Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси АКШга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад 2,000 Ахмадий мусулмандар тарабынан тосулуп алынды
Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2018-жылдын 15–октябрында кечки маал Мэриленд штатындагы Силвер-Спринг жеринде жайгашкан «Байтур–Рахмаан» мечитине келди. Ал Азирети АКШдагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын улуттук борборунда өздөрүнүн руханий жетекчисин АКШга кабыл алуу үчүн чогулушкан 2,000ге жакын Ахмадий мусулмандар тарабынан тосулуп алынды.
Ал Азирети 2003-жылы Халифа болуп шайлангандан бери АКШга жасаган төртүнчү иш сапарында Ал Азиретин тосуп алып, Ахмадий мусулмандар чоӊ кубанычта болушту. Ал Азирети буга чейин 2008-чи, 2012-чи жана 2013-чү жылы АКШга келген эле.
Ал Азирети Лондондон түз АКШга учуп келди. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:35те «Байтур-Рахмаан» мечитине келип, Ал Азирети Шам жана Куптан намаздарына имамчылык кылды.
Андан кийин, 2018-жылдын 16-октябрында, Ал Азирети «Байтур-Рахмаан» имаратын текшерип чыкты. Ал Азирети жакында эле кайрадан жасалган Эл аралык МТА Масрур Телепортун да көрдү жана дуба кылды.
Текшерүү учурунда Ал Азирети «Байтур-Рахмаан» мечитиндеги башкаруу кеӊселери жана Ашкананы да (Лангар хана) көрдү. Ал Азирети өзүнүн иш сапарынын учурунда өз ыктыяры менен ар кандай кызматтарды аткаруучу адамдар менен да жолугушту.
Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын учурунда, Ал Азирети 3 мечит ачат, жергиликтүү сыйлуу адамдар жана расмийлер менен жолугат, ошондой эле жүздөгөн Ахмадий мусулмандар менен жеке өзү жолугат.
АЯГЫ
Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK
Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682
Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Press Secretary AMJ International
(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)