Ийгиликке жетишүүчү инсандар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ийгиликке жетишүүчү инсандар

اُولٰٓئِکَ عَلٰی ہُدًی مِّنۡ رَّبِّہِمۡ ٭ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَАлла Тааланын ушул эң улуу даражадагы жеткилең Китепте эч кандай шек-күмөн жок, себеби ал эң жакшы Билүүчүнүн Китеби деген жөнүндө сөз кылгандан кийин Алла Таала мындай деп айтат: бул Китеп такыбаларга туура жол көрсөтөт, аны менен бирге такыбалар ким экенин да айтып берет. Такыбалар – бул көзгө көрүнбөгөн Алла Таалага чын жүрөктөн ыйман келтирүүчүлөр, ыйман келтирген соң анын эки зарыл талабы болгон, тактап айтканда, Алла Тааланын акы-укуктарын намаз аркылуу жана пенделеринин акы-укуктарын Алла Таала тартуулаган белектерди Алла Тааланын пенделерине сарптоо аркылуу аткара тургандар.

Алар ушуларды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га түшкөн Алла Тааланын Сөзү аркылуу билишет, ошон үчүн алар ошол Сөзгө ыйман келтиришет жана ушул Сөздүн чынчылдыгы ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га чейин түшкөн Алла Тааланын сөздөрүндө бар болгон алдын-ала кабарлардан да далилденет, ошондуктан алар ошол сөздөргө да ыйман келтиришет. Ошондой эле өлүмдөн кийин дагы жашоо болот жана Алла Тааланын алдына барабыз, ал жерде эсеп-кысап болот деп да ишенишет.

Эми Алла Таала мындай деп айтат:اُولٰٓئِکَ عَلٰی ہُدًی مِّنۡ رَّبِّہِمۡ алар өздөрүнүн Жаратуучусу жана аларга өсүп-өнүгүү тартуулоочу өздөрүнүн Ээсинин тарабынан келген хидаяттын (туура жолдун) үстүндө. وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَжана ийгиликке жетишүүчүлөр, өздөрүнүн максат-мүдөөлөрүнө жетишүүчүлөр мына ошолор гана. Себеби, байлыкты талап кылуучулар кээде байлыкка жетишет, кээде жетишпейт, алардын өздөрүнүн максат-мүдөөсүнө жетишүүсү кандайдыр бир ишенимдүү нерсе эмес. Кээ бир адамдар бийликке жетишүүнү каалашат, бирок биз байкагандай, алардын арасында бирөөлөр бийликке жетишсе да, көпчүлүгү ого бетер ийгиликсиздикке учурап калышат.

Айрым адамдар ден-соолукту издешет, бирок ооруу жана алсыздык аларды тынч койбойт. Кээ бир адамдар салтанаттуу үйлөрдү жана жан-жаныбарларды каалашат, бул үчүн аракетти да жасашат, бирок ийгиликке жетишпейт. Тек Алла Тааланы жана Алла Тааланын ыраазычылыгын издөөчүлөр, ыйман келтирип, намаздарын аткарышып, пенделердин акы-укуктарын коргошуп, Курани Каримге амал кылуучулар гана өз максат-мүдөөлөрүндө эч качан ийгиликсиздикке учурашпайт, тескерисинче ар дайым ийгиликке жетишишет.

Алла Таала Курани Каримди үйрөнүп, ага амал кылууга бардыгыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)

Share via