Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Мөрфельден-Вальдорф шаарында жаңы Ахмадия мечитин ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Мөрфельден-Вальдорф шаарында жаңы Ахмадия мечитин ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад «Субхан» мечитин ачты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 6-сентябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Мөрфельден-Вальдорф деген немец шаарында «Субхан» (тазалык) мечитин ачты.

2016-09-07-de-morfelden-002

Улуу Урматтуу Халифа келип, эстелик тактасын ачып, расмий түрдө мечитти ачты жана Алла Таалага ыраазычылык билдирип, тынч дубаны сурады.

Ал киши жаңы мечитте пешин жана дигер намаздарын окутту, анан ошол учурду белгилөө катары бир бак-даракты отургузду.

Андан кийин мечиттин ачылуусун белгилөө максатында уюштурулган атайын кечеге 150дөн ашуун сыйлуулар меймандар жана коноктор катышышты. Мөрфельден-Вальдорф шаарынын мэри менен кошо ар кайсы сыйлуу меймандар катышышты.

2016-09-07-de-morfelden-003

Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза конокторго «куттуктоо» сөзүн окуду, андан кийин келген коноктор өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.

Протестант чиркөөсүнүн өкүлү Ата Жокен Берлин мындай деди:

«Мен учурдан пайдаланып, Ахмадия Мусулман Жамаатын ушул мечитти ачкандыгы үчүн куттуктайм. Силер жакшы адамдарсыңар жана бизге дос болосуңар».

Буддист жамаатынын төрагасы, Маттиас Groninger мындай деди:

«Азирети Мырза Масрур Ахмаддын бизди визит жасагандыгы – бул шаар үчүн чоң сый-урмат. Мен ушул мечитти ачканыңар үчүн силерди куттуктайм, мен аны тынчтыктын символу деп ойлойм».

2016-09-07-de-morfelden-004

2016-09-07-de-morfelden-005

Мөрфельден-Вальдорф шаарынын мэри – Хайнц-Питер Беккер мындай деди:

«Диний эркиндик – бул адам баласынын негизги акы-укугу жана биз аны Германияда көрүп жатабыз, ал биздин Баш мыйзамыбыздын бөлүгү. Албетте, Ахмадия Мусулман Жамааты адам укуктарын жогору коёт жана ал ар түрдүү диний зордук-зомбулуктарга каршы».

2016-09-07-de-morfelden-006

Андан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад өзүнүн тарыхый кайрылуусун жасап, анда ал киши Ислам дининин таалимдеринин негизинде ар кандай маселелерге токтолду.

Бардык диндер өзүнүн түпкү көрүнүшүндө тынчтыкка басым жасагандыгы жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дүйнөдөгү бардык ири диндер бул шаарда бар, эгер аларды ээрчигендер өздөрүнүн тийиштүү диндеринин чыныгы таалимдерине амал кылышса, анда силер эч кандай чыр-чатак жана бөлүнүү пайда болгонун көрбөйсүңөр. Бардык диндер өздөрүнүн түпкү көрүнүшүндө тынчтык, сүйүү-махабат жана сабырдуулук баалуулуктарын орнотууга аракет кылган».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Мечиттердин максат-мүдөөсү – бул тынчтыкты орнотуу жана албетте ар бир чыныгы сыйынуучу жайы тынчтык жана гармониянын символу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) коргонуу максатында коргонуу согушу үчүн уруксат бергенде, ал согуш ишеним боюнча тынчтык жана эркиндикти орнотуу үчүн болгон».

2016-09-07-de-morfelden-007

Ал киши мындай деди: Ислам дининин алгачкы күндөрүндө кылынган согуштар эл аралык диний эркиндикти орнотуу үчүн кылынган болчу.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га коргонуу согуштары үчүн уруксат берген жерде, ал (уруксат) бардык ишенимдердеги адамдар жана бардык сыйынуучу жайларын коргоо үчүн болчу. Чиркөөлөр, храмдар, синагогалар, мечиттер жана бардык адамдардын сыйынуучу жайлары корголгон».

Адамдар бири-бири менен биригүү жана өз ара сүйлөшүүлөрдү өнүктүрүү керектиги жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар кандай жамааттар менен топтордун ортосунда сүйлөшүүлөр (диолог) өтө эле зарыл жана тоскоолдуктарды жоюп, өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүү эшиги. Бардык адамдар ката кетирерин жана кемчиликтерге ээ экенин эстен чыгарбашыбыз керек, ошон үчүн бири-биринин касиеттерине көңүл буруп, айып-кемчиликтерин кечирүүгө аракет кылуу жакшыраак иш-аракет. Бул көпүрөлөрдү жана тынчтык каражаттарын куруунун жол-жобосу».

2016-09-07-de-morfelden-008

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биздин мечиттерибиз салынган жана Жамаатыбыз түзүлгөн ар бир жерден туш тарапка тынчтык жана гармония кабары жаңырат. Эми ушул мечит ачылып калды, мен жергиликтүү Ахмадий мусулмандар Ислам дининин сүйүү-махабат жана тынчтык кабарын кеңири жайылтышат деп ишенем».

2016-09-07-de-morfelden-009

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Мен дуба кылам: ар бир жаңы аткан күнү жергиликтүү эл ушул мечит бул шаардын физикалык кооздугуна гана кошумча болбостон, алардын тынчтык жана коопсуздук куралы экенин сезишсин».

2016-09-07-de-morfelden-010

Расмий сессия ал киши алып барган тынч сыйынуу (дуба) менен аяктап, андан кийин конокторго тамак берилди.

2016-09-07-de-morfelden-011

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via