Каапырлар кимдер? Каапырлардын белгилери. • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Каапырлар кимдер? Каапырлардын белгилери.

اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا سَوَآءٌ عَلَیۡہِمۡ ءَاَنۡذَرۡتَہُمۡ اَمۡ لَمۡ تُنۡذِرۡہُمۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَКурани Карим жеткилең Китеп, анда кандайдыр бир шек-күмөн жок, бул Китеп такыбаларга туура жолду көрсөтөт, ошондой эле такыбалар кимдер жана аларда кандай касиеттер кезигет деп айткандан кийин эми ушул аяттан төмөндөгүдөй маани-мазмун башталат: такыбалардын каршысында Курани Каримден туура жол таппай тургандар кимдер жана ушул Китепке ишенбей тургандар кандай адамдар жана аларга кандай мамиле кылынат. Алла Таала мындай деп айтат:اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا سَوَآءٌ عَلَیۡہِمۡАлла Тааланын ушул Китебин жана ушул Китеп өзүнө түшүрүлгөн Анын Пайгамбарын четке каккан адамдарга баары бир.ءَاَنۡذَرۡتَہُمۡ اَمۡ لَمۡ تُنۡذِرۡہُمۡаларды эскертсеңер да, эскертпесеңер да, аларды коркутсаңар да, коркутпасаңар да, ошол четке кагуу деген жаңылыштыктан жана анын жаман натыйжасынан аларды эскертсеңер да, эскертпесеңер да, لَا یُؤۡمِنُوۡنَалар ыйман келтиришпейт.

Мунун мааниси төмөнкүдөй: эй, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)! Сенин эскертүүңдү же эскертпөөңдү, түшүндүрүүңдү же түшүндүрбөөңдү баары бир деп ойлогондор эле чыныгы каапырлар. Аларга насааттар айтылып, үгүттөр кылынса да, ошондо да ага көңүл бурушпайт, же насааттар айтылбаса да ага көңүл бурушпайт, алар ыйман келтирүүчүлөр эмес.

Ушул аятта Алла Таала төмөнкүдөй сабак берген: эгер Алла Таала тарабынан кандайдыр бир китеп келсе же кандайдыр бир эскертүүчү жөнөтүлсө, аны дароо четке кагуу – бул өтө чоң жаӊылыштык. Китепти окугула, Назийрдин, тактап айтканда Эскертүүчүнүн сөзүнө кулак салгыла, чын жүрөктөн ага ой жүргүрткүлө, Китеп эмнени айтат деп анын маани-мазмундарына карагыла. Назийр – Эскертүүчүнүн жашоосуна, анын мүнөздөрүнө, анын ахвалдарын карап көргүлө жана чын жүрөктөн аны байкап көргүлө, анан эгер чын болсо, аны кабыл кылгыла, эгер туура эмес болуп чыкса, анда аны четке каксаңар болот.

Алла Таала Курани Каримди окуп-үйрөнүүгө бардыгыбызга күч-кубат берсин. (Амийн)

Share via