Куран сабагы: эки жүздүүлөр кимдер, алардын белгилери кандай? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Куран сабагы: эки жүздүүлөр кимдер, алардын белгилери кандай?

ФИЙ КУЛУУБИХИМ-МАРАЗУН ФА-ЗААДАХУМУЛЛААХУ МАРАЗАН ВАЛАХУМ АЗААБУН АЛИЙМУН БИ-МАА КААНУУ ЙАКЗИБУУН (2:11).

ФИЙ КУЛУУБИХИМ-МАРАЗУН ФА-ЗААДАХУМУЛЛААХУ МАРАЗАН ВАЛАХУМ АЗААБУН АЛИЙМУН БИ-МАА КААНУУ ЙАКЗИБУУН (2:11).

Курани каримдин өзгөчөлүктөрүнөн сөз кылган соң Курани каримдин көрсөтмөсүнө ылайык жүрүүчү чыныгы такыбалар жана үгүт сөздөрү менен түшүндүргөндө да, эскерткенде да түшүнбөй жаткан ашынган каапырлардан сөз кылгандан кийин эми тилинен биз момунбуз деп билдирүүчү, бирок жүрөгүнөн кабыл албаган адамдардан сөз кылып жатат. Алла таала мындай деп айтат: мына ошондой адамдар кесел адамдар, бирок денеси эмес, жүрөгү кесел адамдар. Анткени кандайдыр бир нерсени жүрөгүнөн кабыл кылбоо, бирок тилинен биз кабыл кылабыз деп адамдардын алдында билдирүү – бул өтө чоң оору. Мына ошондой кесел адам улам-улам жалган сүйлөйт. Имамдын алдында ал киши мен момунмун деп жалган сүйлөйт жана жалган байъат берет, өзүнүн момун-мусулман досторунун алдында мен момунмун деп жалган сүйлөйт, ал эми жүрөгүнөн четке кагып жаткан болот. Ушул жалгандын натыйжасында анын оорусу ырбап бара берет. Ошондуктан, Алла таала мындай деп айтат:

ФА-ЗААДАХУМУЛЛААХУ МАРАЗАН ВАЛАХУМ АЗААБУН АЛИЙМУН БИ-МАА КААНУУ ЙАКЗИБУУН

ФА-ЗААДАХУМУЛЛААХУ МАРАЗАН ВАЛАХУМ АЗААБУН АЛИЙМУН БИ-МАА КААНУУ ЙАКЗИБУУН

себеби алар жалган сүйлөй беришет. Алла таала алардын оорусун ырбатып жиберет. Алла таала Өзү дайындаган Имамга жана анын Жамаатына көмөк көрсөтөт, аларды колдоп жышаандарды жана муъжизаларды көрсөтөт, далилдер менен алардын чынчылдыгын ачыкка чыгарат, натыйжада чындыгында мусулман болбогон, тилинен эле биз мусулманбыз деп билдирүүчү адамдар ичинен күйүшүп, алардын алардын оорусу күчөй берет.

Алла таала Курани каримди үйрөнүп, ага амал кылууга бардыгыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)

Share via