«Чыныгы Интеграця (башка коомго аралашуу) – бул өзү жашап жаткан өлкөнү сүйүү» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Чыныгы Интеграця (башка коомго аралашуу) – бул өзү жашап жаткан өлкөнү сүйүү» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Швециянын «Швед» Телевидениясына маек берди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 11-майында Швециянын Мальмё шаарындагы «Махмуд» мечитинде Швециянын «Швед» Телевидениясына (Swedish TV) маек берди.

Маек аралыгында Улуу Урматтуу Халифага жаңы салынган «Махмуд» мечити, мигранттардын коомго аралашуусу, терроризмдин өсүүсү жана жаштардын радикалдашуусу жөнүндө суроолорду беришкен.

Ахмадия Мусулман Жамааты эмнеге Мальмё шаарында мечит кургандыгы жөнүндө берилген суроого жооп берип, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Курани Карим адамдар өздөрүнүн Жаратуучусунө сыйынуулары керек дейт, ошон үчүн ушул мечит адамдарды Алла Тааланын сыйынуусуна чогултат. Ахмадий мусулмандар сыйынуу үчүн күндө беш маал ушул мечитке киришет жана жума сайын жума намазын ушул жерде аткарышат».

Аталган мечиттин өзү жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул мечит абдан кооз жана жергиликтүү швециялыктар да аны өздөрүнүн айлана-чөйрөсүнө кандайдыр бир жакшы кошумча деп ойлошот деген үмүттөмүн».

Улуу Урматтуу Халифага Ахмадия Мусулман Жамаатынын «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген урааны жөнүндө суроо берилген.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» негизинен Курани Каримдин таалимдерине негизделет, анткени Исламдын мааниси – бул бардык адамзат үчүн тынчтык жана сүйүү-мээримдүүлүк. Ошондуктан, биз эч кимди өзүбүзгө душман деп ойлобойбуз жана эч кимге жамандык кылууну каалабайбыз».

ИШИМ сыяктуу террористик топтордун ишмердүүлүктөрү жөнүндө суралганда, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Терроризм амалдарынын кандай гана көрүнүшү болбосун, ага чакыруу же аны жайылтуу Исламдын чыныгы таалимдерине бүтүндөй каршы жана ал сындалышы керек. Биз – Ахмадий мусулмандар тынчтыкты сүйөбүз жана ошон үчүн эч бир Ахмадий мусулман террористтик топторго кошулууну каалабайт. Биз балдарыбызга кичинекейинен эле тынчтыкты сүйгөн адам болуу силердин ишенимиңердин зарыл бөлүгү деп үйрөтөбүз».

Мигранттардын Батыш коомчулугуна аралашуусу жөнүндөгү суроого, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Менин назарымда чыныгы интеграция (башка коомго аралашуу)  – бул силер жашаган өлкөңөргө болгон сүйүүңөр жана ага толук бойдон чынчыл болууңар керек. Ошондуктан, мигранттар көчүп барган улутка чынчыл болуулары керек, алар аны чын жүрөктөн сүйүүлөрү шарт, ага сый-урмат көрсөтүүлөрү зарыл, мыйзамды сыйлоолору керек, анын гүлдөп өсүп-өнүгүүсү үчүн иштөөлөрү лаазым. Бул – интеграция болуп эсептелинет».

Айрыкча Ахмадий мусулмандар үчүн Европада кандайдыр бир коркунуч барбы деп суралганда, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«ИШИМ жана башка террористтик топтордун айынан бардык адамдар тобокелде жана тынчтык үчүн кандайдыр бир жалпы коркунуч бар. Ошентсе да, кээ бир адамдар айрыкча Ахмадий мусулмандарга зыян келтирүүнү каалашат, ошон үчүн биз сак болушубуз керек».

 АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via