Ахмадиянын Жетекчиси Курман айт кутбасын Исламабадда окуду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадиянын Жетекчиси Курман айт кутбасын Исламабадда окуду

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Курман айт кутбасын Исламабадда окуду

Ал Азирети мындай деди: Ахмадий мусулмандар Азирети Ибрахим (алайхиссалам) жана анын үй-бүлөсүнөн сабак алышы керек, алардын курмандыктары курман айт күнү белгиленет.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Азирети Мырза Масрур Ахмад Курман айт кутбасын 2020-жылдын 31-июлунда Тилфордго караштуу Исламабаддагы «Мубарак» мечитинен окуган.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам

«Коомчулуктан алыстоо эрежелеринин» себебинен «Мубарак» мечитинде бир нече Ахмадий мусулмандар гана айт намазын окуй алышкан, бирок дүйнө жүзүндөгү миллиондогон Ахмадий мусулмандар Бүткүл дүйнөлүк (MTA International) телеканалы аркылуу түздөн-түз өздөрүнүн Халифасынын курман айт кутбасын угуп, алардын руханий лидери алып барган дубага кошула алышкан.

Аталган кутбанын аралыгында Ал киши Азирети Ибрахим (алайхиссалам) жана анын уулу Ысмайылдын курмандыктарын эстеген, анда Азирети Ибрахим (алайхиссалам) өзүнүн уулу Ысмайылды Алла Таала үчүн курмандыкка чалууга даяр болгон жана анын уулу дагы макул болгон.

Ал Азирети бул окуя Курани Каримде жазылгандыгын жана курмандыктын эң жогорку үлгүсү катары түбөлүккө сактала тургандыгын айтты.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам

Алардын үлгүлөрүнө токтолуп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул Курман айт майрамын белгилеп, анын келишин жөн гана майрам жана кубаныч күнү деп күткөн адамдар көп. Алар башкаларды таасирлентүү үчүн жана кубанычтын белгиси катары гана жаныбарларды курмандыкка чалышат. Ал эми чыныгы момун-мусулман адам Ибрахим пайгамбар менен Ысмайыл (алайхимуссалам)дын курмандыктарын жана анын рухун эскерип, андан сабак алат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп кошумчалаган:

«Албетте, алардын курмандыгы жөнүндө укканыбызда же окуганыбызда биз сезимдерге толуп, көздөрүбүз жаштарга толуп кетет. Бирок, мунун өзү эле жетиштүү эмес, ал эми «мен Алла Таала үчүн бардык курмандыктарды кылууга даярмын» деген убадабызды аткарып жатканыбызды текшеришибиз керек».

Ал Азирети мындай деди: Аллах Таала акыры пайгамбар Ибрахим (алайхиссалам)ды өз уулун курмандыкка чалуудан тыйган жана анын ордуна Курани Каримдин 37-сүрөөсүнүн 106-аятында төмөндөгүдөй сүйүнчүлөгөн:

«Албетте, сен түшүӊдү ишке ашырдыӊ. Албетте, изги иштер кылуучуларды Биз мына ушундай сыйлайбыз». (37:106)

Ал Азирети мындай деди: Азирети Ибрахим (алайхиссалам)дын үй-бүлөөсүнүн курмандыгы ушуну менен эле бүтпөйт, жок чыныгы ишеним жана курмандыктын жаңы доору башталып, Азирети Ыйсмаил (алайхиссалам)дын апасы Аазрети Хажра Алла Таалага болгон чыныгы ишенимдүүлүгү жана тообокелин көрсөтөт.

Ал Азирети Алла Тааланын буйругуна ылайык, Азирети Ибрахим (алайхиссалам) аялы менен уулун Мекке чөлүндө бир аз курма жана суу менен таштап кетет.

Ушул сыноого кабылганда, Аазрети Хажра күйөөсүнөн бизди Алла Тааланын буйругу менен таштап кетип жатасызбы деп сураган. Азирети Ибрахим (алайхиссалам) ырастагандай кылып жооп берген.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам

Азирети Мырза Масрур Ахмад анын такыба жана асыл реакциясын мындай деп баяндады:

«Аазрети Хажра Алла Таалага толук бойдон ишенип жана Ага тобокел кылып, эгер Алла Тааланын буйругу менен бизди таштап жаткан болсоңуз, анда Ал биздин кыйрашыбызга жол бербейт, сиз каалаган жакка барсаңыз болот деп жооп берген».    

Аллах Таала алардын курмандыктары үчүн берген теңдешсиз сыйлык жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Тарых Алла Таала Азирети Хажранын ыйманын кандайча сыйлагандыгын жана аны менен анын уулун таштабаганын күбөлөндүрөт, ал гана эмес, алар үчүн укмуштуу бир улут пайда болуп, алар ушундай улуу сый-урматка ээ болушкан, эӊ улуу Пайгамбар, пайгамбарлардын мөөрү, Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын арасынан чыгып, бардык адамзат үчүн Пайгамбар болгон».

Азирети Мырза Масрур Ахмад Азирети Ибрахим (алайхиссалам) жана анын үй-бүлөсүнүн чексиз курмандыктары жөнүндө ой жүгүртүп мындай деди:

«Адам баласы Ибрахимдин үлгүсүн туурап, Аллах Таалага болгон берилгендик деңгээлин көтөргөндө гана Алла Тааланын кут-берекелерине ээ болот. Аялзаты Азирети Хажра көрсөткөн стандартты тууроого аракет кылганда гана, ал Алла Тааланын кут-берекелерине ээ болот. Чындыгында, бир жаш адам Азирети Исмаил (алайхиссалам)дын үлгүсүнөн сабак алууга аракет кылса, ал Аллахтын мээримдүүлүктөрүнө мурасчы болот. Чыныгы айт ошол күнү эле болот».

Ал Азирети Айт кутбасынын акырында кыйынчылыктар жана оорчулуктарга дуушар болгон бардык Ахмадий мусулмандар үчүн дуба кылууга чакырды.

Ал Азирети Ахмадий мусулмандарды Африканын айрым жерлеринде, Пакистанда жана башка жерлерде диний куугунтукка дуушар болгондор үчүн чын жүрөктөн дуба кылууга чакырды.

Ал Азирети Курман айт майрамында жаныбарларды курмандыкка чалуу негизги диний салтты экстремисттер Пакистанда жашаган Ахмадий мусулмандарга тыюу салуу керек деген талапты коюп жатышкандыгын айтып берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жыл сайын ушундай болуп турса да, бул жолу Пакистанда бизди куугунтуктагандар бийликке Курман айтынын учурунда малды курмандыкка чалуу деген исламдык вазыйпасын аткарууну көздөгөн Ахмадий мусулмандарга каршы кылмыш ишин козгоого басым жасоого өзгөчө аракет жасашууда. Биз ушул Ислам милдетин аткарууну көздөп жаткандыгыбыз үчүн алар Ахмадий мусулмандардын бардыгын жазалаш керек деп басым көрсөтүшүүдө. Аллах Таала Ахмадий мусулмандарды ушундай бузуку адамдардын жамандыгынан сактасын!»

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам

Ал Азирети кутбасын тынч алып барган дубасы менен аяктады.

Ушул жылы Курман айт күнү жума күнүнө туура келип калгандыгы үчүн, кийинчерээк Ал Азирети жумалык жума кутбасын «Мубарак» мечитинен окуп, анда Пакистанда адамдардан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ысымын «Хаатамун-Набиййин» (Пайгамбарлардын мөөрү) менен жазууну талап кылган жаңы мыйзам жөнүндө сөз кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул адамдар, адамдардан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ысымынын жанына «Хаатамун-Набиййин» деп жазууну талап кылып, чоң ийгиликке жетиштик деп ойлошот жана муну менен Ахмадий мусулмандардын жолунда кандайдыр бир тоскоолдуктарды жараттык деп ойлошот. Алар акыйкатты билишпейт, себеби биз, Ахмадий мусулмандар «Хаатамун-Набиййиндин» (Ага Аллахтын тынчтык жана салаваттары болсун) теңдешсиз даражасын чындап түшүнөбүз жана ушул түшүнүккө Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын окуулары аркылуу гана жетишкенибизди билишпейт».

Share via