Исраа жана Мирааж • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Исраа жана Мирааж

Азирети Ыйса(ас)дын денеси менен көтөрүлүшүн далилдөө үчүн төмөнкүдөй мисал келтирилет: Мухаммад Пайгамбар(сав) дагы денеси менен Мираажга чыккан эле. Ошондуктан, адам баласы денеси менен асманга чыгуусу мүмкүн. Ушул билдирүүгө каршы Куран жана хадистин төмөнкүдөй далилдери Мухаммад Пайгамбар(сав)дын Мираажы денелик эмес, тескерисинче руханий     экенин далилдеп көрсөтүүдө. Хадистерден да Исраа жана Мирааж эки өзүнчө окуя экендиги далилденет. Мирааж, тактап айтканда, асманга көтөрүлүү окуясы пайгамбарчылыктын 5-жылында, качан ал Каабада, тагыраак айтканда, «Хараам Мечитинде» уктап жатканда болгон. Ал эми Исраа, тактап айтканда, «Байтул-Мукаддаска» кетүү окуясы пайгамбарчылыктын 11-жылында, качан ал өзүнүн агасынын кызы Умми Хааний(ра)нын үйүндө уктап жаткан убакытта болгон. Эки окуяда уктоо абалынын окшош болгондугу ушул окуялардын денелик эмес, тескерисинче руханий экенин далилдеп жатат.

 Көз эмес, жүрөк көрдү

 Эгерде Мирааж денелик болгондо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) Алла тааланы физикалык көз менен көрмөк. Бирок Куран жана хадисте: «Эмне көрүлгөн болсо да, жүрөк менен көрүлдү», – деп айтылат.

Маа казабал-фуааду маа раа'а (53:12)

Маа казабал-фуааду маа раа’а (53:12)

Котормосу: жүрөк өзү көргөн нерсени жалган баяндаган эмес. (53:12)

Вамаа жаъалнар-ру'яллатий арайнаака иллаа фитнатал-линнааси (17:61)

Вамаа жаъалнар-ру’яллатий арайнаака иллаа фитнатал-линнааси (17:61)

Котормосу: жана Биз сага көрсөткөн түштү адамдар үчүн болгону сыноо кылдык…». (17:61)

Ан Ибни Аббаасин каала: раа'аху би-фуаадихий марратайин. («Сахих Муслим», Китаабул-иймаан)

Ан Ибни Аббаасин каала: раа’аху би-фуаадихий марратайин. («Сахих Муслим», Китаабул-иймаан)

Ибни Аббаас(ра) рабаят этет: «Пайгамбар(сав) өз жүрөгү менен Алла тааланы эки жолу көрдү. («Муслим», Китаабул-Ыймаан, Баабу маънаа каулиллаахи азза ва жалла (ва лакад раа’аху назлатан ухраа) ва хал раа’ан-Набийсав Раббаху лайлатул-Исраа’а, 285-хадис, 90-бет, «Даар-ус-Салаам» – Ар-Риёз)

Азирети Аиша(ра) мындай айтат:

Ман заъама анна Мухаммадан саллаллааху алайхи ва саллама раа'а Раббаху фа-кад аъзама алаллаахил-фирята авалам тасмаъ анналлааха йакуулу: лаа тудрикухул-абсаару ва хува йудрикул-абсаар. («Сахих Муслим», Китаабул-иймаан)

Ман заъама анна Мухаммадан саллаллааху алайхи ва саллама раа’а Раббаху фа-кад аъзама алаллаахил-фирята авалам тасмаъ анналлааха йакуулу: лаа тудрикухул-абсаару ва хува йудрикул-абсаар. («Сахих Муслим», Китаабул-иймаан)

Кимде-ким Мухаммад(сав) өз Раббисин көрдү деп ойлосо, ал Алла таалага каршы жалаа жапкан болот… Сен Алла таала: «Көздөр Ага жете албайт, тескерисинче Ал көздөргө жетет», – деп айтканын уккан жоксуңбу?» («Муслим», Китаабул-Ыймаан, Баабу маънаа каулиллаахи азза ва жалла (ва лакад раа’аху назлатан ухраа) ва хал раа’ан-Набийсав Раббаху лайлатул-Исраа’а, 287хадис, 90-бет, «Даар-ус-Салаам» – Ар-Риёз)

МЕККЕ КААПЫРЛАРЫНЫН ТАЛАБЫ

 Мекке каапырлары Мухаммад Пайгамбар(сав)дан: «Эгер сиз асманга чыгып, биз үчүн бир китеп алып келсеңиз, ошондо биз сизге ыйман келтиребиз», – деп талап кылышты. Ошондо Алла таала мындай деди: «Алла таала мына ошондой нерселерден таза», – деп аларга айтып кой». Тагыраак айтканда, Ал эч качан бир инсанды денеси менен асманга көтөргөн эмес жана мен болгону бир инсан-элчимин. Ошондуктан, эгер Азирети Иса(ас)дын денеси менен асманга көтөрүлүшү деген ишенимди кабыл кылсак, анда ал инсан да, элчи да эместигин кабыл алууга аргасыз болобуз.

Ау йакууна лака байтун мин зухруфин ау таркаа фис-самаааи ва лан ну'мина ли-рукиййика хаттаа туназзила алайнаа китаабан накрауху кул субхаана Раббий хал кунту иллаа башарар-расуулаа. (17:94)

Ау йакууна лака байтун мин зухруфин ау таркаа фис-самаааи ва лан ну’мина ли-рукиййика хаттаа туназзила алайнаа китаабан накрауху кул субхаана Раббий хал кунту иллаа башарар-расуулаа. (17:94)

Котормосу: же өзүңө алтындан салынган кандайдыр бир үй болмоюнча, же сен асманга көтөрүлмөйүнчө. Бирок сен бизге (асмандан) биз окуй алчудай (бир) китеп түшүрмөйүнчө, биз сенин көтөрүлгөнүңө дагы такыр ыйман келтирбейбиз. Айткын: «Раббим (ушул нерселерден) таза (жана) мен болсо, болгону бир адам-пайгамбармын». (17:94)

Хараам мечитинде уктап жаткан эле, ойгонгондо да ошол эле жерде болчу

«Сахих Бухарийде» жазылган төмөнкүдөй хадис ушул баардык көрүнүш руханий экенин ачык-айкын далилдеп көрсөтүүдө. Аталган хадистин башында айтылды: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) «Хараам» мечитинде уктап жаткан эле. Анын көздөрү жумулган болчу, бирок жүрөгү ойгоо эле. Анан ал хадис төмөнкүдөй сөздөр менен соңуна чыгат: «…анан Пайгамбар(сав) ойгонуп кетти жана ал «Хараам» мечитинде болчу». Демек, бул нерсе далилденет: ушул баардык көрүнүштү ойгоо абалында болгон жүрөгү көргөн эле, көздөрү эмес, ал эми көздөрү уктап жаткан болчу.

Ва хува нааимун фил-Масжидил-Хараами... йараа калбуху ва танааму айнуху валаа йанааму калбуху... вас-тайказа ва хува фил-Масжидил-Хараами. («Сахих ал-Бухарий», Китаабут-Таухийд)

Ва хува нааимун фил-Масжидил-Хараами… йараа калбуху ва танааму айнуху валаа йанааму калбуху… вас-тайказа ва хува фил-Масжидил-Хараами. («Сахих ал-Бухарий», Китаабут-Таухийд)

Котормосу: … ал(сав) «Хараам» мечитинде уктап жаткан болчу… ал(сав)дын жүрөгү көрүп, ал эми көздөрү уктап жаткан, ал эми жүрөгү уктабайт эле… ал(сав) ойгонгондо, «Хараам» мечитинде эле болчу». «Бухарий», Китаабут-Таухийд, Баабу маа жаа’а фий каулихий азза ва жалла (ва калламаллааху Мусаа таклиймаа), 7517-хадис, 1295-1296-бет)

Анын денеси кайып болгон эмес

 Азирети Аиша(ра) Алла тааланын атынан касам ичип мындай деп айтат: «Мираажда Пайгамбар(сав)дын денеси кайып болгон эмес».

Валлаахи маа фукида жасада Расуулиллаахи саллаллааху алайхи ва саллама валаакин урижа би-рухихий. («Ал-Кашшааф», тафсир суратул-Исраа, 2-том, 606-бет)

Валлаахи маа фукида жасада Расуулиллаахи саллаллааху алайхи ва саллама валаакин урижа би-рухихий. («Ал-Кашшааф», тафсир суратул-Исраа, 2-том, 606-бет)

Аллага касам! (Мираажда) Пайгамбар(сав)дын денеси кайып болгон эмес, тескерисинче анын руху аркылуу Мирааж болгон эле. Ал-Кашшааф» «Ал-Исраа» сүрөөсүнүн тафсири, 2-том, 606-бет)

Share via