Пакистандын Пешавар шаарында бир Ахмадий мусулман шейит болду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Пакистандын Пешавар шаарында бир Ахмадий мусулман шейит болду

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 шейит

Кайгылуу: Чын ыкластуу Ахмадий мусулман Мераж Ахмад Пешаварда шейит кылынды

Бир Ахмадий мусулман Мераж Ахмад кечээ Пешаварда диний кастыктан улам шейит кылынды

Бир топ мөөнөттөн бери Ахмадийлерге каршы үзгүлтүксүз болуп жаткан жек көрүүчүлүктүн күчөшүнө байланыштуу Ахмадийлер өзүлөрүн коопсуздукта сезип келишет

Кээчө, 12-августка караган түнү саат 9:30 чамасында бир Ахмадий мусулман Мераж Ахмад Ахмадий болгондугу үчүн Пешаварда шейит кылынды. Ал 61 жашта болчу. Ал өзүнүн медициналык дүкөнүн (даарыканасын) жапкандан кийин үйүнө кетип баратканда, белгисиз бирөөлөр аны атып кетишкен. Расмий иш-чаралары аяктагандан кийин, ал Рабвах шаарына коюлду. Жүздөгөн аза күтүүчүлөр өкмөттүн мыйзам-эрежелерин эске алышып, анын жаназасына катышышты. Анын артында жесир аялы, 3 уулу жана 1 кызы калды.

Анын үй-бүлөсү Ахмадий мусулман болгондугу үчүн көптөн бери кыйналып келген жана социалдык медиада аларга карата жек көрүүчүлүк пропагандасы болуп келген. Мераж Ахмаддын Ахмадий мусулман болгондугуна байланыштуу жумушчулар анын дүкөнүндө иштөөдөн баш тартышкан.

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын» расмий өкүлү Салимуддин ушул мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн кескин айыптап, бул окуя диний жек көрүүчүлүктүн натыйжасы экенин атады. Анын айтымында, тилекке каршы, минбар жана михрабдан тынчтык жана ынтымактын ордуна, жек көрүүчүлүккө чакырылып, бүткүл өлкө боюнча «Хатм-э-Нубувваттын» ыйык ысымына арналган митингдер өткөрүлүп, Ахмадийлерге каршы зордук-зомбулуктар уюштурулуп жатат. Ахмадийлерге каршы жек көрүүчүлүк өнөктүгү акыркы убактарда күчөп, күнөөсүз Ахмадийлердин өмүрүнө жана мал-мүлкүнө коркунуч келтирди. Анын айтымында, мамлекеттик мекемелер Ахмадийлерге каршы жек көрүүчүлүк сөздөрүн жана жазууларды токтото албай жаткандыгы аз келгенсип, алардын атайын көз жумуп отургандыгы күнөөсүз Ахмадийлердин өмүрүн алып жаткан экстремисттик элементтерге дем берди. «Ахмадия Мусулман Жамаатынын» расмий өкүлү Мераж Ахмадды өлтүргөндөрдү тезинен кармап, мыйзам боюнча катуу жазалоону талап кылды. ###

Чектеш темалардын мазмуну
Share via