Тахажжуд намазына ойгонуунун он үч ыкмасы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Тахажжуд намазына ойгонуунун он үч ыкмасы

Тахажжуд намазы

Убада Кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 2-халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад(ра) Тахажжуд намазын аткаруу үчүн ойгонуунун кээ бир абдан пайдалуу жана кызыктуу ыкмаларынан сөз кылган, аларды назарыңыздарга асунуш кылуу бактысына ээ болуудабыз. Тахажжуд намазын аткарууну каалаган, бирок ага тура албай калган ар бир момун-мусулман аларды пайдаланып, түнкүсүндө ойгонуп, Алла тааланын алдына жыгылып, Анын ыраазычылыгына татыктуу болоор деген үмүттөбүз.

Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад(ра) мындай деп айтат:

«Менин назарымда түнчүндө ойгонууга жардамчы боло ала турган ыкмалар – он үч. Эгер бирөө ушуларга амал кылса, Алла тааланын берешендиги менен сөзсүз ийгиликтүү болот деп мен бекем ишенем. Башында ар бир иште кандайдыр бир кыйынчылыктар туш келет, бирок акыр-аягында алар аркылуу сөзсүз ийгиликтүүлүк насип этилет. Мен айта турган нерселердин баары Курани каримден жана хадистен эле алынган, аларды айтып берем, өзүмдүн жеке оюмду айтып бербейм. Бирок бул Алла тааланын мага болгон өзгөчө берешендиги: ал сырлар мага эле ачылган, башкаларга ачылбай көмүскө бойдон эле калган. Эгер убакыт тарлыгы кылбаганда, мен ушул нерселерге байланыштуу Курани каримдин аяттарын жана хадистерди да айтып бермекмин, бирок азыр алардын жыйынтыктарын гана айтып берем.

Биринчи ыкмасы

Биринчи ыкмасы төмөндөгүдөй: Алла таала жаратылышта ушундай эреже-мыйзамды жараткан: кандайдыр бир нерсе жаралган убагы кайталанган учурда ал нерседе кандайдыр бир толкундануу пайда болот. Буга арбын мисалдарды тапса болот. Мисалы, адам бала чагында кайсы бир ооруу менен ооруган болсо, жаш балага окшоп калган карылыгында ошол эле оору кайтып келет. Ушул эле нерсе бак-дарактарда жана куштарда дагы кезигет. Ушул мыйзамдан түндө ойгонууга төмөндөгүдөй пайдаланса болот: куптан намазынан кийин бир аз убакытка чейин зикир чалсын. Анын төмөнкүдөй пайдасы болот: ал канча убакыт зикир чалса, таң атаарга ошончо убакыт калганда зикир чалуу үчүн ал ойгонуп кетет.

Экинчи ыкмасы

Экинчи ыкмасы бул: куптан намазын аткарган соң эч ким менен сүйлөшпөсүн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) дагы куптан намазын окуган соң сүйлөшүүлөрдөн кайтарган. Кээ бир учурларда ал(сав)дын сүйлөшкөндүгү далилденген болсо да, негизинен ал(сав) тыюу салган. Мунун себеби: эгер куптан намазынан кийин сүйлөшүүлөр башталып калса, анда адам баласы узакка уктабай отура берип, эртең менен кеч ойгонот. Экинчиси, эгер ошол сүйлөшүүлөр руханий жана диний болбосо, анда алардын айынан анын көңүл-дити динден бөлүнүп кетет. Мына ушундан улам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) куптан намазынан кийин бири-бири менен сүйлөшпөй уктоо керек, натыйжада диний ойлор менен уктап, эрте таңда ойгонуп калсын деп айткан. Кеңсе жумуштарын же кандайдыр бир башка ишти куптан намазынан кийин жасоого тыюу салынган эмес, бирок ошондой болгон учурда уктоодон мурун зикир чалуусу зарыл. Бул экинчи ыкма.

Үчүнчү ыкмасы

Үчүнчү ыкмасы бул: кимдир бирөө куптан намазын аткаргандан кийин уктамакчы болгондо, анын даараты бузулбаган болсо да, жаңыдан даарат алып, анан төшөккө жатсын, мунун таасири жүрөккө тийет жана аны менен кандайдыр бир өзгөчө күч-кубат пайда болот. Жаңыдан алган даараттын себебинен пайда болгон күч-кубат ахвалында уктаган адам ойгоноордо дагы күч-кубат ахвалында гана болот. Жалпысынан байкалган нерсе: эгер кимдир бирөө ыйлаган бойдон уктаса, анда ал киши кыйкырып ойгонот. Ал эми эгерде күлүп туруп уктаса, анда ойгоноордо да жүзү ачык болот. Дал ошондой даарат алып, бакубат уктаган бирөө ойгонгондо да бакубат ойгонот. Ошентип, ойгонууда ага жардам болуп калат.

Төртүнчү ыкмасы

Төртүнчү ыкмасы бул: уктаарда кандайдыр бир зикир окуп жатсын. Натыйжада, түндө зикир кылуу үчүн кайрадан туруп кетет. Мына ушундан улам гана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) дагы ошондой зикир кылчу. Аятул-Курсий (2:256) деген аятты окуп, анан үч {قُلْ} «кулду» (айт) бир жолунан окуп, өз колдоруна үйлөп, колдору менен бүтүн денесин сүйкөчү. Үч жолу мына ошондой кылчу, анан оң жакка жүзүн каратып, төмөндөгүдөй дубаны окучу:

Аллаахумма асламту нафсий илайка, ва важжахту важхий илайка, ва фаввазту амрий илайка, вал-жа'ту захрий илайка, рагбатан ва рахбатан илайка, лаа малжа′а валаа манжаа′а минка иллаа илайка. Ааманту би-Китаабикаллазий анзалта ва Набиййикаллаазий арсалта.

Аллаахумма асламту нафсий илайка, ва важжахту важхий илайка, ва фаввазту амрий илайка, вал-жа’ту захрий илайка, рагбатан ва рахбатан илайка, лаа малжа′а валаа манжаа′а минка иллаа илайка. Ааманту би-Китаабикаллазий анзалта ва Набиййикаллаазий арсалта.

Котормосу: эй, Алла! Мен өз жанымды Сага тапшырдым жана көңүлдитимди Сага караттым, ошондой эле бүтүн мамилемди Сага тапшырдым жана Сага шыктаныптартылып жана Сенден кооптонуп, Сени өзүмө тирөөч кылдым. Сенден башка эч бир баш паанек жана кутулуу жайым жок. Мен Сен түшүргөн Китебиңе жана Сен жөнөткөн Пайгамбарыңа ыйман келтирдим. («Сахий Бухарий», Китаабуд-Даъваат)

Ар бир момун-мусулман дал ошондой кылуусу керек. Анан төшөккө жатып, ушул ахвалда уктап калышына чейин ичинен

Субхааналлаахи ваби-хамдихий Субхааналлаахил-аъзийм

Субхааналлаахи ваби-хамдихий Субхааналлаахил-аъзийм

(Өзүнүн мактоо-алкоосу менен Алла – Ыйык жана Улук Алла – Ыйык («Сахий Бухарий», Китаабул-иймаани ван-нузур) деген сөздөрдү же кандайдыр бир башка зикирди кылып жатуусу керек. Анткени, адам баласы кандай ахвалда жатса, жалпысынан түн бою ошол эле ахвалды башынан өткөрөт. Ошондуктан, зикир чалып, Алла таалага мактоо-алкоо айтып уктаган адам түн бою ошондой ахвалда болот. Карагыла, эгер аялдар же жаш балдар кандайдыр бир кайгы-капачылык жана оор ахвалда укташса, анда уктап жатып башка жагына оодарылганда оор жана чочуган үндөрдү чыгарышат, себеби уктаарда аларга жеткен кайгы-капачылыктын таасири болот. Бирок эгер бирөө тасбех (Аллага мактоо-алкоо айтуу) айткан бойдон уктаса, ал башка жакка жанбаштаганда, анын тилинен тасбех деген үн гана чыгат. Мына ошондон улам гана Курани карим момундарга төмөндөгүдөй аныктама берет:

Татажаафаа жунуубухум анил-мазаажиъи йадъууна Раббахум хауфан ва тамаъан ва миммаа разакнаахум йунфикуун.

Татажаафаа жунуубухум анил-мазаажиъи йадъууна Раббахум хауфан ва тамаъан ва миммаа разакнаахум йунфикуун.

Котормосу: алардын капталдары төшөктөрдөн ажырап, алар коркунуч жана үмүт менен Алла таалага дуба кылышат жана Биз аларга тартуулаган нерселерден сарп кылышат (32:17).

Сыртынан караганда ушул ой-пикир дурус эмес көрүнөт, себеби Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) да уктачу эле, башка момун-мусулмандар да укташат. Негизинен, анын мааниси төмөндөгүдөй: алар таспех айткан бойдон укташкандыгы үчүн алардын уйкусу «уйку» деп саналбайт, тескерисинче таспех эле болуп саналат. Алар укташса да, чындыгында алар укташпайт. Алардын белдери төшөктөрдөн бөлүнүп турат жана алар Алла тааланы эскерүү менен алектенип турушат.

Бешинчи ыкмасы

Бешинчи ыкмасы бул: уктаарда Тахажжуд намазы үчүн сөзсүз ойгоном деп бекем ниет кылынсын. Алла таала адамдын ичинде ушундай жөндөмдүүлүктү жараткан: ал күчтүү басым менен өзүнүн напсисине кандайдыр бир буйрук бергенде, ал (напсиси) моюн сунат. Бул бардык даанышмандар кабыл кылып келген нерсе. Демек, силер уктаарда Тахажжуд намазына сөзсүз ойгонобуз деп бекем ниет кылгыла. Мына ушундайларды кылуу менен силер уктап калсаңар да, бирок силердин рухуңар (жаныңар) баланча убакта ойгонууга мага буйрук берилген деп ойгонуп турат. Ошентип, так убакта силер ойгонуп кетесиңер.

Алтынчы ыкмасы

Алтынчы ыкмасы ушундай: аны пайдаланууга мен ыйманым өтө эле бек деп ойлогон адамга гана мен уруксат берем. Ал төмөндөгүдөй: ал витр намазын куптан намазы менен чогуу окубасын, тескерисинче аны Тахажжуд намазы маалында окууга калтырсын. Адам баласында кезигүүчү жалпы көрүнүш бул: ал айрыкча парыз намазын аткара берет, бирок нафыл намазын аткаруу боюнча кош көңүл болуп калат. Ошентип, нафыл намаздарына (витр) важип кошулуп калганда, аны аткармайынча анын руху (жаны) такыр тынч болбойт. Натыйжада, ал нафылдарды аткаруу боюнча жалкоолонбойт. Бирок эгер (витр) важыпты окуган болсо жана Тахажжуд маалында ойгонуп калса дагы, анын напсиси: «Витр (важыпты) окуганмын, нафылдарды окубасам да боло берет деп айтып коёт. Ал эми виртди да окушум керек деген ой болгондо, сөзсүз ойгонуп кетет. Анан качан ойгонгондо, нафыл намазын да окуп алат. Бирок жогоруда мен айткандай, бул үчүн ыймандын бекем болушу деген шарт бар. Эгер ыйманы бекем болсо, анда витр намазы үчүн сөзсүз ойгонот, болбосо витр намазын аткаруудан да куру-жалак калат.

Жетинчи ыкмасы

Жетинчи ыкма дагы руханийлик боюнча оозуп кеткендерге эле тиешелүү. Ал төмөндөгүдөй: куптан намазынан кийин нафыл намазын окуй баштасын жана намаздын өзүндө эле уйку келгиче окуй беришсин. Адам чыдай албай турган даражада катуу уйку келген убакта уктасын. Буга көбүрөөк убакыт кеткенине карабай, эрте таңда ойгонуп кетет. Бул руханий «денелик тарбия» деп эсептелинет.

Сегизинчи ыкмасы

Сегизинчи ыкма – бул суфийлердин арасында кеңири тараган ыкма. Мен анын муктаждыгын сезген жокмун, ошентсе да ал пайдалуу. Ал төмөндөгүдөй: кайсы күндөрдө көбүрөөк уйку келсе жана өз убагында тура албаса, анда жумшак төшөктү алып салсын.

Тогузунчу ыкмасы

Тогузунчу ыкмасы бул: уктоодон бир канча саат мурунураак тамак ичилсин. Тагыраак айтканда, шамга чейин же шам намазынан кийин дароо тамактанып алсын. Көпчүлүк учурда ушундай болот: адамдын руху (жаны) бакубат болот, ал эми денеси аны жалкоо кылып коёт. Дене рухка жабышып калган кандайдыр бир «моюнтурук», качан ушул «моюнтурк» оор болуп калса, анда рухту (жанды) жеңип кетет. Демек, уктаарда ашказан тойгон болбошу керек, анткени ал жүрөккө катуу таасир тийгизет жана адамды жалкоолонтот.

Онунчу ыкмасы

Онунчу ыкмасы бул: кечинде адам уктаарда жунууб (жубайы менен жыныстык катнашта болгон адам) да болбосун же ага кандайдыр бир булганыч да жабышпаган болсун. Негизинен, тазалык менен периштелердин күчтүү алакасы бар, алар кир адамдын алдына барышпайт, тескерисинче алыстап кетишет. Ошондуктан, бир жолу бир жыты бар нерсе Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га жегени алып келингенде, ал(сав) сахаабалар(ра)га: «Силер жей бергиле, мен жебейм», – деп айткан. Сахаабалар: «Биз дагы жебейбиз», – дешти, ал(сав): «Силлер жейбергиле, мени менен периштелер сүйлөшүшөт, ошон үчүн мен жебейм, анткени алар ушундай нерселерден качышат», – деп айткан.

Кыскасы, булганычты периштелер такыр жактырышпайт. Убада Кылынган Мессия жана Махдий(ас)дын 1-халифасы Азирети Мавлана Нуруддин(ра) мындай деп айтып берген: «Бир жолу мен тамак ичкен соң колдорумду жуубай уктап калдым. Түшүндө агамды көрдүм, ал киши мага Курани каримди карматмакчы болот, бирок мен кармамакчы болгонумда, ал киши: «Кармаба, сенин колдоруң таза эмес», – деп айтты. Демек, дененин таза болушу жүрөккө терең таасир кылат. Таза ахвалда уктаган адамды периштелер келип ойготушат. Бирок эгерде таза болбосо, анда алар жакындашпайт. Бул ыкма дененин тазалыгына таандык.

Он биринчи ыкмасы

Он биринчи ыкмасы бул: төшөгү таза болсун. Көптөгөн адамдар буга көңүл бурушпайт. Бирок эстериңерде болсун, төшөктүн тазалыгынын руханийлик менен өзгөчө алака-байланышы бар. Ошондуктан, буга өзгөчө көңүл буруу керек.

Он экинчи ыкмасы

Он экинчи ыкмасы ушундай ыкма: жалпы эл ага амал кылгандыгы үчүн зыян көрүүсү мүмкүн. Ооба, өзгөчө адамдар үчүн зыяндуу эмес жана ал (ыкма) мындай: жубайлар бир төшөккө жатышпасын. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) уктачу, бирок ал(сав)дын шан-шөөкөтү өтө эле бийик жана жогору. Ал(сав)га анын эч кандай таасири болбойт эле, бирок башка адамдар андан сак болуулары керек. Негизинен, денелик-жыныстык курмардануунун таасири канчалык күчтүү болсо, ал ошончолук руханийликти токтотуп салат. Мына ошондон улам Ислам шарияты мындай деп айткан: «Жеп-ичкиле, бирок чектен чыкпагыла». Эмнеге чектен чыкпагыла деп айтылган? Себеби, жыныстык кумардануу күч алганда, руханийликке зыян келтирет. Демек, өз напсилигин контролдой ала тургандар эгерде чогуу жатышса, эч зыян жок, бирок жалпы адамдар мындан сак болуулары керек. Өз ойлорун бүтүндөй багынта албай тургандар чогуу уктабоолору керек. Ушинтип, аларга жыныстык ойлор келе берет. Кээде ушундай да болот: алар уктап эле жыныстык катнашка өтүп алышат же өбүшө башташат. Ошентип, руханийликке тетири таасир болуп, ойгонууда жалкоолонуп кетишет.

Он үчүнчү ыкмасы

Он үчүнчү ыкмасы ушунчалык мыкты: ага амал кылуу Тахажжуд намазына турууга эле жардамчы жана көмүкчү болбостон, ага амал кылуу менен адам башка жамандыктар жана жаманчылыктардан да сактанып калат. Ал ыкма бул: уктоодон мурда жүрөгүбүздө кимдир бирөө жөнүндө кектик же кастык жокпу деп байкообуз керек. Эгер бар болсо, анда аны жүрөктөн айдап салуу керек.

Анын төмөндөгүдөй натыйжасы чыгат: рухтун таза болгондугунун себебинен Тахажжуд намазына ойгонуу күч-кубаты насип этилет. Мына ошондой ойлор аны кайрадан өзүнө тартса да, бирок кечкисин уктоодон мурда ошол ойлорду сөзсүз айдап салуусу керек, жана жүрөктү бүтүндөй бошотуп алуусу керек. Мында эмне зыян бар: эгерде кимдир бирөө мына ошондой ойлордо дүйнөлүк пайдалар бар деп ойлосо, анда өз жүрөгүнө: «Азыр айдап сал, күндүзү кайрадан эстеп аласың», – деп айтсын. Түндө уктаарда бирөө менен салгылашуу керекпи, ошон үчүн аларды жүрөктө кармап туруу зарылбы? Биринчиден, эгер адам бир жолу кайсы бир ойдун тамырын кесип салса, ал кайрадан келбейт; экинчиден, ушул сыяктуу ойлорго ээ болуу менен адамга келе турган зыяндан адам сактанып калат. Бул кандайдыр бир далилденген нерсе: кайсы бир нерсе башка нерсе менен канчалык көп мөөнөт бирге турса, ошончолук көп ага өз таасирин тийгизет. Мисалга, эгерде губканы сууга малып, анан тездик менен кандайдыр бир нерсеге сүйкөлүп, анан алынса, анда ал жер аз гана нымдуу болот, бирок эгерде узак мөөнөткө чейин ал нерсеге коюлса, анда ал аябай эле ным болуп кетет. Дал ошондой кайсы ойлорду адам узакка ойлосо, алар анын жүрөгүнө терең сиңип кетет. Уктаарда кайсы ойлор адамдын жүрөгүндө болсо, аларды анын руху түн бою кайталап турат. Эгер күндүзү ошондой ойлордун бирөөсү болсо, ал түн маалындагы ойдогудай зыяндуу болбойт. Анткени, күндүзү башка жумуштар менен алектенгендиги себептүү аны эстен чыгарат, ал эми түндө улам-улам келе берет. Ошондуктан, эгерде уктаарда кандайдыр бир жаман ой келсе, ал жүрөккө катуу кирип кетпеши үчүн аны айдап салуу керек. Анткени, эгер ал катуу кирип кетсе, анда аны айдоо кыйын болуп калат. Анан эгерде түндө адамдын жаны чыгып кетсе, анда ошол жаманчылык ойдон тобо кылуунуун учуру да табылбай калат. Ошондуктан, өз напсисин коркутуу керек. Анан бир жолу ошол ой чыгып кетсе, анда адам андан кутулуп калат. Кыскасы, уктаарда өз напсисинде жаман ойлордун туруусуна жол бербөө керек. Качан кимдир бирөө мына ушундай өз жүрөгүн тазалап, анан уктаса, анда Тахажжуд намазы үчүн ойгонуу күч-кубаты ага сөзсүз берилет». («Зикр-э-Илахий», «Анваарул-Улуум», 3-том, 511-517-бет)

Share via