Ахмадийлердин «хатм-э-нубувват» тууралуу ишеними [Ахмадияттан кабар] • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Ахмадийлердин «хатм-э-нубувват» тууралуу ишеними [Ахмадияттан кабар]

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1948-жылы «Ахмадияттан кабар» аттуу китепчени жазып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары аталган Жамаатка жаапкан кээ бир жалааларга жооп берген. Ал китепчени ак ниет менен окуган ар бир момун-мусулман Ахмадия Мусулман Жамаатына коюлган бардык дооматтардын негизсиз жана ачык жалаа экенине күбө болот деп бекем ишенебиз. Ал китепчеде «Ахмадийлердин «хатм-э-нубувват» тууралуу ишеними» жөнүндө кыскача сөз кылып, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Жогоруда айтылгандай, Ахмадиядан кабары жок айрым кишилер: «Ахмадийлер «хатм-э-нубувватка» ишенишпейт жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды «Хаатамун-Набиййин» деп кабыл алышпайт», – дешет. Бул жалган маалымат же билбестиктин натыйжасы. Эгер Ахмадийлер өздөрүн мусулман атап, «келиме шахаадатка» (күбөлүк келиме) ыйман келтиришсе, анда «хатм-э-нубувватты» жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды «Хаатамун-Набиййин» деп кабыл албай коюшу мүмкүнбү, деги? Курани Каримде Алла Таала ачык-айкын айтат:

Al-Ahzab 41

Маа каа-на Мухамма-дун абаа аха-дим-мир-рижаа-ли-кум валаа-кир-Расуу-лаллаа-хи ва Хаата-ман-Набиййин. (33:41)

Котормосу: Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) араңардагы эч бир эркектин атасы болгон эмес жана болбойт, бирок ал Алланын Элчиси жана «Хаатамун-Набиййин». (33:41)

Курани Каримге ыйман келтирген киши ушул аятты кантип жокко чыгара алат? Ошентип, Кудай сактасын, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «Хаатамун-Набиййин» эмес, – деген ишеним эч качан Ахмадийлердики болгон эмес. Ахмадийлер: «Азыркы мусулмандардын арасында таралган «Хаатамун-Набиййин» деген сөздүн мааниси Курани Каримдин жогорудагы аятына да ылайык келбейт, ошондой эле ал мааниден ушул аятта ишаарат кылынган Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жогорку кадыр-баркы жана даражасы дагы чыкпайт», – деген пикирди гана айтышат. Ахмадия Мусулман Жамааты «Хаатамун-Набиййиндин» арабча сөздүктө чечмеленген жана Азирети Айша Сиддийка (разияллааху анхаа), Азирети Али (разияллааху анху), ошондой эле айрым башка сахаабалар чечмелеген маанилерин кабыл алат. Мунун натыйжасында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кадыр-баркы, даражасы артат жана бардык адамзаттан абзел экендигине далил болот. Кыскасы, Ахмадийлер «хатм-э-нубувватты» четке кагышпайт, алар «хатм-э-нубувваттын» азыркы күндө карапайым мусулмандардын арасында жаңылыш жолу менен таралып кеткен маанисин жокко чыгарышат. Чындыгында, «хатм-э-нубувватты» четке кагуу – бул каапырлык. Ахмадийлер болсо, Алла Тааланын ырайымы менен мусулман жана «кутулууга» Ислам жолу аркылуу барууну жападан-жалгыз курал, – деп билишет.

Ушул бейкабар кишилердин арасынан айрымдары: «Ахмадийлер Курани Каримге толук ыйман келтиришпестен, бир нече бөлүгүн гана кабыл алышат», – деп сөз чыгарышат. Тактап айтканда, жакында Коита (Пакистан Республикасынын Балучистан областынын борбору) шаарында бир топ кишилер: «Молдолор бизге: «Ахмадийлер толугу менен Куранды кабыл алышпайт», – дешет» деген сөздөрдү айтышты. Бул да Ахмадия Мусулман Жамаатынын душмандары Ахмадийлерге карата жапкан дагы бир жалаа. Ахмадийлер Курани Каримди өзгөрбөс жана түбөлүктүү Китеп деп билишет. Ахмадийлер «Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиймдин» «ба» тамгасынан баштап, «ваннастын» «сийн» тамгасына чейин ар бир ариби, ар бир сөзү Алланыкы, – деп эсептешет жана ага амал кылууну зарыл деп билишет».

(«Ахмадияттан кабар» 16-17-бет, Бишкек – 2006)

Share via