Алла Таала мөөрлөп койгон адамдар кимдер? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла Таала мөөрлөп койгон адамдар кимдер?

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран сабагы орозо Мусулман Момун

Алла Таала каапырлардын жүрөктөрүн жана кулактарын мөөрлөп койгон

Курани карим  сыяктуу жогорку даражалуу жана жеткилең Китептен такыбалар хидаят табышат, айрым  адамдар аны четке кагышат жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) сыяктуу эң бийик даражадагы Эскертүүчүнүн түшүндүрүүсү жана түшүндүрбөөсү, эскертүүсү же эскертпөөсү алар үчүн баары бир. Алар кайсарлыктын жана кастыктын айынан ыйман келтиришпейт дегенди айткан соң Алла таала мындай деп айтат:

ХАТАМАЛЛААХУ АЛАА КУЛУУБИХИМ ВА АЛАА САМЪИХИМ ВА АЛААА АБСААРИХИМ ГИШААВАТУН. (2:8)

ХАТАМАЛЛААХУ АЛАА КУЛУУБИХИМ ВА АЛАА САМЪИХИМ ВА АЛААА АБСААРИХИМ ГИШААВАТУН. (2:8)

Алардын өжөрлүгүнүн жана четке кагуусунун натыйжасынан төмөнкүдөй тыянак чыкты: Алла таала алардын жүрөктөрүнө мөөр басып койгон. Ушундай улуу салтанаттуу Китепке ой жүгүртүү, ичинен ойлонуу, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сыяктуу Пайгамбардын түшүндүрүүсү жана эскертүүсү менен акылды жүргүзүү алардын милдети болчу, бирок алардын жүрөктөрү түшүнүүнүн ордуна четке кагууга шашылышты. Ошондуктан, алардын ушул иш-аракетинин жообунда Алла таала алардын жүрөктөрүнө мөөр басып койгон. Өз кулактарын иштетүү, Алла тааланын Сөзүнө кунт коюу, Алла тааланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрүнө кулак салуу алардын милдети болчу, бирок алар өз кулактарын да пайдаланышкан эмес, ошон үчүн

ВА АЛАА САМЪИХИМ

ВА АЛАА САМЪИХИМ

алардын кулактарына Алла тааланын мөөрү басылган. Анан эгер алар өз жүрөктөрүн пайдаланышпаса, өз кулактары менен угушпаса, анда эч болбогондо өз көздөрү менен Курани каримдин чынчылдыгы жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгы үчүн күндө ачыкка чыгып жаткан жышаандарды көрүшмөк. Бирок алар өз көздөрүн да пайдаланышкан жок, тим эле

ВА АЛААА АБСААРИХИМ ГИШААВАТУН

ВА АЛААА АБСААРИХИМ ГИШААВАТУН

алардын көздөрүндө парда бар болгондой. Алар биз кандайдыр бир чоң иш кылдык деп ойлошот окшойт. Чындыгында болсо,

ВА ЛАХУМ АЗААБУН АЗИЙМ

ВА ЛАХУМ АЗААБУН АЗИЙМ

 алар үчүн бир үлкөн азап бар. Алар Курани каримге каршы жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухамад (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы кылып жаткан аракеттери боюнча бул дүйнөдө ийгиликсиз болушат, о дүйнөдө да өздөрүнүн реформаланып-оңолүүсу үчүн алар азап тартышат. Эгер кимдир бирөөгө дүйнөдө да жаза берилсе жана өлүмдөн кийин о дүйнөдө да азап тартса, анда бул азаптан дагы чоң азап кандай болушу мүмкүн.

Алла таала Курани каримди үйрөнүп, ага амал кылууга бардыгыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)

Share via