Канаданын министри Ахмадиянын Жетекчиси менен Лондондо жолугушту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Канаданын министри Ахмадиянын Жетекчиси менен Лондондо жолугушту

Канаданын министри Ахмед Хуссен Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен Лондондо жолугушту

  • Азирети Мырза Масрур Ахмад ар башкалыкты тараткандыгы үчүн Канаданын өкмөт башчысы Трюдону мактады
  • Ал Азирети экстремист уламалар көчө бийлигин колдонууну улантып жатышкандыктары үчүн Пакистанда өзгөрүш болбойт, деп айтты.

2018-жылдын 21-июлунда, Канаданын иммиграция, качкындар жана жарандык министри, ардактуу депутат Ахмед Хуссен Бүткүл дүйнөлүк Ахмадия Мусулман Жамаатынын башчысы Азирети Мырза Масрур Ахмад менен Фазл мечитинде жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Азирети Мырза Масрур Ахмад жана министр Хуссен акыркы жылдары кээ бир Батыш өлкөлөрүна болгон массалык иммиграциянын үзгүлтүксүз натыйжаларын талкуулады. Ошондой эле, жолугушууда диний эркиндиктин маанилүүлүгү, кедей элдерди өнүктүрүү жана Пакистандагы келээрки жалпы шайлоо да талкууланды.

Аталган министр Ахмадия Мусулман Жамаатына анын тынчтыкты көздөй жасаган үзгүлтүксүз аракеттери үчүн, ошондой эле башка жамааттар жана топтор менен жакшы мааниде алектенгендиги үчүн мактоо-алкоо айтты. Ал киши 2018-жылдын майында Пакистандын Сиалкот районунда жайгашкан бир Ахмадия мечитине жасалган чабуулду сындап, өзүнүн кайгырганын билдирди.

Диний эркиндик жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бардык адамдарга диний эркиндик берилиши керек жана бийликтер өздөрүнүн жарандарынын жеке диний маселелерине аралашпоосу керек. Өкүнүчтүүсү, мындай кийлигишүү айрыкча өнүгүп келе жаткан дүйнөдө көбүрөөк болууда. Пакистанда Ахмадий мусулмандардын куугунтукталуусу буга негизги мисал болуп саналат, ал эми Йемендеги азыркы чыр-чатак түпкүлөй диний сектанттык чыр-чатак болуп эсептелинет. Демек, дүйнөнүн бардык жерлеринде чыныгы дин тутуу эркиндигин орнотуу үчүн бир топ иштерди аткарыш керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Канчалык кичинекей коомчулук болбосун, анын диний укугун бузуу туура эмес жана өкүнүчтүүсү, Ыйык Куран чечкиндүү түрдө дин иштеринде зордук-зомбулук жок деп айткандыгына карабай, айрым мусулман өлкөлөрүндө диний куугунтук болуп жатат».

Министр Хуссен 1993-жылы Сомалиядан Канадага көчүп келгенин Ал Азиретиге айтып берди. Ошондон кийин, Ал Азирети мындай деди: ошол улутка иммигрант болуп барган адам бир чейрек кылымда эле иммиграция, качкындар жана жарандык үчүн жооптуу министр болуп калды.

Буга министр Хуссен мындай деди:

«Мен ар дайым мындай деп айтам: Канадада менин өсүп-өнүгүшүм  мен жөнүндө эмес, ал эми көбүрөөк Канада туралуу айтат жана биздин иммиграция системабыз менен интеграция каражаттарынын күчтүү экенин көрсөтөт. Канаданын эли абдан берешен эл болуп саналат».

Андан кийин Ал Азирети гуманитардык жардам жана узак мөөнөттүү инфраструктура туралуу өнүккөн дүйнө(мамлекеттер) өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берүү зарылдыгы тууралуу сөз кылды. Ал Азирети өнүгүп келе жаткан дүйнөдөн коррупция жана адилетсиздиктин бардык түрлөрү жок кылынганда гана чыныгы өсүп-өнүгүү болот деп айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Ал Азирети Канаданын өкмөт башчысы Джастин Трюдого өзүнүн жакшы тилектерин да билдирди жана Канаданын өкмөт башчысынын ар башкалыкты өнүктүрүп, түрдүү диндер жана көз караштарга толеранттуу болгонуна мактоо-алкоо айтты.

Аталган жолугушуу Пакистанда боло турган саясий шайлоо жөнүндөгү талкуу менен аяктады.

Буга Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Фанатик молдолордун кылычы турганда Пакистанда эч кандай чыныгы өзгөрүү болбойт. Жергиликтүү саясатчылар өздөрүнүн Жаратканынан да көбүрөөк молдолордон коркушат. Кээ бир билимдүү жана тарбиялуу адамдар Ахмадий мусулмандардын куугунтукталуусуна каршы үндөрүн көтөрө баштады, ал эми молдолор эӊ чоӊ көчө күчтөрүнө ээ болгондуктан, алар элди тукуруп, ошол үндөрдү басууга пайдаланышууда. Мисалы, бир нече жыл мурун Ахмадий мусулмандарын коргоп, жана дин тутуу эркиндигин колдогондугу үчүн Пенжаб облусунун губернатору Салман Тасир атылып өлтүрүлгөн. Уламалар адамдардын акылын булгаш үчүн мечиттердин минбарларын колдонушууда».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

Чектеш темалардын мазмуну
Share via