Эки жүздүүлөр жана алардын кылыктары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эки жүздүүлөр жана алардын кылыктары

وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یَّقُوۡلُ اٰمَنَّا بِاللّٰہِ وَ بِالۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ مَا ہُمۡ بِمُؤۡمِنِیۡنَیُخٰدِعُوۡنَ اللّٰہَ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ۚ وَ مَا یَخۡدَعُوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡفُسَہُمۡ وَ مَا یَشۡعُرُوۡنَКурини Каримдин башында эле төмөндөгүдөй маани-мазмун баян этилген: Курани Карим ар түрдүү шек-күмөндөрдөн таза бир толук жана эң мыкты Китеп, себеби (бул Китеп) баарынан да көбүрөөк Билүүчү Алланын илими менен түшкөн жана такыбаларга жол көрсөтөт. Анан такыбалар кимдер, аларда кандай касиеттер кезигери тууралуу айтылган. Андан кийин айрым адамдар ушул Китепти жана аны алып келген Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды четке кагышат, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды канчалык кулактандырбасын, коркутпасын, алар кайтышпайт, алар өз жүрөктөрүн да, кулактарын да, көздөрүн да пайдаланышпайт. Чынында болсо, туура жолду билүүнүн үч чоң куралы ушулар гана деп да айтылган.

Эми мындан кийин каапырлардан да коркунучтуураак кээ бир адамдардан сөз кылган:وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یَّقُوۡلُадамдардын арасында өз тилинен اٰمَنَّا بِاللّٰہِ وَ بِالۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِбиз Аллага да ыйман келтиребиз жана акыркы күнгө да ыйман келтиребиз деп айтышат, бирок бул алардын оозеки билдирүүсү гана, чынында алар момун эмес. Андан кийин алар жөнүндө бир аз кененирээк сөз кылынган. Анткени, булар чынында Алла Тааланын жамаатарына абдан коркунучтуу душман болушат. Буларга чейин сөз кылынган адамдар акыйкатты ачык-айкын четке кагышат, жүрөктөрүн жана акылдарын да пайдаланышпайт, кулактары менен да акыйкат сөздөрүн угушпайт, көздөрү менен да чыныгы Жамааттын акыйкатын көрүшпөйт, бирок булар ачык түрдө четке кагышкандыктан жүрөгү жөнөкөй момун-мусулмандар аларга алданышпайт.

Бирок жүрөгүнөн кабыл албаган жана тилинен биз момунбуз деп алдагандарга кээде жөнөкөй момун-мусулмандар алдануу коркунучу болот, ошол үчүн алар жөнүндө бир аз кененирээк токтолгон. Алла Таала мындай деп айтат: аларیُخٰدِعُوۡنَ اللّٰہَАлла тааланы алдамакчы болушат. Эми Алла тааланы ким алдай алат? Ал бардыгын билет.وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡاжана алар чын жүрөктөн ыйман келтиргендерди алдамакчы болушат, бирок чындыгында وَ مَا یَخۡدَعُوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡفُسَہُمۡалар өздөрүн эле алдап жаткан болушат,وَ مَا یَشۡعُرُوۡنَбирок алар эмне кылып жатканын билишпейт, алар аны түшүнүшпөйт. (2:9-10)

Алла Таала Курани Каримди үйрөнүп, ага амал кылууга бардыгыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)

Share via