мечитин ачты.

2016-09-06-de-iserlohn-002

Улуу Урматтуу Халифа келип, эстелик тактасын ачып, мечитти ачты жана Алла Таалага ыраазычылык билдирип, тынч дубаны сурады.

Анан ал киши жаңы мечитте пешин жана дигер намаздарын окутту, анан ошол учурду белгилөө катары бир бак-даракты отургузду.

Андан кийин мечиттин ачылуусун белгилөө максатында уюштурулган атайын кечеге 40тан ашуун сыйлуу меймандар жана коноктор катышышты. Изерлон шаарынын мэри менен кошо ар кайсы сыйлуу меймандар катышышты.

2016-09-06-de-iserlohn-003

Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза конокторго «куттуктоо» сөзүн окуду, андан кийин келген коноктор өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.

Изерлон шаарынын мэри – Питер Пауль Аренс мындай деди:

«Бул мечит «Салам» деп аталат, ал «тынчтыктын мечити» деген маанини билдирет жана ушул аймакта жашаган Ахмадий мусулмандар ар дайым ошондой ыкмада жашашат. Мен Ахмадия Мусулман Жамааты ушул мечиттин эшиктерин бардык адамдарга ачкандыгына да жогору баалайм».

Комиссар, Томас Гемке мындай деди:

«Мен учурдан пайдаланып, Изерлон шаарында «Салам» мечитин ачканыңар үчүн силерди куттуктайм. Ахмадия Мусулман Жамааты ушул өлкөдө тынчтыкты орнотууга берилгендигин көрсөткөн жана көрсөтүп келүүдө».

2016-09-06-de-iserlohn-004

Андан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад өзүнүн тарыхый кайрылуусун жасап, анда ал киши Ислам дининин тынчтык таалимдери жөнүндөгү ар кандай маселелерге токтолду.

Ислам дининдеги «саламдашуу» сөзү коомчулукта тынчтыктын куралы экендиги жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кайсы бир мусулман кимдир бирөө менен, анын мусулман же мусулман эместигине карабай, саламдашканда, ал тынчтык менен саламдашып жаткан болот. Эгерде мусулман адам ошол саламдын астында бар болгон акылмандыкты түшүнсө, анда ал (эркек же аял) кимдир бирөөгө, анын мусулман же мусулман эместигине карабай, жамандык кылуусу такыр мүмкүн эмес».

Жалпысынан Ислам дини экстремисттик дин катары сүрөттөлүп, жана мусулмандар өлкөсүнө чынчыл эмес жарандар катары сыпатталып жаткан бир учурда Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн диний таалимдерине ылайык өздөрү жашап жаткан улуттарга ишенимдүүлүк менен кызмат кылышууда.

2016-09-06-de-iserlohn-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадий мусулмандар немец аскерлик кызматында жана башка кеңселерде иштеп жатышат. Мисалы, Ахмадий мусулмандар изилденүү проектилерине катышышат. Алар коомго кызмат кылышат жана ага кызмат кылуу ниети менен эң мыкты ыкмаларда аны жакшыртуу жана өсүп-өнүгүүсү үчүн иштешет. Ошентсе да, алар ушул улуттан кандайдыр бир пайда көрүү үчүн ушундай кылышпайт, себеби өлкөңөргө кызмат кылуу Ислам ишениминин өтө зарыл бөлүгү, ошон үчүн бул алардын диний милдети жана вазыпасы. Германияда жашаган ар бир Ахмадий мусулман кайсы жерден келгендигине карабай, ушул улуттун чынчыл мүчөсү болушу керек жана олуттуулук менен ага кызмат кылышы керек».

2016-09-06-de-iserlohn-006

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү өзүн эки сап ырларында адамзатка кызмат кылуу өзүнүн эң алдыңкы максаты экенин жазган. Бул чындыгында Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таалимдери. Ошентип, башкаларга, алардын кайсы дин жана ишенимге ээ экендигине карабай, кызмат кылуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын негизги максат-мүдөөлөрүнүн бири».

Ал киши мындай деди: жаңы мечит тынчтыктын жана коопсуздуктун символу экенин ырастайт, ошондой эле жергиликтүү коомчулук жана кошуналар үчүн тынчтык куралы болот.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини кошуналардын акы-укуктарын орноткон жана бекиткен, ошондой эле анын таалимдери боюнча кошуналар алкагы өтө эле чоң. Силер менен бирге иштегендер, силер менен бирге жолго чыккандар, тааныш-билишиңер жана силерге жакын жашагандардын баары буга кирет. Ошондуктан, бул шаардагы баардык адамдар бизге кошуна болушат, ошон үчүн коомчулуктун бардык мүчөлөрүнө кызмат кылуу жана аларга көңүл буруу жергиликтүү Ахмадий мусулмандардын милдети болуп саналат».

2016-09-06-de-iserlohn-007

2016-09-06-de-iserlohn-008

Ал киши мындай деди: керт башынын камын ойлобогондук – бул тынчтыкты өнүктүрүү үчүн кандайдыр бир ачкыч. Ал киши мындай деди: Ислам дини адамдар башкалар үчүн өздөрүнүн акы-укуктарын курман кылуулары керектигин үйрөтөт.

2016-09-06-de-iserlohn-009

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бир аз убакыт мурун кимдир бирөө менден коомчулукта тынчтыкты кантип орнотууга болот жана сиздин пикириңизче тынчтыктын аныктамасы кандай деп сурады. Мен ага төмөнкүдөй жооп бердим: менин назарымда тынчтыктын аныктамасы бул: өз акы-укуктарыңарды талап кылуудан көрө башкалардын акы-укуктарын аткарууга аракет кылуу керек. Эгер бардык адамдар башкалардын акы-укуктарын аткарышса, анда кандайдыр бир чыр-чатак жана баш аламандык болушу мүмкүн эмес. Албетте, Ахмадий мусулмандар ушул сыяктуу коомчулукту каалашат жана ал үчүн аракет кылышат».

Былтырдан бери качкындардын капыстан Германияга агылып келгендиги жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: качкындарды кабыл ала турган коомдор да, качкындар да бири-бирин сыйлашы керек.

Ал киши мындай деди: мигранттар жергиликтүү коомчулукка аралашып, ага салым кошуулары керек. Ал киши мындай деди: немец тилин үйрөнүү абдан зарыл жана ал киши Ахмадий мусулман имам-хатибдерге жергиликтүү тилдерде жума кутбасын окугула деп көрсөтмө берди.

2016-09-06-de-iserlohn-010

Ал киши мындай деди: Германияда жашаган Ахмадий мусулмандардын басымдуу саны немец тилин үйрөнүп алышкан жана ушул өлкөдө жашаган Ахмадий мусулман жаштар аны өздөрүнүн биринчи тили катары сүйлөшүшөт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эми мечит курулуп бүттү, мен жергиликтүү Ахмадий мусулмандар Ислам дининин чыныгы кабарын жайылтышат, ошондой эле алар сыйынууга карата өздөрүнүн милдеттерин аткаруу менен бирге өздөрүнүн кошуналарынын акы-укуктарын да аткарышат деп үмүт кылам жана ошону күтөм. Алар мурдагысынан да көбүрөөк аларга кызмат кылышат жана ушул аймактагы эркектер менен аялдардын акы-укуктарын аткарышат деген үмүттөмүн. Алла Таала аларга ошондой кылууга күч-кубат берсин».

2016-09-06-de-iserlohn-011

Расмий сессия ал киши алып барган тынч сыйынуу (дуба) менен аяктап, андан кийин конокторго тамак берилди.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via