2019-2020-жылы Ахмадия Мусулман Жамаатынын өсүп-өнүгүүлөрү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

2019-2020-жылы Ахмадия Мусулман Жамаатынын өсүп-өнүгүүлөрү

мечитте окулган жума кутбасы

2020-жылдын 07августунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

 2019-2020-жылы Ахмадия Мусулман Жамаатына түшкөн Алла Тааланын чексиз берешендиктери, көмөгү жана колдоосунан турган улуу жышаандарынан айрымдары тууралуу ыйманды күчтөндүрүүчү баян

Өткөн алтыжети айлардан бери түш келген кырдаалга карабай, Алла Тааланын берешендиги менен Жамаатыбыздын өсүп-өнүгүү кадамы алдыга жылды... Алла Тааланын берешендиги менен быйыл Пакистандан тышкары, дүйнө жүзүндө 288 жаңы жергиликтүү жамаат жана 1040 жаңы жерлерде Ахмадияттын көчөтү отургузулду. Дүйнөнүн төрт континентинде 124 жаңы мечит салынды жана 93 даяр мечиттер насип этилди.

Инша-Аллах, бүгүнкү кутбада жана бүрсүгүнү, тактап айтканда, жекшемби күнү кечинде бул жерде жайгашкан залдан түз эфир аркылуу программада ушул отчёттон ыйманды күчтөндүрө турган айрым окуялар айтылып берилет.

 2020-жылдын 7-августунда башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 7-Вафаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маанимазмуну

2020-жылдын 7-август күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Бүгүн 7-август күнү жана Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын календары боюнча бугүнкү күн Улуу Британиядагы Жалса Салана (Жылдык Жыйын)дын биринчи күнү. Бирок, жайылып кеткен илдетке байланыштуу Жалса уюштурулбай калды. Алла Таала тез арада ахвалды калыбына келтирсин жана бизге бардык шарттар менен Жалсаны уюштуруу мүмкүнчүлүгү насип этилсин. Ошентсе да, «МТА» телевидениясы бул жетишсиздикти бир аз толуктоого бир программаны түздү. Өткөн жылдарда түрдүү Жалсаларда жасалган менин кайрылууларым көрсөтүлөт. Ошондой эле, кээ бир программалар түз эфир аркылуу да көрсөтүлөт. Ошондуктан, үйлөрдө отуруп, ушул үч күндүк атайын программаларды көргүлө. Ошону менен бирге, Жамаат мүчөлөрүнүн ыйманы күчөсүн деген максатты эске алып, жыл аралыгында Алла Тааланын Жамаатыбызга жааган берешендиктеринен турган жаңы отчётту окуп берейин деген ой мага келди. Бүгүнкү кутбада жана бүрсүгүнү, тактап айтканда, жекшемби күнү кечкисинде бул жерде жайгашкан залдан түз эфир аркылуу көрсөтүлө турган программада ушул отчёттон пайдаланып, ыйманды күчтөндүрүүчү айрым окуялар дагы айтылып берилет.

Хузур-э-Анвар өткөн алты-жети айдан бери туш келген кырдаалга карабастан, Алла Тааланын берешендиги менен Жамаатыбыздын өсүп-өнүгүү кадамы алга эле жылды, тарбия иштери жана Жамаат менен байланышуу жаатында айрыкча жылыш болду деди.

Хузур-э-Анвар Ислам дининин кайрадан жандануусунун ушул доорунда Ислам дининин таралуусу жана өсүп-өнүгүүсү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)га гана таандык деген ачык-айкын кулактандырууну жарыялай турган ал (алайхиссалам)дын айрым үзүндүлөрүнөн окуп берди. Хузур-э-Анвар ИншаАллах бардык каршылыктарга карабай, ал (алайхиссалам)дын Жамааты гана өсүп-өнүгөт жана гүлдөйт деди. Бул Алла Таала берген убадасы. Ал (алайхиссалам) мага «Хуваллазий арсала расуулаху»[1] деген аяттын тастыктоочусу сенсиӊ, ошондой эле сенин дооруңда жана сенин колуң аркылуу эле Ислам дининин башка бардык диндерден үстөмдүгү далилденет деп кабар берилген деди. Дагы Алла Таала азыркы доордо Ислам дининин тирүү дин экенине күбө болуп, жана Алла Тааланын маърифаты көбөйүп, Алла Таалага күнөө жана ыпыластыкты күйгүзүп, жакшылык жана тазалыкты жайылта турган ишеним пайда болушу үчүн гана ушул Жамаатты түзгөн деди.

Алла Тааланын берешендиги менен быйыл Пакистандан тышкары, дүйнө жүзүндө 288 жаңы жергиликтүү жамааттар түзүлдү жана 1040 жерде биринчи жолу Ахмадияттын көчөтү отургузулду. Жаңы жамааттарды түзүү жаатында Сьерра-Леоне биринчи орунда турат. Ал жерде 40 жаңы жамаат түзүлдү. Андан кийин Конго Киншаса жана Гана өлкөлөрү турат. Хузур-э-Анвар жаңы жамааттардын түзүлүүсү боюнча Конго Киншаса, Гамбия, Либерия жана башка өлкөлөрдө болгон Кудай Тааланын чексиз колдоосунан турган, ыйманды күчтөндүрүүчү окуяларды айтып берди.

Алла Таала Филиппинде жайгашкан экстремист мусулмандардын белгилүү Салопиан жергесинде 23 адамга байъат берүү мүмкүнчүлүгүн тартуулады. Сенегалдын «Танба Кандаал» деген регионунда даават иштери менен барган делегациянын иш-аракеттеринин негизинде айыл тургундарынын баары Ахмадия Мусулман Жамаатына киришти. Ошондой эле, быйыл радио берилүүлөр аркылуу 20 кыштакта Ахмадияттын алгачкы көчөтү отургузулду. Гватемаланын Кобан шаарында биринчи жолу Жамаатыбыздын кабары жетип, 3 киши байъат беришти. Түштүк Палестинанын тарыхый шаары Ал-Халил жана анын айланасында күчтүү Жамаатыбыз түзүлдү жана бир Ахмадий тууган өз үйүнүн бир бөлүгүн мечит катары бөлүп берди.

Алла Тааланын берешендиги менен өткөн бир жыл ичинде дүйнөнүн төрт континентинде 124 жаңы мечит салынган жана мурунтадан курулган 93 мечит Жамаатыбызга өттү. Ошентип, ал мечиттердин жалпы саны 217ни түзөт. Гватемалада 31 жыл аралыктан кийин экинчи мечит курулду. Норвегиянын бир аймагында жергиликтүү тургундар жана чиркөө тарабынан көрсөтүлгөн каршылыктан улам мечиттин курулуш иши эки жылдан бери токтоп турган болчу. Бирок, Алла Тааланын күчтүү тагдырынын аркасынан каршылык көрсөткөн чиркөөнүн башкаруу бөлүмү өз чиркөөсүн карай албай калган. Натыйжада, Жамаатыбыз ал чиркөөнү сатып алып, мечитке айландырып алды. Ал мечитке «Марям мечити» деген ат коюлган. Быйыл Малавиде Жамаатыбыз тарабынан биринчи мечит курулуп, жана үч айылдагы бир миң адам байъат берип, Жамаатыбызга киришти. Мексиканын борбору Мексика шаарында үч кабаттуу бир имараттын биринчи кабаты мечитке айландырылып, ага «Байтул-Афият мечити» деген ат коюлду. Малиде үч жылдан бери болуп жаткан каршылык жана мамлекет тарабынан коюлуучу тоскоолдуктарга учураган бир мечит азыр ачылып, намаздар аткарыла башталды. Алла Тааланын берешендиги менен Танзаниянын бир эле регионунда эки жаңы мечитти куруу мүмкүнчүлүгү насип этилди. Буркина Фасодо эки карыган адам мечитти куруу фондусуна эки короз жана бир нече жүмүртка чанда катары беришкен жана Жамаатыбыздын Муъаллими аларга квитанция жазып берген. Хузур-э-Анвар жүз жылдан кийин дагы Африка өлкөлөрүнүн жакыр адамдары Кадияндагы жакыр адамдардын салттарын жандандырып келишүүдө. Жүрөгү таза адам өзүнүн акыл-парасат көзү менен көрсө, чындык ушул гана экенин түшүнүп алат деди.

Танзаниянын Ренга деген регионунда даават максаты менен жасалган докладдан кийин бир 72 жаш курагындагы аял Халийма айым өз аянт -жеринин юридикалык кагаздарын мечит курууга тапшырып койгон. Ал жерде Жамаатыбыз мүчөлөрү Вакаар-э-Амал[2] кылып мечит салышууда, ага ал аялдын уулдары дагы катышышууда. Буркина Фасодогу Зийнат айымдын медайымдык курска тапшыруу үчүн көптөн бери кылган аракеттери ийгиликсиздикке учураган. Ал окуу үчүн топтогон акчанын баарын чанда катары мечитти куруу үчүн төлөп койду. Эки жума ичинде ага саламаттыкты сактоо бөлүмү тарабынан анын директор болуп тандалгандыгы жана окууга кете турган бардык төлөмдөр өкмөт эсебинен төлөнүлөт деген кабар келди.

Алла Тааланын берешендиги менен өткөн бир жылдын ичинде 97 миссия (даават) үйү кошулду, бул жаатта Гана биринчи орунда турат. Танзаниянын Семио регионунда Жамаатыбыз өткөн жылы түзүлгөн болчу. Быйыл ал жерде мечит жана миссия үйү салынды.

Вакаар-э-Амал Ахмадия Мусулман Жамаатынын бир өзгөчөлүгү болуп саналат. Быйыл 148 өлкөдөн келген отчётко ылайык 114 өлкөдө 41,111 Вакаар-э-Амал өткөрүлүп, 5 млн 213 миң АКШ доллар үнөмдөлдү.

Жамаатыбыздын борбордук өкүлдөрү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып келишти жана Алла Тааланын берешендиги менен ал иш-сапарларынын жакшы натыйжалары чыкты.

Учурда Африканын 8 өлкөсүндө Улуу Британиянын жетекчилик астында басмаканалар иштеп жатат. Ал басмаканалардан 612,000 китеп, 9 млн 450 миңден ашуун даават адабияттары, баракчалары ж.б. басылып чыгарылды. Быйыл «Фарнхам» басмаканасынан 360,240тан ашуун китеп басылып чыгарылды. Мындан тышкары, көптөгөн журналдар, чакан китепчелер жана кеңсеге тиешелүү дептер-журналдар сыяктуу иштер да болууда. Кадиянга караштуу Назаарат-э-Ишааъат[3] башкармалыгынын кол астында «Яссарнал-Куран» китепчесинин «Манзур» шрифти менен абдан жагымдуу жана сонун стиль менен Курани Карим басылып чыгарылды. Хузур-э-Анвар Пакистанда биз үчүн Курани Каримди окуу, сактоо жана аны басып чыгарууга канча чектөөлөр коюлса, Алла Таала бизге андан дагы жакшыраак жолдорду ачып берип жатат деди.

Вакаалат-э-Ишааъат кеңсесине 93 өлкөдөн жиберилген отчётуна ылайык 42 тилде 407 түрдүү китептер, брошюралар жана баракчалар 4 млн 256 миң 659 нускада басылып чыгарылды. Дүйнө жүзүндө 29 тилде 94 гезит жана журнал басылып чыгарылууда. Ошондой эле, бул жерден, (Англиядан) 24 тилде 190 миңден ашуун сандагы китептер дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Вакаалат-э-Таснийф[4] башкармалыгынын кол астында быйыл Курани Каримдин италиян тилиндеги котормосун кайра текшерип чыгуу иштери аягына чыкты. «Сахих Бухарий» китебинин котормосу жана түшүндүрмөсүнүн 11 тому которулду. Ал эми Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын «Эъжааз-и-Ахмадий»[5] атту китеби англис тилинде басылып чыгарылды. Руханий Хазаайндын 10-тому жана башка 22 томун басып чыгаруу иштери ушул жер – Улуу Британиядан жасалып жатат.

Хузур-э-Анвар Жамаатыбыздын окуулары жана Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын адабияттарынын муъжиза-кереметтүү таасири жөнүндө Украина, Непал, Индия жана Кирибати өлкөлөрүндөгү айрым профессорлор жана билимдүү адамдардын көз караштарын окуп берди.

Даават иштери жаатында баракчаларды бөлүштүрүү иш-планы боюнча быйыл 111 өлкөдө жалпылап 9 млн 357 миңден ашуун баракчалар таратылды. Ал аркылуу 222 млн 700 миң адамга чыныгы Исламдын кабары жетти.

Курани Карим жана Жамаатыбыздын адабияттарынын 7540 көргөзмөсү уюштурулду, алар аркылуу 343 миңден ашуун адамдарга Исламдын кабары жетти. 1580 даана Курани Карим ар кандай котормолор менен конокторго белек кылып берилди. Хузур-э-Анвар Индиянын «Нурул-Ислам» бөлүмүнүн кыймыл-аракеттеринен айрыкча сөз кылды.

Хузур-э-Анвар көлөмдүү отчётторду кыскартып айтып, жана ыйманды күчтөндүрүүчү окуяларды айтып бергенден кийин кутбанын аягында мындай деди: бул отчёттор Жалсанын экинчи күнү айтылып берилет. Быйыл Жалса болбогондуктан, муну экиге бөлүп айтып берүүнү чечтим. Демек, ушул отчёттун айтылбай калган бөлүгү ушул жердеги залдан жекшемби күнү кечинде саат 4тө Жалсадагыдай катышуучулардын алдында айтып берем. Ал жерден бүткүл дүйнө жыл аралыгында Алла Таала Ахмадия Мусулман Жамаатына кылган берешендиктерин «МТА» телевидениясы аркылуу угуп алат.

٭…٭…٭

[1] Ал Өз динин бардык диндердин үстүнөн артык кылуусу үчүн Өз Пайгамбарын хидаят жана чыныгы дин менен жиберген (Алла).

[2] Ишембилик кылуу.

[3] Китептерди басып-таратуу боюнча бөлүм.

[4] Курани Карим жана башка адабияттарды чет тилдерге которуу жана басып чыгаруу бөлүмү.

[5] Ахмадийдин керемети.

Share via