Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Англияда жаңы мечитти ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Англияда жаңы мечитти ачты

Халифанын көрсөтмөсү

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Англиянын Тилфорд шаарына караштуу Исламабадда жаңы Борбордук мечитин ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад Тилфордда жайгашкан «Мубарак» мечитинде тарыхый жума кутбасын окуду

Ахмадия Мусулман Жамааты чоң кубануу менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2019-жылдын 17-майында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад, Азирети Мырза Масрур Ахмад Англиянын Тилфорд шаарына караштуу Исламабадда жаңыдан курулуп, сонун кооздолуп салынган «Мубарак» (Куттуу) мечитин, ошондой эле башкаруу жана турак жай корпусун ачты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад МТА Эл аралык телеканалыдан дүйнө жүзү боюнча түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн өзүнүн жумалык жума кутбасын «Мубарак» мечитинде окуганда Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхында жаңы доор башталды.

Жума кутбасын окуурдан мурун, Ал Азирети мечиттин сыртында эстелик тактасынын бетиндеги парданы көтөрүп, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Экинчи Халифасынын жасаган бир иш-амалын карманып, мен Алла Таала Ахмадия мусулман Жамаатын жаңы борбор жана мечит менен камсыздаганы үчүн Ага ыраазычылык билдирүү максатында сажда кылам деп түшүндүрдү. Ал жерде болгондор эмоциялуу сезимдерге толушкан, ал эми жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандар МТА Эл аралык телеканалы аркылуу ошол өзгөчө көз ирмемдерге катышышты.

Өзүнүн жума кутбасында Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын борборун Лондон шаарынан Исламабадга көчүрүү себептери тууралуу айтып берди жана жаңы доор Ахмадия Мусулман Жамааты үчүн зор кут-берекелер жана ийгиликтерди алып келет деп дуба кылган. Ал Азирети ушул аймакта жашаган же зыярат максатында келүүчү Ахмадий мусулмандар дайыма өздөрүн жакшыртуу жана жаңы борбору аркылуу дүйнөгө Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин көрсөтүүгө тийиш деп билдирди.

Ал Азирети бул жаңы мечит Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) тарабынан Индияга караштуу Кадиянда салынган «Мубарак» мечитинин бир чагылышы катары болот деп дуба кылды. Ал Азирети анын аты-жөнү кандай Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га бир вахий-аян аркылуу берилгендигин да түшүндүрүп берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала колдоп, ушул мечит Кадияндагы «Мубарак» мечитинин күзгүсү болсун, ал Алла Тааланын нээмат-белектерин өзүнө тартсын жана ал ар жактан берекелүү болсун. Бул мечитке ат ыйгаруу боюнча талкуулар болуп жатканда, бир топ башка аталыштар да эске келди жана кээ бир аталыштар сунушталган. Бирок, андан кийин күтүлбөгөн жерден Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га берилген бир вахий-аян менин эсиме келип, анан ага азыркы атты ыйгарууга мага багыт берди».

Ал вахий-аяндагы араб сөздөрүн түшүндүрүп, Ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзү которгон маанилерди айтып берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Аталган вахий-аянга Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын өзү берген котормосу төмөндөгүдөй: «Бул мечит кут-берекелердин булагы, ошондой эле өзү да берекелүү жана ар бир кут-берекелүү иш-амал анда ишке ашырылат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала колдоп, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Кадияндагы «Мубарак» мечитинде сураган дубалары, ошондой эле Ислам дининин жер жүзүнө жайылышы жана жеңиши үчүн тилеген күчтүү каалоолору ушул мечитке да жетсин. Бул мечит жана бул борбор түбөлүккө Улуу Британия, Европа жана жер жүзүнүн бардык мамлекеттерине Алла Тааланын Жалгыздыгы жана Ислам дининин кабарын таратуу булагы болсун».

Азирети Мырза Масрур Ахмад айрым өлкөлөрдө Ахмадия Мусулман Жамааты туш болгон оор жана катуу куугунтукка карабай, аталган Жамаат дайыма ийгиликтүү болуп келген жана ошол бардык өсүп-өнүгүү Жараткан Алланын белектери жана берешендиги деп эскертти.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Өлкө мыйзамынын айынан Ахмадия Жамаатынын Халифаты Пакистандагы Рабвах шаарынан (1984-жылы Лондонго) көчүүгө мажбур болгон. Ошентсе да, биздин керектөөлөрүбүздү камсыз кылуу үчүн Алла Таала мурдагысынан да көбүрөөк даражада биз үчүн өсүп-өнүгүү эшиктерин ачты. Алла Таала биздин өсүп-өнүгүүлөрүбүздү үзгүлтүксүз уланта берсин. Алла Таала бул мечит жана борбор аркылуу душмандарыбыз бизден тартып алмакчы болгон дагы көп жана чоң жетишкендиктерди, белектерди жана кут-берекелерди бизге берсин».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ахмадия Жамаатынын өсүп-өнүгүүсү Алла Тааланын берекеси аркылуу гана. Дүйнөдөгү эч бир өкмөт анын ийгиликтүүлүгүн токтото албайт, ошондой эле Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн ийгиликке жетишүүсү үчүн эч бир өкмөттүн жардамына муктаж эмес. Качанкыга чейин биз Аллах Тааланын буйруктарына баш ийип турсак, Анын ыраазычылыгына жетишүү үчүн аракет кылып турсак, ал убакытка чейин биз ийгиликке жетише беребиз жана ошол кутберекелерге татыктуу болгондордон боло беребиз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадий мусулмандарга алар Исламабадга жакын жашоочу жергиликтүү адамдарга өздөрүнүн салих-такыба иш-аракеттери менен Исламдын баа жеткис окууларын жеткирүү жана жергиликтүү тургундардын укуктарын аткарууга өзгөчө көңүл бурүү керектигин баса белгиледи.

Ал Азирети Исламабад узак убакыттан бери курулган болсо да, азыр жаңы штаб-борбордун курулушу менен имараттар алда канча маанилүү болуп калды, ошондуктан Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн кошуналарына жеңилдиктерди жаратуу үчүн мурдагысынан да көбүрөөк маани берүүлөрү керек деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сизлер азыр мурункудан да мыктыраак үлгүңөрдү көрсөтүүңөр керек, жана кошуналарыңарга жакшы таасирди калтырууңар зарыл. Эгер биздин кошуналарыбыз биздин ызы-чуубуздун, же жол кыймылыбыздын тартипсиздигинин айынан, же кандайдыр бир башка себептен улам азап тарткан болсо, анда биз ушул жердеги жергиликтүү жашоочуларга кандайдыр бир туура эмес кабар берип жаткан болобуз. Андай болсо, тагыраак айтканда, эгерде биз Ислам динин туура кабарын чагылдырып жаткан болсок, анда Алла Таалага шүгүрчүлүк кылуубуз кандайдыр бир маанисиз куру сөздөр гана болот. Алла Таалага шүгүрчүлүк кылуу биздин айткандарыбыз менен кылгандарыбыздын, биздин окууларыбыз менен иштерибиздин бир жана бири-бирине шайкеш болуусун талап кылат, айткандарыбыз менен кылгандарыбыздын ортосунда карама-каршылык болбошу керек».

«Мубарак» мечити анын Халифат доорунда ыйык Рамазан айында ачылган  биринчи мечит экенин айтып, Ал Азирети иш жүзүндө Ахмадий мусулмандар мечиттин акы-укуктарын аткаруу үчүн өз ибадатына жана амалдарына, ошондой эле Кудайга жакын болууга өзгөчө күч-аракет жумшашы керек деп эскертти.

Ал Азирети мындай деди:

«Силер мечиттердин чыныгы жана тынчтык максат-мүдөөлөрүн аткарышыңар керек, андан кийин гана силер Алла Тааланын сыйлыктарына татыктуу боло аласыңар. Силер өз ибадатыңарды бир гана Алла Тааланын ыраазычылыгына арнашыңар керек, ошондо гана силер Алла Тааланын белектерин алуучулардан болосуңар. Силер өз жүрөктөрүңөрдү дүнүйөлүк ойлордон жана кызыкчылыктардан тазалашыңар керек, ошондо гана Алланын ырайымы силердин үстүңөргө түшөт. Күндө беш маал ушул иш-аракет жасалганда гана, биз чын жүрөктөн өзүн Алла Тааланын ыраазычылыгына арнаган адамдардан болушубуз мүмкүн».

Рамазан айынын маанилүүлүгү жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын келечекте үзгүлтүксүз өсүп-өнүгүүлөргө жетишүү үчүн дуба кылуу керектиги жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул куттуу айдан пайда алып, бул дубалар дароо Алла Таала тарабынан кабыл алына турган бир ай, биз Ахмадия Мусулман Жамаатынын өсүп-өнүгүүсү жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын жаңы борбору дүйнөнүн бул бөлүгүндө кандай максат-мүдөөлөр менен курулган болсо, ошол максат-мүдөөлөрдүн аткарылышы үчүн дуба кылуубуз керек. Бул үчүн жалынып-жалбарып дуба кылуу керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ылайым Ахмадия Мусулман Жамаатынын бул жаңы борбору кеңейип бара берсин жана ушул аймактын айлана-чөйрөсүндө Ахмадий мусулмандар калкы көбөё берсин. Ылайым, биз адамдардын Ислам дининин алкагына кирип бара жатышканын көрүп туралы. Ылайым, биз Ахмадияттын каршылаштары тарабынан Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы ушютурулуп жаткан бардык кутумдардын жок болуусун көрөлү».

Эмоциялуу сезимдер менен толгон сөздөрдү айтып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ылайым, Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын турак жайы болгон Рабвах жана Кадиянга кайтып баруу жолу биз үчүн ачылсын. Ылайым, Мекке жана Мединага баруу жолдору да биз үчүн ачылсын, анткени алар биздин Жетекчибиз, Жол башчыбыз болгон Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шаарлары жана Ислам дининин түбөлүктүү борборлору».

Жаңы мечиттин өзгөчөлүктөрүн баяндап, Ал Азирети мындай деди: 500 кишиден көп адам ага батат, ошондой эле 1200 сыйынуучулар ар түрдүү максаттарга ылайыкталып салынган залга да жайгаша алышат, сыйынуучулар үчүн сырткы короо да бар, ошентип бул мечит жана анын тегерегиндеги жерлер 2000ден ашуун адамдарды жайгаштыра алат.

Мындан тышкары, Убада кылынган Масийх жана Махдийдин Халифасынын жана айрым башка борбордук башкаруу органдарынын кеңселери да курулган, ошондой эле кеңселер кызматкерлери үчүн турак жайы да курулган.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via